Загрузка документа…
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 14
Орозбеков айылындагы С. Тешеев атындагы орто мектебинин спорт залын оңдоп-түзөө үчүн даярдалган долбоорду колдоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна, Орозбеков айылдык кенешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурмунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Орозбеков айылындагы С. Тешеев атындагы орто мектебинин спорт залын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү максатында даярдалган долбоорду ишке ашыруу үчүн айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салым катары 850 000(сегиз жүз элүү миң)сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |