Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 16-январы № 13
Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылындагы жеке менчик жердин багытын өзгөртүү жөнүндө
Жаңы-Жер айыл аймагындагы Борбордук айылынын тургуну Ахматов Кудраталинин 2024-жылдын 26-декабрындагы айыл өкмөтүнө жазган арызын карап, К.Ахматовдун кызына Ахматова Фарогатга турак жай куруу үчүн берилген 190 м.кв жер аянтына (ид. код 8030310010764) намазкана куруу үчүн багытын өзгөртүү үчүн Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Жаңы-Жер айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылынын Ленин көчөсүнүн №15/1 дарегиндеги (ид.код 8030310010764) жеке менчик жердин багытын Намазканага өзгөртүү үчүн Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына тийиштүү иш кагаздарын тиркөө менен кат жөнөтүлсүн.
2. Лейлек райондук шаар курулушу жана архитектура башкармалыгына катты даярдап жөнөтүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А.Абдуллаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Тѳрага | Ж.Мурадилов |
|
|