Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2021-жылдын 23-марты № 111
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Сымаптуу калдыктарды коопсуз башкаруу системасын түзүү максатында, "Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-беренесине, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 885 "Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында кооптуу калдыктар менен иштөө тартибинде:
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
"2-1. Сымаптуу калдыктар менен иштөөдө төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
демеркуризациялоо - адамдардын жана жаныбарлардын уулануусуна жол бербөө максатында сымапты жана анын бирикмелерин физикалык-химиялык же механикалык ыкмалар менен алып салуу, ошондой эле жайларды жана буюмдарды металлдуу сымапты жана сымаптуу булактардын булгануусунан тазалоо;
сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар - сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүчү жана демеркуризациялоочу, уулуу материалдарды, анын ичинде радиоактивдүү заттарды утилизациялоого, сактоого, көмүүгө, жок кылууга лицензиясы жана зарыл болгон технологиялык жабдуусу бар адистештирилген ишканалар;
сымаптуу буюмдар жана түзүлүштөр (мындан ары - СБТ) - металлдуу сымапты же анын бирикмелерин камтыган буюмдар жана түзүлүштөр: ченөө приборлору, температураны жөнгө салгычтар, сымаптуу барометрлер жана манометрлер, лабораториялык, техникалык жана медициналык сымап гермометрлери, тонометрлер, чыгым өлчөгүчтөр, деңгээл өлчөгүчтөр, игнитрондор - кубаттуу түздөөчү түзүлүштөрдө колдонулуучу атайын приборлор, сымаптуу гальваникалык элементтер, жогорку жана төмөнкү басымдагы сымаптуу толтургучу бар люминесценттүү лампалар, сымаптуу башка буюмдар;
сымаптуу калдыктар - өзүнүн керектөө сапаттарын толук же жарым-жартылай жоготкон (өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн же жараксыз абалга келген) СБТ, буюмдардан алынган металлдуу сымап, металлдуу сымап же анын бирикмелери менен булганган материалдар жана буюмдар;
сымаптуу калдыктарды чогултуу - сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча ишканаларга андан ары ташуу максатында жеке жана юридикалык жактардан сымаптуу калдыктарды кабыл алуу;
атайын идиш - сымаптуу калдыктарды сактоодо, жүктөө-түшүрүү жумуштарын аткарууда, ташууда алардын сактыгын камсыздоочу контейнер;
сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү - сымаптуу калдыктардын адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасирин алдын алуу, ошондой эле андан ары пайдалануу үчүн материалдык ресурстарды бөлүп алуу максатында сымаптуу калдыктарды атайын түзүлүштөрдө технологиялык ыкма менен иштетүү;
сымаптуу калдыктарга утилизациялык жыйым - СБТ өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон, сымаптуу буюмдарды өндүрүүчүлөр тарабынан төлөнүүчү сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүгө салыктык эмес жыйым;
сымаптуу калдыктарды сактоо - калдыктарды кайра иштетүү максатында чыгарганга чейин аларды атайын жабдылган топтогучтарда сактоо.";
- 14-пунктундагы "сымаптын кийинки регенерациясы" деген сөздөр "кайра иштетүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1. СБТ пайдаланган юридикалык жана жеке жактар сымаптуу калдыктарды башка калдык түрүнөн өзүнчө атайын ага арналган жерде жана атайын идишинде чогултат жана убактылуу сактайт, мында бул буюмдардын бузулуп калышына жана аларда камтылган сымаптуу калдыктардын абага, суу менен камсыздоо булактарына, топуракка жана тамак-аш азыктарына аралашып кетишине жол берилбеши керек.
Чогултулган сымаптуу калдыктар кайра иштетүү боюнча уюмдарга келишимдин негизинде өткөрүп берилет.";
- 16-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Иштетилген СБТны алмаштырууда, убактылуу жана туруктуу сактоодо, ошондой эле чогултууда негизги шарт болуп аларды герметикалык сактоону камсыздоо болуп саналат.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 16-1 - 16-5-пункттар менен толукталсын:
"16-1. Өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн сымаптуу буюмдарды борборлоштурулган чогултуу жана убактылуу сактоо сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар тарабынан тиричилик калдыктарын чогултуу пункттары аркылуу атайын орнотулган контейнерлерди колдонуу менен жүргүзүлөт, мында өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн СБТнын бузулуп калышына жана аларда камтылган сымаптуу калдыктардын абага, суу менен камсыздоо булактарына, топуракка жана тамак-аш азыктарына аралашып кетишине жол берилбеши керек.
16-2. СБТны стационардык соода түйүндөрү аркылуу калкка сатуу менен алектенген соода ишканалары СБТны кайра иштетүү жана/же өндүрүү боюнча уюмдарга, импорттоочуларына кийин өткөрүп берүү менен кандайдыр бир чектөөлөрсүз акы төлөмө негизинде өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн СБТны калктан кабыл алууга укуктуу.
16-3. Өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкондон кийин кайра иштетүүгө тийиш болгон СБТнын өндүрүүчүсү, импорттоочусу утилизациялык жыйымды төлөйт. Сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүгө утилизациялык жыйымдын өлчөмү, тартиби жана төлөөнүн мөөнөтү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
СБТнын өндүрүүчүсү, импорттоочусу утилизациялык төлөмдү продукциянын өздүк наркына кошот.
16-4. Утилизациялык жыйым төлөөнүн эсебине республикалык бюджетке келип түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодексинин 84-2-беренесине ылайык чыгымдалат.
Жараксыз же өзүнүн ресурсун иштеп бүткөн СБТны тапшыруу үчүн калкка жана соода ишканаларына төлөнүүчү сумма СБТны өндүрүүчү, импорттоочу же сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар менен соода ишканаларынын ортосундагы келишимдерге ылайык аныкталат.
16-5. СБТны колдонгон юридикалык жакта өзүнүн аймагы болбогон жана ижара келишими боюнча аянтты (өнөр жай өндүрүш объекттеринен тышкары) кеңсе, соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн объекттерин жайгаштыруу үчүн гана ээлеп турган учурда сымаптуу калдыктарды чогултуу жана убактылуу сактоо ижарага берүүчү тарабынан жүргүзүлүшү керек.";
- 19-пунктунун экинчи абзацындагы "сымап өндүрүүчү жана колдонуучу ишканалар, уюмдар жана мекемелер" деген сөздөр "сымаптуу калдыктарды кайра иштетүү боюнча уюмдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункту "жол бербей турган" деген сөздөрдөн кийин ", тамак-аш азыктарын жана аларга теңештирилген товарларды ташуу үчүн арналбаган" деген сөздөр менен толукталсын;
- 23-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"23. СБТ пайдаланган юридикалык жактар иштетилген сымаптуу калдыктардын пайда болуу жана чогултуу боюнча сандык эсепти жүргүзүүгө тийиш.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 23-1, 23-2-пункттар менен толукталсын:
"23-1. СБТ колдонгон юридикалык жактар тарабынан төмөнкүлөр милдеттүү түрдө ишке ашырылат:
- СБТ жүгүртүүнү эсепке алуучу журналды жүргүзүү. Журналда жылдын ичинде сатып алынган СБТнын саны, пайдаланган жери, кайра иштетүүгө өткөрүп берилген өзүнүн керектөө сапаттарын жоготкон СБТнын саны көрсөтүлөт;
- ишканада болгон СБТны жана пайда болгон калдыктарды жыл сайын инвентаризациялоо, кооптуу калдыктардын паспортун түзүүнү камсыздоо.
23-2. Сымаптуу калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча уюмдардын ишин каржылоо СБТ ташып киргизүүгө (импорттоого) жана өндүрүүгө утилизациялык жыйым түрүндө республикалык бюджеттин келип түшүүлөрүнүн, гранттардын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен ишке ашырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен бирдикте сымаптуу калдыктарды кайра иштетүүгө утилизациялык жыйым алуунун өлчөмүн, тартибин жана төлөө мөөнөтүн белгилөөчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он эки ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 9-апрелиндеги № 32 (3211) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| У.А. Марипов |