Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №1
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак айылында пайдаланбай турган ФАПтын жер аянты жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы №37 сандуу Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамынын 6-беренесинин негизинде жана айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүндө азыркы учурда жаңыдан башка жерге ФАП курулуп колдонууга берилип, бүгүнкү күндө Ак-Турпак айылынын тургундарына муктаждык болбогондугуна байланыштуу мурда алынган жер аянтын Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча билдирүүсүн карап жана талкуулап, Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Турпак айылындагы көп жылдан бери пайдаланбай турган ФАПтын жер аянтын Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын аймактык таяныч пунктун курууга багытын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдорду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн
Торага: | А.Суранчиев |