Загрузка документа…
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 12
Учкун айылын таза суу менен камсыздоо боюнча даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1,4-пункттарына, Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурмунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Учкун айылында калкты таза суу менен камсыздоо максатында даярдалган долбоорду колдоо үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары 1000 000(бир миллион)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |