Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №34
Самаркандек айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын
2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө
Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңешинин регламентинин 2-главасынын 10-пунктун жетекчиликке алып Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
Самаркандек айылдык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш пландары бекитилсин:
1. Самаркандек айылдык кеңешинин төмөнкү туруктуу комиссияларынын 2025-жылга иш пландары бекитилсин:
-Регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын иш планы (төрайым Исакова А.)
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комисиясы иш планы (төрайым Эгемова Г.)
- Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын иш планы (төрага Джусупов Х. )
-Мыйзамуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана таламдарын коргоо, агрардык маселелер, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын иш планы (төрага Ташполотов М.)
- Жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын иш планы (төрага Орозалиев И.)
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Б.Гапаров |