Загрузка документа…
Орозбеков айылдык кеңешинин кезектеги төртүнчү сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 15
Айыл аймакта жерлерди инвентаризациялоо жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 15-пунктуна, Орозбеков айылдык кеңешинин бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине негиз Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймакта жерлерге инвентаризация жүргүзүү иштерине айыл өкмөттүн бюджетинен 800 000(сегиз жүз миң)сом акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Керектелүүчү каражаатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөттүн социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы А. Эгембердиевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансылык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага | К.Каримов |