Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 11
2023-жылдын 24-фералында Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын 28 сандуу токтомунун 2-п., 5-п., 7-п. жокко чыгаруу жөнүндө
Лейлек районунун прокуратурасынын 2024-жылдын 26-декабрындагы №24/138-01-11-2-01142 сандуу Каршылык билдирүү катынын негизинде, 2023-жылдын 24-фералында Жаңы-Жер айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын 28 сандуу токтому менен Жаңы-Жер айыл аймагындагы ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси “Келечек-Арка” ишканасынын 2023-жылга карата таза суунун тарифи жана башка маселелер бекитилген. Аталган токтомдун 2-п. өз алдынча суу түтүктөрүн кошуп алгандарга биринчи ирет 1000 сом, экинчи ирет 2000 сом айып пул салынуусу, 5-п. негизги суу түтүктөрүн талкалаган жана малын суугаргандарга 10 000 сом айып пул салынуусу, 7-п. ичүүчү таза сууну сугат суу катары пайдалангандарга биринчи ирет эскертүү, экинчи ирет 2000 сом айып пул салынуусу белгиленген.
Жаңы-Жер айылдык кеңешинин жогорудагы токтому Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык келбегендиктен, токтомдун жогоруда айтылган пунктарын жокко чыгаруу үчүн Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|