Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 95 токтомуна) |
Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартиби (мындан ары - Тартип) жол-курулуш багытындагы продукциялардын, курулуш материалдарынын, буюмдардын жана конструкциялардын, техникалык байланыш каражаттарынын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоону кошпогондо, менчигинин түрүнө карабастан продукцияны сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга (мындан ары - сертификаттоо боюнча орган) Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин (мындан ары - Бирликтин регламенти) талаптарына продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияны каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибин белгилейт.
2. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган катары Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (мындан ары - СМБ) чечими боюнча, Бирликтин айрым техникалык регламенттери боюнча курамында аккредиттелген сыноо лабораториялары иштеген сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук берүүгө уруксат берилет.
3. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук, иштин билдирилген тармактарында продукцияларды, процесстерди, кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, монтаждоо, сатуу же тейлөө менен алектенбеген сертификаттоо боюнча органга берилет.
Продукцияны сертификаттоо боюнча орган өз ара аракеттенген айрым юридикалык жактардын же өзү бөлүгү болуп саналган юридикалык жактын иши шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо боюнча анын ишинин калыстыгына коркунуч келтирбешин камсыз кылууга тийиш.
2-глава. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо укугуна талапкер продукцияларды сертификаттоо боюнча органдарга карата талаптар
4. Сертификаттоо боюнча органдын иши техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
5. Сертификаттоо боюнча орган төмөнкү критерийлерге шайкеш келиши керек:
1) аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан берилген 2 жылдан кем эмес жарактуу аккредитациялоо аттестатынын болушу жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилиши керек;
2) Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Кеңешинин 2018-жылдын 5-декабрындагы № 100 чечими менен бекитилген Шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды (анын ичинде сертификаттоо боюнча органдарды, сыноо лабораторияларын (борборлорду) Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизүү, ошондой эле аны түзүү жана жүргүзүү тартибинин талаптарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 "Кыргыз Республикасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарды Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринин улуттук бөлүгүнө киргизүү/чыгаруу жөнүндө чечимдерин кабыл алуунун тартиби жана негиздери жөнүндө жобого жана ушул Тартипке шайкеш келүүсү;
3) аккредитациялоо боюнча орган тарабынан берилген аккредитациялоо аттестатынын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде аккредитациялоо аттестатынын жарактуулугун токтото туруунун/жокко чыгаруунун, Бирликтин Шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестринен чыгарып салуунун, Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны Бирликтин алкагында жүгүртүүгө чыгарууга алып келген аныкталган бузуулардын жоктугу, ошондой эле шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо укугуна өтүнмө берген учурда жыл ичинде продукциянын шайкештигин тастыктоо жол-жоболорун бузууларынын жоктугу;
4) сертификаттоо боюнча органда же сертификаттоо боюнча орган курамына кирген юридикалык жактын курамында продукцияга изилдөөлөрдү (сыноолорду) жана өлчөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуучу, улуттук аккредитациялоо системасында аккредиттелген жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген, Бирликтин ар бир техникалык регламентинин аккредитациялоо жаатында билдирилген 70%дан кем эмес көлөмдөгү көрсөткүчтөрү боюнча жана Бирликтин укугунда каралган аларды өткөрүү методикаларына ылайык сыноолорду/изилдөөлөрдү (өлчөөлөрдү) жүргүзүүнү камсыздоочу өздүк сыноо лабораториясынын болушу;
5) сертификаттоо боюнча органдын жана өзүнүн сыноо лабораториясынын ишин, анын ичинде жайгашкан жерин Кыргыз Республикасынын аймагында гана жүзөгө ашыруу;
6) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун (мындан ары - КАБ) сертификаттоо боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрине киргизилген сертификаттоо боюнча бир органда эмгек келишиминин негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу жана Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган шайкештикти тастыктоо жаатындагы сертификаттоо боюнча органдын штаттык персоналы (сертификаттоо боюнча эксперттер) тарабынан гана субподрядчыларды тартпастан ар бир билдирилген иш багыты боюнча шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча иштерди жүргүзүү;
7) Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарынын жана/же шайкештикти тастыктоо жол-жобосунун бузуулары аныкталган жана/же негизделген даттануу келип түшкөн - шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук сертификаттоо боюнча органдан чакыртып алынган жана аталган материалдар аккредитациялоо боюнча улуттук органга жана сертификаттоо боюнча органдын ишине мамлекеттик көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктуу органга өткөрүп берилген учурда СМБ тарабынан ай сайын мониторинг жүргүзүүгө макулдук берүү тууралуу сертификаттоо боюнча орган тарабынан кол коюлган милдеттенме;
8) декларация жөнүндө каттоону жүргүзүүгө мурда берилген укукту чакыртып алуунун жоктугу.
6. Сертификаттоо боюнча орган ай сайын (кийинки айдын 5инен кечиктирбестен) өзүнүн иши жөнүндө маалыматты (шайкештик жөнүндө катталган декларацияларды, шайкештик жөнүндө декларацияны каттоодон баш тартууну) шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жана техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга берип турууга тийиш.
7. Иштердин талаптагыдай аткарылышы жана Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарынын жана/же шайкештикти тастыктоо жол-жоболорунун сакталышы үчүн жоопкерчилик сертификаттоо боюнча органдын жетекчисине жана сертификаттоо боюнча тиешелүү эксперттерге жүктөлөт.
3-глава. Сертификаттоо боюнча органга Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук берүү
8. Сертификаттоо боюнча орган СМБга төмөнкү документтерди берет:
1) ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча өтүнмө;
2) ушул Тартиптин 2 жана 3-тиркемелерине ылайык форма боюнча сертификаттоо боюнча органдын ишинин түрү жөнүндө маалымат;
3) ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча сертификаттоо боюнча орган жөнүндө маалыматтар;
4) сертификаттоо боюнча органдарды жана аккредитациялоо жаатындагы сыноо лабораторияларын аккредитациялоо аттестаттарынын көчүрмөлөрү, Бирликтин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын бирдиктүү реестринен көчүрмө жана КАБдын төмөнкүлөр жөнүндө каты: Бирликтин жогоруда аталган бирдиктүү реестрине ЕАЭБ/ББ ТРны көрсөтүү менен сертификаттоо боюнча органды жана сыноо лабораториясын киргизүү, сертификаттоо боюнча органды жана сыноо лабораториясын аккредитациялоо аттестатын колдонулушун токтото туруу/жокко чыгаруу, Бирликтин жогоруда аталган бирдиктүү реестринен сертификаттоо боюнча органдарды жана сыноо лабораториясын чыгарып салуу учурларынын, Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келбеген продукцияны Бирликтин алкагында жүгүртүүгө чыгарууга алып келген бузуулардын жоктугу, продукциянын шайкештигин тастыктоо жол-жоболорунун, шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо укугуна өтүнмө берилген учурда бир жылдын ичинде сыноо лабораторияларын сыноо боюнча методикалардын бузууларынын жоктугу, ошондой эле сертификаттоо боюнча билдирилген эксперттерди КАБдын сертификаттоо боюнча эксперттеринин (эксперт-аудиторлорунун) бирдиктүү реестрине киргизүү.
9. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн СМБ тарабынан эксперттик комиссия түзүлөт, ал СМБнын буйругу менен бекитилет.
10. Эксперттик комиссиянын курамына техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын, шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын, аккредитациялоо боюнча улуттук органдын өкүлдөрү, иштин билдирилген тармагындагы продукциянын түрлөрү боюнча техникалык эксперттер кирет. Комиссиянын төрагасы техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамдарынын арасынан дайындалат, СМБнын жетекчиси төраганын орун басары болуп эсептелет.
11. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган сертификаттоо боюнча орган берген документтерди эксперттик комиссиянын экспертизасына киргизет.
12. Эксперттик комиссия берилген документтерге экспертиза жүргүзөт, документтерди тариздөөнүн тууралыгын жана толуктугун аныктайт; экспертизанын жыйынтыгы боюнча ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча корутундуну тариздейт.
Эксперттик комиссиянын экспертиза жүргүзүү мөөнөтү документтер алынган күндөн тартып 15 жумуш күндөн ашпайт.
13. Экспертизанын жыйынтыгы канааттандырарлык эмес болгон учурда документтер сертификаттоо боюнча органга толуктап иштеп чыгууга кайтарып берилет.
Сертификаттоо боюнча орган (ишти улантууну каалаган учурда) жеткире иштелип чыккан материалдарды 15 жумуш күндөн ашпаган мөөнөттө СМБга берүүгө же ишти улантуудан баш тартуу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө тийиш.
14. Сертификаттоо боюнча орган тарабынан белгиленген критерийлерге жана ал берген документтерге ылайык келбеген учурда экспертизанын натыйжасы канааттандырарлык эмес деп таанылат.
15. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укукту сертификаттоо боюнча органга берүү жөнүндө чечим СМБ тарабынан оң корутундунун негизинде кабыл алынат.
16. Кайталанган экспертизанын жыйынтыгы терс болгон учурда, эксперттик комиссия шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укук берүүдөн баш тартуу жөнүндө сертификаттоо боюнча органга 7 жумуш күндүн ичинде маалымдайт.
17. Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүүдөн баш тартылган учурда сертификаттоо боюнча орган баш тартууну алган учурдан тартып 1 жылдан эрте эмес убакытта СМБга өтүнмөнү кайра бере алат.
4-глава. Сертификаттоо боюнча органдан шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укукту чакыртып алуу
18. Сертификаттоо боюнча органдан шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укукту чакыртып алуу төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
1) өз иши жөнүндө ай сайын маалымат бербөө (кийинки айдын 5инен кечиктирбестен);
2) шайкештикти баалоо жана аккредитациялоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык Аккредитациялоо боюнча улуттук орган тарабынан сертификаттоо боюнча органды жана/же анын сыноо лабораториясын аккредитациялоо аттестатынын колдонулушун токтото туруу же жокко чыгаруу;
3) Бирликтин техникалык регламенттеринин талаптарын жана/же шайкештикти тастыктоо жол-жоболорун, сыноо лабораторияларын сыноо методикаларын бузуу, ушул Тартиптин 5-пунктунда белгиленген критерийлерге ылайык келбөө;
4) сертификаттоо боюнча органдын жана/же сыноо лабораториясынын ишине негизделген даттануу келип түшкөндө;
5) сертификаттоо боюнча тиешелүү эксперттердин, сыноо лабораториясынын адистеринин жоктугу.
19. Шайкештик жөнүндө декларацияны каттоого укукту чакыртып алуу тууралуу чечим СМБ тарабынан кабыл алынат.
20. СМБ 3 иш күндүн ичинде сертификаттоо боюнча органга жана техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органга кабыл алынган чечим жөнүндө маалыматты жиберет.
21. СМБнын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте жүзөгө ашырылат. Сертификаттоо боюнча орган СМБнын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда, ал сотко кайрылууга укуктуу.
|
| Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибине 1-тиркеме |
Форма
Өтүнмө
Төмөнкүлөргө укук берүүнү суранабыз
__________________________________________________________________________
сертификаттоо боюнча органдын аталышы

