Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 7-февралы №36
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Ж.Полотовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Самаркандек айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Самаркандек айылындагы Борбордук мечиттин жанынан 8-01-05-1001-2319 ид. кодундагы 0,08 га жер тилкесин курулуш куруп, көрктөндүрүү максатында мыйзамдын негизинде аукционго койулуу менен сатылуусуна макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Б.Гапаров |