Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №3
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №8 сандуу токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” №3-Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145-токтомундагы жер участкаларын которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү мыйзамына ылайык, “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын 2025-жылдын 12-февралындагы №01-13/269 сандуу катынын негизинде жана Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чек айылынын Буровой участкасындагы 1,0га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Буровой участкасындагы №661-контурунда жайгашкан 1,0 га жер аянтына суу кампа куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чек айылынын Төө-Таш участкасындагы №661-контурунда жайгашкан 1,0га жер аянтын трансформациялоо жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Торага: | А.Суранчиев |