Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №6
Төрт-Гүл айыл аймагындагы ички ирригациялык каналдарды Баткен райондук суу чарба башкармалыгына өткөрүп берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы №271 токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №207 токтомуна ылайык, Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Төрт-Гүл айыл аймагынын айылдык кеңещи токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл аймагындагы кароосуз калган ички каналдарды айыл башчылар менен тактап, эсептеп чыккандан кийин өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Д.Анапияевге жүктөлсүн.
Торага: | А.Суранчиев |