Загрузка документа…
ТОРТ-ГУЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №7
Жергиликтүү маанидеги айрым маселелерди чечүү үчүн муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө.
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесине, "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамдын 16-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 735-токтомунун негизинде, айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эркебаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңеши токтом кылат
1. Төрт-Гүл айыл айыл өкмөтүнүн аймагында муниципалдык ишкана түзүүгө макулдук берилсин.
2. Жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелер жаңы түзүлүп жаткан муниципалдык иш кананын курамына киргизилсин.
1) Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгууну жана утилдештирүүнү уюштурулсун;
2) Коомдук пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандырылсын;
3) Айыл аймагындагы элдерди ичүүчү таза суу менен камсыздоо жагы каралсын;
4)Айыл аймагына караштуу мамлекеттик жайыт жерлерин ишин уюштурусун;
5)Айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Мурас” авто базасы жаны түзүлгөн муниципалдык ишкана менен бириктирилсин;
3. Айыл өкмөтү муниципалдык ишкананын керектүү иш кагаздарын иштеп чыкксын;
1)Муниципалдык ишкананын Уставын, тарифтерин иштеп чыгуу жана бекитүү жагы каралсын;
4. Кабыл алынган токтомду юстиция министрлигинин каттоосунан өткөрүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Т.Сапаровго жүктөлсүн
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук укук тартибин чыңдоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыгынын коргоо комиссиясынын төрагасы Р.Айдаровага жана айыл өкмөтүнүн орун басары Д.Анапияевге милдеттендирилсин.
Торага: | А.Суранчиев |