Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №35
Самаркандек айыл аймагындагы сугат суу каналдарын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрацияжана жергиликтүү өз алдынчабашкаруу органдары жөнундө” Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Полотовдун берген катынын негизинде Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Самаркандек айыл аймагындагы төмөнкү жалпы суу каналдардын узундугу 14374 м түзгөн сугат суу каналдарын Баткен райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин :
- Ак-Татыр каналынын Үзүктүн-Бели участогунан Самаркандек айылынын Жайылма участогуна чейинки жалпы узундугу 6140м участогу (3340 м лотковый сеть, 2700 м жер канал);
- Кайырма каналынын Самаркандек айылынын Орто-Сай участогундагы сайдын боюна чейинки аралык 2230м ;
-Жыйноо каналынын Паскы-Арык айылына чейинки аралык 886 м ;
- Жаңы-Бак айылынын Топ-Терек участогунан Самаркандек айылындагы сайдын боюна чейин 2818м (таш арык).
- Самаркандек айылындагы сайдын боюнан (К.Айдаровдун участогунан баштап) Паскы-Арык айылынын Уч участогуна чейин 2300м .
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Б.Гапаров |