Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылы 19-февралы №38
Макулдук берүү жөнүндө
Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Полотов Ж. билдирүүсүн жана Калкты таза суу менен камсыздандыруу боюнча “Ак-Татыр” подпроектисинде курулуш иштерин алып бара жаткан “Инженерная защита” ЖЧКсынын катын угуп, талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Калкты таза суу менен камсыздандыруу боюнча “Ак-Татыр” подпроектисинде жүрүп жаткан курулуш иштерин алып баруу максатында таза суу трубаларынын астына төшөө үчүн жумшак кум алууга Паскы -Арык айылынын үстүндөгү ак кумдан 0,50 га жер тилкеси карьерге бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Карьерди иштетүү үчүн тийиштүү уруксат берүүчү документтерди даярдоо жагы курулуш жумуштарын алып барып жаткан “Инженерная защита” ЖЧКсына тапшырылсын.
3.Алынып жаткан минералдык ресурс анык түрдө трубалардын астына төшөө үчүн гана колдонулуусу жана карьерди колдонуу 2025-жылдын 31-декабрына чейин деп белгиленсин.
4.Карьерди колдонуп бүткөндөн соң “Инженерная защита” ЖЧКсы тарабынан тийиштүү калыбына келтирүү (рекультивация) жумуштары аткарылуусу көрсөтүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылуусун камсыздоо жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мергеновго милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы М.Ташполотов) тапшырылсын.
7. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Төрага: | Ш.Б.Гапаров |