Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 23-декабры № 8
Жаңы-Жер айыл аймагында таштандыларды ташып чыгаруу баасын бекитүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан таштандыларды ташып чыгаруу баасын бекитүү жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары С.Джумабаевдин билдирүүсүн жана айылдарда өткөрүлгөн элдик жыйындардын протоколдорунун негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан таштандыларды ташып чыгаруу баасы ар бир кожолукка бир айга 80 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|