Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-4
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү Майлуу-Суу шаарынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жалпылоо отчетту угуу жана бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Майлуу-Суу шаарынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчетун угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Майлуу-Суу шаарынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү Майлуу-Суу шаарынын 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн отчету угулду деп табылсын.
3. Майлуу-Суу шаарынын мэрине, каржы бузуларга жол берген, муниципалдык мекемелердин жетекчилерине жана башка эсепчилерине тартип жоопкерчилигинин берүү жагы каралсын. Ошол эле, аныкталган каржы бузууларды толук жоюу жана мындан ары жол бербөө боюнча тиешелүү иш чаралар жүргүзүлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жана маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык Кеңештин бюджет,каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |