КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2024-жылдын 24-январы № 18-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун региондук стратегиясынын (мындан ары - Региондук стратегия) расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги германия тарапка Региондук стратегиянын долбоорун кыргыз тарап жактыргандыгы жөнүндө нота жиберсин.
3. Региондук стратегияны ишке ашыруу боюнча кыргыз тараптын ишин координациялоо Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине региондук стратегиянын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Региондук стратегиянын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине берип турсун.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |