Загрузка документа…
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 13
Айыл аймакта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамына, Кырыгыз Республикасынын Минитрлер Кабинетинин “Үй бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо тартиби жөнүндө” №390 токтомуна, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 22-пунктуна, 34-беренесинин 1-пунктуна жана Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана финансылык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймакта үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу үчүн иш-чараларды уюштуруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен 100 000(жүз миң)сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |