Загрузка документа…
НАРЗАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 16-декабры № 06
Нарзан айылдык кенешинин 2025-жылга Иш планын бекитүү жана Туруктуу Комиссиялардын Иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана №01-25/329 Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин 06 декабрь 2024-жылдагы Буйругун жетекчиликке алып, Нарзан айылдык кеңешинин иш планынын жана депутаттардын туруктуу комиссияларынын иш планынын маселесин угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагынын Нарзан айылдык кеңешинин 2025-жылга Иш планы №1-Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чүй облусунун Москва районундагы Нарзан айыл аймагынын Нарзан айылдык кеңешинин 2025-жылга Туруктуу Комиссияларынын Иш планы №2-Тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде кагаз түрүндөгү 1-2 тиркемелери)
3. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик базасына киргизүү үчүн жооптуу катчы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Чүй-Бишкек башкармалыгына жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарзан айылдык кеңешинин депутаттарынын Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
| Кулжанов Т.К. |