КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2023-жылдын 26-декабры № 809-т
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы Жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптардан бошотуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Преамбула
Кыргыз Республикасы жана Бенилюкс мамлекеттери (мындан ары биргелешип "Тараптар", ал эми өз-өзүнчө "Тарап" деп аталуучулар);
Бенилюкс мамлекеттери Бельгия Королдугунун, Люксембург Улуу Герцогдугунун жана Нидерланд Королдугунун ортосундагы Бенилюкс аймагынын тышкы чек араларындагы адамдарды контролдоону өткөрүп берүү жөнүндө 1960-жылдын 11-апрелинде Брюсселде түзүлгөн Конвенцияга ылайык биргелешип аракеттенүүсүн таануу менен;
Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы уруксатсыз кирген жана/же жашап жаткан адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашууга таянуу менен;
Достук мамилелерди бекемдөөгө тараптардын кызыкдарлыгын көңүлгө алуу менен;
Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Бенилюкс мамлекеттеринин жарандарынын жарактуу дипломатиялык жана кызматтык/расмий паспорттордун ээлери болуп саналган жарандардын алардын тиешелүү мамлекеттерине кирүүсүн жеңилдетүүнү каалап,
төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:
1-берене. Аныктамалар
Эгерде контекстте башкача көрсөтүлбөсө, ушул Макулдашууда:
1) "Бенилюкс мамлекеттери" Бельгия Королдугун, Люксембург Улуу Герцогдугун жана Нидерланд Королдугун билдирет;
2) "тарап" Кыргыз Республикасын же биргелешип аракеттенүүчү үч Бенилюкс мамлекетин: Бельгия Королдугун, Люксембург Улуу Герцогдугун же Нидерланд Королдугун билдирет;
3) "мамлекет" Кыргыз Республикасын же Бенилюкс мамлекеттеринин бирин билдирет;
4) "аймак" төмөнкүнү билдирет:
- Кыргыз Республикасы үчүн: Кыргыз Республикасынын аймагын;
- Бенилюкс мамлекеттери үчүн: Европадагы Бенилюкс мамлекеттеринин аймактарын.
2-берене. Компетенттүү органдар
Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу компетенттүү органдар болуп төмөнкүлөр саналат:
а) Кыргыз Республикасы үчүн: Тышкы иштер министрлиги;
б) Бельгия Королдугу үчүн: Федералдык мамлекеттик тышкы иштер, тышкы соода жана кызматташтыкты өнүктүрүү кызматы;
в) Люксембург Улуу Герцогдугу үчүн: Тышкы жана европалык иштер министрлиги; жана
г) Нидерланд Королдугу үчүн: Тышкы иштер министрлиги.
3-берене. Визалык талаптардан бошотуу
1. Жарактуу дипломатиялык же кызматтык/расмий паспорттун ээси болуп саналган Кыргыз Республикасынын жараны Бенилюкс мамлекеттеринин аймагына жүз сексен (180) күндүк мезгил ичинде визасыз кире алат жана бул аймакта токсон (90) күндөн ашык эмес боло алат.
2. Жарактуу дипломатиялык же кызматтык/расмий паспорттун ээси болуп саналган Бенилюкс мамлекетинин жараны Кыргыз Республикасынын аймагына жүз сексен (180) күндүк мезгил ичинде визасыз кире алат жана бул аймакта токсон (90) күндөн ашык эмес боло алат.