ЕАЭБ ББ/ТР билдирилген иштин түрү(лөрү) жана өз сыноо лабораториясында ЕАЭБ ББ/ТР
билдирилген сыноолор менен камтуу пайызы (%)
Жетекчинин аты-жөнү

Дареги, телефону

Тиркеме: сертификаттоо боюнча органды жана сыноо лабораториясын аккредитациялоо
аттестаттары, Бирликтин шайкештикти баалоо боюнча аккредиттелген органдарынын
бирдиктүү реестринен көчүрмө жана ЕАЭБ/ББ ТР көрсөтүү менен сертификаттоо боюнча
органдын жана сыноо лабораториясынын Бирдиктүү реестрге киргендиги жөнүндө
КАБдын каты, ушул Тартиптин 8-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат
Жетекчи __________________________ ___________________________________
колу аты-жөнү
М.О.
|
| Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибине 2-тиркеме |
Форма
Иштин түрү жөнүндө МААЛЫМАТ
_____________________________________________________________ продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо укугуна сертификаттоо боюнча органдын аталышы
№ | Продукциянын аталышы/декларациялоо схемасы | 10 белги деңгээлинде ТЭИ ТН коду | Сертификаттоо боюнча эксперттин аты-жөнү/колу |
ЕАЭБ ББ/ТР аталышы менен | |||

| Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибине 3-тиркеме |
Форма
Иштин түрү жөнүндө МААЛЫМАТ
__________________________________________________________________ продукциянын шайкештиги жөнүндө декларацияларды каттоо укугуна сертификаттоо боюнча органдын аталышы
№ | Продукциянын аталышы/декларациялоо схемасы | Өз сыноо лабораториялары камсыз кылган ЕАЭБ ББ/ТР боюнча көрсөткүчтөр/ар бир белгиленген ЕАЭБ ББ/ТР боюнча сыноо менен камтуу % | Өз сыноо лабораториялары менен камсыз кылынбаган ЕАЭБ ББ/ТР боюнча көрсөткүчтүр |

| Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибине 4-тиркеме |
Форма
Сертификаттоо боюнча орган жөнүндө МААЛЫМАТ
1. Маалыматтар
Сертификаттоо боюнча орган жана сыноо лабораториясы курамында иштеген юридикалык жактын аталышы жана дареги, анын жайгашкан жери

Телефон, факс, e-mail

2. СОнун кадрдык курамы
№ | Аты-жөнү | Кызматы | Билими, адистиги | Укук жаатына ылайык кызматкерлер тарабынан жүргүзүлүүчү иштердин түрлөрү | Билдирилген тармакта иш тажрыйбасы | Компетенттүүлүк сертификатынын номери жана датасы, компетенттүүлүк чөйрөсүн көрсөтүү менен | СО персоналынын жарандыгы |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 |
3. Жүргүзүлүүчү иштерге талаптарды белгилөөчү ченемдик документтердин тизмеси
№ | Ченемдик документтин белгилениши | Ченемдик документтин аталышы | Ченемдик документ киргизилген дата жана анын колдонуу мөөнөтү | Өзгөртүүлөрдүн номерлери жана аларды киргизүү датасы | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
|
| Сертификаттоо боюнча аккредиттелген органдарга Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттеринин талаптарына шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоого укук берүү жана чакыртып алуу тартибине 5-тиркеме |
Форма
Эксперттик комиссиянын КОРУТУНДУСУ

ЕАЭБ ББ/ТР боюнча
шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоо укугуна талапкер

документтерде берилген маалыматтарды талдоонун негизинде, төмөнкүдөй корутунду
кабыл алынды:

Дата 20___-ж. _________________
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-июнундагы № 445 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТОТ