Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-февралы № 95
Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибин бекитүү тууралуу
Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо жол-жобосун оптималдаштыруу максатында, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2018-жылдын 20-мартындагы № 41 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо, токтотуп туруу, калыбына келтирүү жана колдонууну токтотуу тартибине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана уюмдарынын маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору жөнүндө жободо:
- 12-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- курамында сыноо лабораториялары иштеген сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин айрым техникалык регламенттери боюнча шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү;".
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору:
- ай сайын сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдар тарабынан катталган Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларга мониторинг жүргүзсүн;
- Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө укук алган сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдардын актуалдаштырылган тизмесин жана Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүүгө укугу чакыртып алынган сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдардын тизмесин өзүнүн сайтына жана техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын сайтына жайгаштырсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 15 (3671) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |