Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 28-ноябры №3
III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү” Жарлыгына ылайык, Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы №1 чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобонун негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен календардык планга ылайык Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 2024-жылдын 7-декабрына саат 10:00 гө Арка айылынын Жеңиш маданият үйүндө өтүлө тургандыгы белгиленсин.
2. III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо Элдик Курултайдын Улуттук кеңешинин 2023-жылдын 16-декабрындагы чечими менен бекитилген Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндөгү жобо ылайык уюштурулсун жана өткөрүлсүн.
3. Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына катыша турган делегаттарынын жалпы саны айылдын жашоочуларынын санына жараша төмөнкүдөй болуп бекитилсин.
- Арка айылына – 28 делегат;
- Борбордук айылына – 20 делегат;
- Достук айылына – 25 делегат;
- Жаштык айылына – 27 делегат.
4. Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды шайлоого жарандардын ар бир айыл боюнча жыйындарды өткөрүүнүн графиги №1 -тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жаңы-Жер айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиянын курамы №2 – тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүнү уюштуруу, материалдык техникалык
камсыздоо жана маалымдоо иштерин жүргүзүү жагы Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 токтомуна №1-тиркеме
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу айылдарда өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарын өткөрүү графиги
№ | Айылдардын аталышы | Өткөрүү убактысы | Жыйындар өткөрүлүүчү жайы | Уюштуруучулар
|
1 | Арка айылы | 04.12.2024 саат 14:00 | Маданият үйү | Абдуллаев Асанбек Айыл башчы |
2 | Борбордук айылы | 04.12.2024 саат 16:00 | Ч.Айтматов орто мектеби | О.Шакиров Айыл башчы |
3 | Достук айылы | 04.12.2024 саат 15:00 | Достук орто мектеби | З.Турдуева Айыл башчы |
4 | Жаштык айылы | 04.12.2024 саат 15:00 | Маданият үйү | Б.Мавлонов Айыл башчы |
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин катчысы: А.Абдуллаев
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин 2024-жылдын 28-ноябрындагы №3 токтомуна №2-тиркеме
Жаңы-Жер айыл аймагында өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы:
1. Ж.Мурадилов - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. А.Абдуллаев- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин жооптуу катчысы, жумушчу топтун качтысы;
3. З.Турдуева- Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
4. А.Абдуллаев - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
5. О.Шакиров - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
6. Б.Мавлонов - Жаңы-Жер айылдык кеңешинин депутаты, жумушчу топтун мүчөсү;
7. У.Раимбердиев - Арка айылынын башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
8. О.Турсунбаев - Борбордук айылынын башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
9. М.Бегимкулов - Достук айылынын башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
10. У.Абдухоликов - Жаштык айылынын башчысы, жумушчу топтун мүчөсү;
11. С.Бабаева - Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн иш кагадарын жүргүзүү боюнча башкы адиси, жумушчу топтун мүчөсү.
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин катчысы: А.Абдуллаев