4-берене. Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин же эл аралык уюмдардын алдындагы өкүлчүлүктөрдүн аккредиттелген жана дайындалган мүчөлөрү
1. Дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге же болбосо Бенилюкс мамлекетинин аймагында жайгашкан эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнө дайындалган, жарактуу дипломатиялык же кызматтык/расмий паспорту бар жана кабыл алуучу Бенилюкс мамлекетинин бийлиги тарабынан дайындалган Кыргыз Республикасынын жараны ал аккредитацияланган/дайындалган мөөнөт ичинде Бенилюкс мамлекеттеринин аймагына визасыз кире, чыга жана боло алат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүккө же консулдук мекемеге же болбосо эл аралык уюмдун өкүлчүлүгүнө дайындалган, жарактуу дипломатиялык же кызматтык/расмий паспорту бар жана кабыл алуучу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан ал дайындалган Бенилюкс мамлекетинин жараны Кыргыз Республикасынын аймагына ал аккредитацияланган/дайындалган мөөнөт ичинде визасыз кире, чыга жана боло алат.
3. Жөнөтүүчү мамлекет ушул берененин 1 же 2-пункттарында эскертилген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн же консулдук мекемелердин, же болбосо эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн мүчөлөрүнүн келгендиги жөнүндө келген мамлекетке кабарлайт, алар келген мамлекеттин аккредитациялоо жана дайындоо эрежелерин сактоого тийиш.
5-берене. Кабыл алуудан баш тартуу
Ушул Макулдашуунун 3 жана 4-беренелеринин жоболоруна карабастан, ар бир мамлекет жагымсыз деп эсептелген же өлкөдө болушу коомдук тартипке же улуттук коопсуздукка зыян келтирүүчү катары каралуучу кайсы болбосун адамга өз аймагына киргизүүдөн баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
6-берене. Башка эл аралык милдеттенмелер менен өз ара байланыш
1. Бул Макулдашуу эл аралык келишимдерден келип чыгуучу Тараптардын укуктарына, милдеттенмелерине жана жоопкерчиликтерине зыян келтирбөөгө тийиш.
2. Ушул Макулдашууда каралгандан башка учурларда, бул Макулдашуу чет өлкөлүктөрдүн кирүүсүн, болуусунун узактыгын, жашап турууга уруксатын, кесиптик ишин жана чыгарылышын жөнгө салуучу мамлекеттерде колдонулуучу мыйзамдарды жана ченемдик актыларды козгобойт.
7-берене. Реадмиссия
1. Суроо-талап боюнча Кыргыз Республикасы Бенилюкс мамлекетинин аймагына кирген адамдарды Кыргыз Республикасынын органдары тарабынан берилген жарактуу улуттук дипломатиялык же кызматтык/расмий паспорттун негизинде каалаган убакта жана формалдуулуктарсыз өз аймагына кабыл алууга милдеттенет.
2. Суроо-талап боюнча Бенилюкс мамлекеттери суралып жаткан Бенилюкс мамлекетинин органдары тарабынан берилген жарактуу дипломаттык же кызматтык/расмий паспорттун негизинде Кыргыз Республикасынын аймагына кирген адамдарды каалаган убакта жана формалдуулуксуз өз аймагына кабыл алууга милдеттенет.
8-берене. Документация
Кыргыз Республикасы жана Бенилюкс мамлекеттери бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу өздөрүнүн жаңы же өзгөртүлгөн дипломатиялык же кызматтык/расмий паспортторунун үлгүлөрүн, ошондой эле бул паспорттор колдонууга киргизилген датага чейин алтымыш (60) күндүн ичинде мүмкүн болушунча аларды колдонуу жөнүндө толук маалыматтарды беришет.
9-берене. Талаштарды жөнгө салуу
Ушул Макулдашууну колдонууга же чечмелөөгө байланыштуу келип чыккан Тараптардын ортосундагы бардык талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечилет.
10-берене. Депозитарий
1. Бенилюкс Бирлигинин башкы катчылыгы ушул Макулдашуунун депозитарийи болуп саналат.
2. Депозитарий кол койгон бардык мамлекеттерге ушул Макулдашуунун түп нускасынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн берет.
11-берене. Түзөтүүлөр
1. Бул Макулдашууга Тараптардын өз ара макулдугу боюнча өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн. Ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгүн түзгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолор өзүнчө протоколдор формасында түзүлүүгө тийиш.
2. Көрсөтүлгөн түзөтүүлөр жана толуктоолор 12-берененин 1-пунктунда баяндалган жол-жобого ылайык күчүнө кирет.
3. Тараптар депозитарийге жогоруда айтылгандар жөнүндө маалымдайт.
12-берене. Күчүнө кириши жана денонсация
1. Бардык кол койгон мамлекеттер депозитарийге ушул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн өзүнүн ички жол-жоболору аяктагандыгы жөнүндө кабарлашат. Бул Макулдашуу депозитарий бул кабарлоолордун акыркысын алган датадан кийинки экинчи айдын биринчи күнү күчүнө кирет.
2. 1-пункттун жоболоруна карабастан, акыркы кабарлоо Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы уруксатсыз кирген жана/же жашап жаткан адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички формалдуулуктардын аяктагандыгы жөнүндө кол койгон мамлекеттин акыркы кабарлоосу сактоого өткөрүлүп берилгенге чейин сактоого берилүүгө тийиш, жогоруда аталган Макулдашуу боюнча берилген, кол койгон мамлекетке акыркы кабарлоо датасына чейин ушул Макулдашуу күчүнө кирбейт.
3. Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Бенилюкс мамлекеттеринин ортосундагы уруксатсыз кирген жана/же жашап жаткан адамдарды реадмиссиялоо жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген датага чейин колдонулбайт.
4. Бул Макулдашуу күчүнө киргенден кийин ар бир Тарап ушул Макулдашууну денонсациялоо күчүнө кирген датага чейин отуз (30) күндөн кечиктирбестен ушул Макулдашууну денонсациялоо өзүнүн ниети жөнүндө депозитарийге дипломатиялык каналдар аркылуу жазуу жүзүндө кабарлоо жөнөтүү жолу менен ушул Макулдашууну денонсациялай алат.
5. Депозитарий ушул беренеде эскертилген кайсы болбосун кабарлоону алгандыгы жөнүндө бардык мамлекеттерге маалымдайт.
13-берене. Колдонулушун токтотуп туруу
Ар бир Тарап ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп тура алат. Депозитарий токтотулгандыгы жөнүндө дароо кабарланууга тийиш. Депозитарий экинчи Тарапка мындай кабарлоону алгандыгы жөнүндө маалымдайт. Бул Макулдашуунун колдонулушу кабарлоону алган айдан кийинки биринчи айдын биринчи күнүндө токтотулат. Ушул сыяктуу жол-жобо ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуп турууну жокко чыгарууда колдонулат.
14-берене. Аймактык колдонуу
1. Нидерланд Королдугу бул Макулдашууну колдонууну Арубага, Кюрасаого, Ыйык Мартин аралына жана Нидерланд Королдугунун кариб бөлүгүнө (Бонайре, Сент-Эстатиус жана Саба аралдары) бул тууралуу депозитарийге кабарлоо аркылуу жайылта алат.
2. Депозитарий бардык мамлекеттерге колдонуунун жайылышы жөнүндө маалымдайт.
Буларды күбөлөндүрүү үчүн төмөндө кол койгондор, Министрлер Кабинети жана буга өздөрүнүн тиешелүү өкмөттөрү тарабынан талаптагыдай ыйгарым укук берилгендер ушул Макулдашууга кол коюшту.
202__-жылдын "___" _________ ________________ шаарында бир нускада, кыргыз, голланд, англис жана француз тилдеринде түзүлдү. Бул Макулдашууну чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар англис тилиндеги текстке кайрылышат.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ ҮЧҮН |
|
|
|
|
|
БЕЛЬГИЯ КОРОЛДУГУ ҮЧҮН |
|
|
|
|
|
ЛЮКСЕМБУРГ УЛУУ ГЕРЦОГДУГУ ҮЧҮН |
|
|
|
|
|
НИДЕРЛАНД КОРОЛДУГУ ҮЧҮН |
|
|