Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Моюн айылдык кеңешинин депутаттарынын X чакырылыштын 5-сессиясынын 3-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 20-февралы №3
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине өзгөртүү киргендигине байланыштуу жана жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында,мүлк салыгын эсептоо үчүн салыктык ставкасын карап бекитүү жөнүндө.
X чакырылыштагы Ак-Моюн айылдык кеңешинин 5-сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык кеңеши карап чыгып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине өзгөртүү киргендигине байланыштуу Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүүгүн көбөйтүү максатында ,мүлк салыгын (турак имараттар жана орун жайлар үчүн ) эсептоо үчүн салыктык ставкасынын чарчы метри 5(беш) сомдон бекитүүгө макулбуз.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлерине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп www.ak-moyun.org.kg веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Алакуновго тапшырылсын жана өзүмө калтырам.
Төрага: | Б. Султангазы уулу |