Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/12
2024-жылдын жыйынтыгы менен Кызыл–Кыя шаарынын
социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштер боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковдун отчету
жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы төмөнкүлөрдү белгилейт.
2024–жылда шаардын туруктуу өнүгүү стратегиясын жана Кызыл-Кыя шаарынын мэринин шаардын социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча кабыл алынган 4 жылдык Программасын аткаруунун үстүндө иш жүргүзүлүп, 2024–жыл ичинде шаардагы бардык өнөр-жай ишканалары, кичи жана орто бизнестин субъектилери социалдык инфраструктураны өнүктүрүү, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу боюнча бир топ натыйжалуу иштерди алып барышты.
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 2–бөлүгүнүн 3)–, 6)–пункттарына жана 48–беренесинин 12) – пунктуна негиз, күн тартибиндеги маселе шаардык кеңештин туруктуу комиссияларында каралып, талкууланганын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ кылат:
– макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө, кээ бир аткарылбай калган параметрлердин аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү чараларды колдонуу жана инвестицияларды тартуу жагы;
– шаардык кенеш тарабынан 2025-жыл үчүн бекитилген иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
– шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүн камсыз кылуу жана инфраструктураны өнүктүрүү үчүн Баткен өнүктүрүү фондунан каражаттарды жана инвестицияларды тартуу;
– шаардын тургундарын, чарбалык субьекттерди суу, электроэнергия жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– салыктардын, камсыздандыруу төлөмдөрдүн өз убагында жана толук бюджетке түшүүсүн камсыз кылуу жана кошумча булактарды табуу жагы;
– шаарды жашылдандыруу максатында өз убагында бак-дарактарды тигүү жана аларга тийиштүү кам көрүү жагы;
– шаардагы аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык паспортторду толтуруу жана аларга жөлөк пулдарды чегерүүдө, сүйүнчү пулдарды берүүдө орун алган кемчилдиктерди четтетүү, шаар калкын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү боюнча тийиштүү иш чараларды жүргүзүү жагы;
– шаардын тургундарына алгачкы медициналык–санитардык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, шаардагы жалпы балдардын өлүм көрсөткүчтөрүн, СПИД, туберкулез жана башка жугуштуу оорууларды азайтуу боюнча чараларды көрүү жагы;
– шаарда спорт жана дене тарбия тармагын өнүктүрүү, жаштар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында жаштарды спорт менен машыгууга тартуу жана аларга спорт менен машыгууга тийиштүү шарттарды түзүү боюнча чаралар көрүү жагы;
– шаарда укук бузуулар, диний экстремизм жана легалдуу эмес миграция менен күрөшүүнү күчөтүүгө жана шаардагы коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү жагы;
– билим берүү тармагында муктаж болгон мектептерди жана бала бакчаларды капиталдык ремонттон өткөрүүгө республикалык программага киргизүү боюнча иш аракеттерди жасоо жагы;
– шаардын архитектуралык жактан көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алынган шаардын Башкы планына негиз иштерди алып баруу жана мыйзамсыз курулуштарга жол бербөө иштерин күчөтүү жагы.
Төрага: | Ж.Аматов |
|
|
|