Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 токтому менен бекитилген |
Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын
социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга
көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык
стандарттар
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Социалдык стационардык мекеменин милдеттери жана функциялары
3. ССМге кабыл алуу шарттары
4. ССМде жашоо шарттары
5. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүн аныктоо жана жекече иш планын иштеп чыгуу
6. Социалдык кызматтарды көрсөтүү шарттары
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМден чыгаруу, убактылуу чыгаруу, которуу жана кетирүү шарттары
8. Корутунду жоболор
1-тиркеме. Арыз
2-тиркеме. Жеке иш планы
3-тиркеме. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке иш планын аткаруу (мониторинг) боюнча журналдын формасы
1. Жалпы жоболор
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык социалдык стандарттары (мындан ары - минималдуу стандарттар) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) социалдык стационардык мекемелерине колдонулат.
2. Бул минималдуу стандарттар стационардын шартында күнү-түнү туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, шартын жана тартибин белгилейт:
1) психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга (мындан ары - ДМЧ балдар);
2) психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - психоневрологиялык оорулары бар ДМЧА);
3) биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА);
4) улгайган курагына байланыштуу өзүн өзү тейлөөгө жөндөмсүз адамдарга, анын ичинде жубайларга (мындан ары - кары-картаңдар).
Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар биригип кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар деп аталат.
3. Социалдык стационардык мекемелерде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн тамак-аш азыктарына чыгымдардын ченеми жана дары-дармектер менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Социалдык стационардык мекеменин милдеттери
жана функциялары
4. Социалдык стационардык мекемелер (мындан ары - ССМ) ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
5. ССМдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн алардын курагына, ден соолугунун абалына адекваттуу үй шартына жакындаштырылган социалдык кызматтарды көрсөтүү;
2) ушул стандарттар менен белгиленген көлөмдөргө ылайык, стационардык шартында социалдык кызматтарды көрсөтүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен алардын жеке өнүгүүсүн, социализациялоо жана интеграциялоо деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык кызматтарды көрсөтүү;
4) берилүүчү социалдык кызматтардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
5) кодулоонун, басмырлоонун жана психикалык зомбулуктун, кемсинтүүнүн, орой мамиленин бардык түрлөрүнөн коргоо.
6. ССМдин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды алардын оорусун, абалынын оордугун, курагын эске алуу менен кабыл алуу жана жайгаштыруу;
2) аларды жаңы жагдайга көнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана түрлөрү ССМдин ички тартибинин эрежеси жөнүндө маалымдоо;
4) инсандын кол тийбестигин жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
5) ССМде жагымдуу моралдык-психикалык климатты түзүү;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ушул стандарттарга ылайык, ден соолугун чыңдоочу жана социалдык-реабилитациялык иш-чараларды өткөрүүгө багытталган зарыл социалдык кызматтардын комплексин көрсөтүү;
7) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маданий-тиричилик жашоо шарттарын жакшыртуу;
8) келүүчүлөрдү (туугандарын, ата-энелерин ж.б.) кабыл алуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
9) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке буюмдарынын жана баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу;
10) эмгекти уюштурууну өркүндөтүү жана ССМдин персоналынын квалификациясын жогорулатуу;
11) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 69-беренесинде белгиленген тартипте ССМдин администрациясына жүктөлгөн көзөмөлгө жана камкордукка муктаж болгон, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга карата камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн функциясын аткаруу;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ССМдин финансылык-чарбалык ишин жүргүзүү;
13) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын таламдарын соттук жана башка инстанцияларда жана уюмдарда билдирүү жана коргоо;
14) жакын туугандары жок болсо же сөөктү коюудан баш тарткан учурларда каза тапкан кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын сөөгүн коюунун расымдык кызматын көрсөтүүнү уюштуруу;
15) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга алардын диний ырым-жырымдарды аткарышы үчүн шарттарды түзүү;
16) ССМдин бардык адистери тарабынан кызматтык милдеттерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу.
3. ССМге кабыл алуу шарттары
7. Бюджеттик каражаттардын эсебинен аларга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн ССМде кызмат алуучуларды жөнөтүүнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу Социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечиминин негизинде кызмат алуучулардын жашаган орду боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - РСӨБ/ШСӨБ) балдары жана жакын туугандары карабай кеткен улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык стационардык мекемеге жиберүү зарылдыгына жараша жүргүзөт.
РСӨБ/ШСӨБсында кабыл алынган иштер ушул Жобонун 10-пунктунун 1-15-пунктчаларында көрсөтүлгөн коштоочу документтер жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими менен бирге СЖКМТга (электрондук дело) ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. РСӨБ/ШСӨБ квартал сайын муктаж болгон жарандарды ССМге жөнөтүү тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу органга СЖКМТ аркылуу берүүгө милдеттүү.
СЖКМТ техникалык себептер менен иштебей калгандыктан электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формаларга ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.

9. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды жайгаштыруу боюнча процессти координациялоону ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
10. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМге кабыл алуу, ССМге РСӨБ/ШСӨБ тарабынан берилүүчү төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы (ушул стандарттын 1-тиркемеси);
2) турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
3) ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими;
4) туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт;
5) өзүн ырастаган документ (паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу ырастама);
6) медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген формасы боюнча);
7) үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
8) кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңги затка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат);
9) көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы;
10) алуучу пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат;
11) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат;
12) 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт);
13) ДМЧА реабилитациялоонун жекече программасынан көчүрмөсү;
14) пенсиялык курактагы адамдар үчүн - пенсиялык ырастаманын көчүрмөсү;
15) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар үчүн - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастаган ырастаманын көчүрмөсү;
16) РСӨБ/ШСӨБ жолдомосу.
11. Документтердин көчүрмөлөрү РСӨБ/ШСӨБкө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана СЖКМТга киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат.

12. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары, ошондой эле аларга теңештирилген адамдар ССМге биринчи кезектеги тартипте Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык аларды күтүүгө, камкордук көрүүгө милдеттүү, эмгекке жарамдуу жашы жеткен жакын туугандарынын болгондугуна карабастан, кабыл алынат.
13. ССМге жиберүү жөнүндө кайрылган жарандын өзүн ырастаган документи жок болгон учурда РСӨБ/ШСӨБтүн кызматкерлери тийиштүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте тийиштүү документтерди алууга көмөк көрсөтөт.
14. Социалдык тейлөөгө муктаж кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМге кабыл алуу ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде жана жашаган жери боюнча РСӨБ/ШСӨБтүн жолдомосунун негизинде ССМдин жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Психоневрологиялык ССМге төмөнкү психоневрологиялык оорулары менен ДМЧА, ДМЧ балдар кабыл алынат:
1) бардык деңгээлдеги акыл эсинин кемтиги барлар, анын ичинде акыл эсинин жеңил түрүндөгү кемтиги, мында кыймыл-аракети жана башка бузуулар менен айкалышы атайын мектептерде окутуу процессин кыйындатат;
2) айына 3-5 жолудан ашык эпилепсия пристубу менен акыл эсинин кемтиги;
3) баш мээсинин кандай түрдө болбосун органикалык оорунун кесепетинен акыл эсинин кемтиги;
4) курчубай турган түрүнөн тышкары деффектиси абдан билинген шизофрения;
5) курч психотикалык симптоматикасы жок акыл эсинин кемтиги же психикалык деффектисинин одоно көрүнүшү менен мүнөздөлгөн психикалык оорулардын узакка созулган формалары;
6) баш мээсинин жугуштуу оорулардан кийинки же башка органикалык оорулардан кийинки кесепеттери (энцефалиттер, кургак учук менингиттери, менингоэнцефалиттер, мээнин котон жарасы жана башка жугуштуу жана органикалык оорулар) акыл эсинин кемтигинин көрүнүштөрү менен;
7) өнөкөт алкоголизмдин кесепеттеринен улам акыл эсинин кемтигинин абдан билинген көрүнүшү;
8) деменция көрүнүштөрү менен баш сөөк-мээ жаракаттарынын кесепеттери;
9) деменция көрүнүштөрү менен баш мээсинин жугуштуу жана башка органикалык оорулардын кесепеттери;
10) психомотордук тынчсыздануу жана аң-сезиминин абалы узакка созулган же курчуу көрүнүшү жок деменция көрүнүштөрү менен кан тамыр жана синилдик оорулар.
16. Психоневрологиялык ССМге кабыл алуудан баш тартууга медициналык каршы көрсөткүчтөр болуп төмөнкү оорулардын болушу саналат:
1) кайра-кайра кайталануу, эпистатусу, аң-сезиминин эңги-деңги абалы, тез-тез болуучу дисфорриялары бар тез-тез калтырак приступтары менен (айына 5 жолудан ашык) эпилепсия;
2) деффектиси анча билинбеген жана тез-тез курчуу абалындагы шизофрения;
3) ар кандай психикалык оорулар, мында баланын жалпы билим берүүчү жана атайын мектептерде окуусу мүмкүн;
4) активдүү стадия процессиндеги кургак учук, карантиндик жугуштуу оорулар, чачтын жана теринен жугуштуу оорулары, венерикалык оорулар;
5) курчуу алдындагы жана курчуу стадиясындагы психикалык оорулар;
6) өнөкөт психикалык оорулардын курчуу абалы;
7) атайын медициналык уюмдарда стационардык дарылоону талап кылган башка оорулар.
17. ДМЧА жана улгайган жарандар үчүн ССМге төмөнкүлөр кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 92-беренеси боюнча өз ата-энелерин (жубайын) күтүүгө, аларга камкордук көрүүгө милдеттүү эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдары, жубайы жок же (улгайган курагынын, биринчи, экинчи топтогу майыптуулугунун, онкологиялык, психикалык оорусунун, эркиндигинен ажыратуу жерлеринде болушунун айынан же өлкөнүн чектеринен сырткары туруктуу жашоого чыгып кеткендигинин себебинен) объективдүү себептер боюнча аларга туруктуу жардамды жана кароону аларга камсыз кыла албаган, өзүн тейлөөгө жөндөмсүз жана ден соолугунун абалы боюнча стационардын шартында атайын социалдык кызматтарды алууга муктаж "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктунда белгиленген пенсиялык куракка жеткен ДМЧА жана улгайгандар.
18. ССМде ДМЧА жана улгайган жарандардын жашоосу үчүн медициналык карама-каршы көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) активдүү стадия процессиндеги кургак учук;
2) психикалык оорулар (невроздор, соматикалык ооруда неврозго окшогон абалдардагы акыл-эсинин жеңил даражадагы кемтиги, ар кандай этиологиядагы сейрек калтырама синдрому (2-3 айда бир жолудан ашык эмес) кошпогондо, эс учун жоготуу менен акыл эсинин кемтиги жок жана анча өзгөрүүлөрү жок);
3) карантиндик жугуштуу оорулар, теринин жана чачтын жугуштуу оорулары, венерикалык оорулар, ошондой эле атайын медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулар;
4) өтө тез өнүккөн өнөкөт шишик оорулары;
5) өнөкөт алкоголизм, баңгилик;
6) денесинин температурасы жогорулоо менен коштолгон бардык абалдар жана денесинин кызарышы, врачтын корутундусуна чейин;
7) атайын медициналык мекемелерде стационардык дарылоону талап кылган башка оорулар.
19. Туруктуу жашаган жери жок адамдарды ССМге РСӨБ/ШСӨБ жөнөтөт.
4. ССМде жашоо шарттары
20. ССМде жашоо шарттары санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге, имараттардын коопсуздугунун талаптарына, анын ичинде өрт коопсуздугунун талаптарына ылайык келет.
21. ССМдин имараты тиешелүү тармактардын ченемдерине жана эрежелерине ылайык (уктоочу жай, дарылоочу-ден соолукту чыңдоочу корпустар, тамак-аш блогу, мончо-кир жуучу жай, администрациялык курулмалар ж.б.) жашоонун ыңгайлуулугун, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын аларга тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүгүн, жайлардын ичинде жана ал имараттарга чектеш аймактарга жүрүүнү камсыз кылуу максатында заманбап атайын ыңгайлаштырылган жабдыктар менен жабдылат.
22. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар ден соолугунун абалын, курагын, жынысын эске алуу менен жашоочу бөлмөлөргө жайгаштырылат. ССМде жашаган жубайларга чогуу жашоо үчүн өзүнчө жашоочу бөлмө бөлүнөт.
23. Балдардын психоневрологиялык ССМинде балдар топтор боюнча, алардын курагын, дене боюнун жана интеллектуалдык абалдарын эске алуу менен бөлүштүрүлөт. Ар бир топко туруктуу тарбиячы бекитилет.
24. Психоневрологиялык ССМде ээ-жаа бербеген жана зулум оруулар өзүнчө палаталарда жайгаштырылат.
25. ССМде жашоо тартиби ССМдин жетекчиси бекиткен ички күн тартибинин эрежелери менен аныкталат.
26. ССМде убактылуу болуу шартында кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жашоосу ССМдин жетекчисинин кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу же анын мыйзамдуу өкүлү менен түзгөн келишими менен таризделет, анда убактылуу болуунун мөөнөттөрү, кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрү жана түрлөрү аныкталат.
5. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын
социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүн
аныктоо жана жекече иш планын иштеп чыгуу
27. Ар бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүн баалоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-августундагы № 535 токтому менен бекитилген Жергиликтүү деңгээлде социалдык кызмат көрсөтүүлөргө калктын керектөөлөрүн баалоону жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык ССМдин социалдык кызматкерлери, дарыгерлери, педагогдору жана башка адистери тарабынан аныкталат.
28. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун керектөөлөрүн баалоонун негизинде, реабилитациялоонун жекече программасын (мындан ары - жекече план) эске алуу менен, ССМдин адистери тарабынан ар бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга бир жыл мөөнөткө ССМге келген күндөн тартып он төрт календардык күн бою ага байкоо жүргүзгөндөн кийин жекече иш планы иштелип чыгат (ушул стандарттардын 2-тиркемеси).
29. Мурдагы жекече пландын колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин, кийинки беш жумушчу күндүн аралыгында кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга жаңы жекече план иштелип чыгат.
30. Ар бир кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга жекече пландар жана жекече планды түзүүнү жана аткарылышын контролдоочу жооптуу адам ССМдин жетекчиси тарабынан бекитилет.
31. Реабилитациялык иш-чаралар ССМдин адистери тарабынан жекече планда көрсөтүлгөн мөөнөттө өткөрүлөт.
32. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ден соолугунун абалы ай сайын дарыгерлер тарабынан каралууга тийиш (зарылчылыкка жараша жума сайын, күнүгө).
33. Жекече планды жүзөгө ашырууга квартал сайын мониторингди ССМдин адистери жүргүзөт.
34. ССМдин адистери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралар жана квартал сайынкы мониторингдин жыйынтыктары жекече планды аткаруу боюнча журналда (мындан ары - журнал) көрсөтүлөт (ушул стандарттардын 3-тиркемеси).
35. Жекече планга өзгөртүүлөр квартал сайын (зарыл болгон учурда ай сайын) ССМдин адистери жүргүзгөн мониторингдин натыйжасынын негизинде киргизилет. Мониторингдин жыйынтыктары боюнча ССМдин адистери зарыл болгон учурда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жекече пландарына түзөтүү киргизишет.
36. ССМде зарыл адистер жок болгон учурда, башка уюмдардан адистерди жекече планды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, реабилитациялык иш-чаралардын же консультациялардын натыйжалуулугун баалоо үчүн келишимдик негизде тартууга жол берилет.
37. ССМдин социалдык иштер боюнча адиси тарабынан паллиативдик жардам кызматы жана медициналык айымдын кароосу талап кылынган оорунун терминалдык (акыркы) стадиясында болгон айыкпас оорулууларды аныктоого ай сайын мониторинг жүргүзүлөт.
38. ССМдин бардык адистерине карата кызматтык милдеттердин сапаттуу аткарылышына ССМдин администрациясы тарабынан үзгүлтүксүз контролдоо жүргүзүлөт.
39. ССМдин адистеринин ишинин сапаты ыйгарым укуктуу орган, анын ичинде РСӨБ/ШСӨБдүн катышуусу менен бааланат.
6. Социалдык кызматтарды көрсөтүү шарттары
40. Социалдык-тиричилик кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегинин "Социалдык тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызматтар" I бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык берилет.
41. Көрсөтүлүүчү социалдык-тиричилик кызматтары төмөнкүдөй тиешелүү минималдуу ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш:
- турак жайлар санитардык-гигиеналык ченемдерге жана талаптарга ылайык келүүгө тийиш, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин интернат үйлөрүндө жана Майыптарды медициналык-социалдык экспертизалоо жана реабилитациялоо борборунун стационарында жаткандарга берилүүчү мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарга ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жашоосунун ыңгайлуулугун камсыз кылышы керек;
1) уктоочу бөлмөлөрдү берүү ДМЧ балага төрт чарчы метрден кем эмес жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу чоң кишиге алты чарчы метрден кем эмес эсебинде жүргүзүлөт;
2) ССМдеги жайлар эмерек жана (же) реабилитациялык, дарылоочу, билим берүүчү, маданий иш-чаралар, дарылоо эмгектик ишмердүүлүк, өзүн өзү тейлөөгө үйрөтүү үчүн атайын жабдуулар менен жабдылат;
3) бардык турак, кызматтык жана өндүрүштүк жайлар телефон байланышы менен жабдылат жана коммуналдык-тиричилик ыңгайлуулуктун бардык каражаттары менен камсыз кылынат;
4) жайлар персоналдын, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ден соолугуна жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатына терс таасир тийгизген ар кандай факторлордун (абанын температурасынын жогорулашы, абанын нымдуулугу, чаң, вибрация жана башка жагымсыз шарттар) таасиринен корголот;
5) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды турак жайларга (бөлмөлөргө) жайгаштырууда, алардын ден соолугунун абалы, курактык өзгөчөлүктөрү, дене-бой жактан жана психикалык абалы, шыктары, психологиялык шайкештиги, инсандык жактан өнүктүрүү жана социализациялоо деңгээли эске алынат;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга берилүүчү кийим-кечек, бут кийим, ич кийимдер жана башка күндөлүк керектелүүчү буюмдар кийүүгө ыңгайлуу, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жынысына, боюна, өлчөмдөрүнө туура келүүгө, фасону, өңү-түсү боюнча алардын суроо-талаптарына мүмкүнчүлүктөрүнө, ошондой эле санитардык-гигиеналык ченемдерге жана талаптарга жооп берүүгө тийиш;
7) ысык тамак, анын ичинде диеталык жакшы сапаттагы азыктардан даярдалат, тең салмактуулуктун жана калориялуулуктун талаптарына жооп берет, санитардык-гигиеналык талаптарына ылайык келет жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ден соолугунун абалын эске алуу менен берилет;
8) ССМдин жетекчиси тарабынан учурдагы жуманын менюсу жана сезонго (жаз-жай, күз-кыш) жараша кийинки жумага келечектеги меню бекитилет;
9) чач-тарач кызмат көрсөтүү атайын жабдылган бөлмөдө санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт;
10) өзүнүн дене боюна зыян алып келиши мүмкүн болгон жана айлана-чөйрөдөгүлөр үчүн коркунуч жараткан ДМЧА, ДМЧ балдар үчүн жана ушул себептен кошумча кароого, күчөтүлгөн байкоого муктаждарга кечиктирилгис экстрендик медициналык жардам көрсөтүлөт;
11) инсандык жана социалдык статусту калыбына келтирүүгө өбөлгө болгон кол эмгеги жана эмгектик көндүмдөрдү калыптандыруу, ошондой эле жумушчу орундарды уюштуруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын оорусунун мүнөзүн жана/же майыптуулугун, дене боюнун абалын эске алуу менен тийиштүү шарттар түзүлөт;
12) ДМЧА, ДМЧ балдарды өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүнө, тиричиликтик багыттоонун негиздерине (тамак-аш даярдоо, столду кооздоо, идиш-аякты жуу, бөлмөнү/жайды тазалоо жана башка жөндөмдөрдү) үйрөтүү үчүн зарыл тиричиликтик техника жана эмерек менен жабдылган социалдык-тиричиликтик багыттагы кабинеттер түзүлөт;
13) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды дарылоо, окутуу, маданий иш-чараларга катышуусу үчүн автомобиль транспорту менен ташууда автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо ченемдери жана эрежелери, жол кыймылынын коопсуздугунун талаптары сакталат;
14) диний ырым-жырымдарды өткөрүү үчүн шарттарды түзүүдө кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын дин тутуусу, курагы, жынысы, дене боюнун абалы, ар кандай конфессияларда кабыл алынган диний ырым-жырымдардын өзгөчөлүктөрү эске алынат;
15) ДМЧА жана улгайган жарандарга эмгектик көндүмдөрдү, билимдерди жана жөндөмдөрдү калыптандыруу максатында алардын жеке суроо-талаптарынан алганда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын инсандык жана социалдык статусун калыбына келтирүүгө өбөлгө болгон жеткиликтүү кесиптик көндүмдөргө окутуу боюнча иш-чараларга активдүү катышуусун камсыз кылган эмгектик ишмердүүлүктүн түрлөрү дайындалат;
16) дарылоо-эмгектик ишмердүүлүктү жүргүзүү атайын уюштурулган жайларда (өнөрканаларда) ишке ашырылат жана ССМде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды алардын ден соолугунун абалын эске алуу менен, жашоо турмушунун ар кандай түрлөрүнө тартууга мүмкүндүк берген шарттарды түзүүнү камсыз кылат;
17) тиричиликтик тейлөөнү камсыз кылуу (ич кийимди, кийимди, шейшептерди жуу, кургатуу, үтүктөө, дезинфекциялоо) сапат талаптарына жооп берет;
18) ССМдин аймагында кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын бардык категориялары үчүн жеткиликтүү спорттук аянтчалар, эс алуу аянтчалар жайгаштырылат;
19) кайтыш болгон кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн дин тутууну эске алуу менен расымдык ырым-жырымдарды уюштуруу үчүн атайын жайды берүү;
20) байкоо жүргүзүлгөн же төшөк режиминде жаткан жана ден соолугунун абалы боюнча өзүн өзү тейлөөчү демейки процедураларды аткарууга жөндөмсүз кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жеке тейлөөчү социалдык-тиричиликтик жана гигиеналык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү (бул кызматтарды тейлөөчү персонал көрсөткөндө алардын ден соолугуна кандайдыр бир зыян келтирбестен, дене-боюна же моралдык жапа чегүүнү жана ыңгайсыздыкты алып келбестен аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга карата өзгөчө тактыкты сактоосу зарыл);
21) оорунун өнөкөткө айланып күчөп кеткен абалында же оорунун терминалдык (акыркы) стадиясында болгон ДМЧА, улгайгандарга үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүү максатында, паллиативдик жардамдын палаталары (бөлүмдөр) түзүлөт;
22) каттарды жазууда жана окууда жардам көрсөтүү;
23) ден соолугунун абалы боюнча демейки тиричилик процедураларын, анын ичинде төшөктөн туруу, төшөккө жатуу, кийинүү жана чечинүү, жуунуу, тамак ичүү, суу ичүү, дааратканага баруу, идишти колдонуу, басуу, тишин же жаагын тазалоо, тырмак алуу, эркектерге сакал, мурут алуу сыяктуу аракеттерди аткарууга жөндөмсүз кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жеке тиричилик жана гигиеналык мүнөздөгү тейлөө көрсөтүү (ССМдин тиешелүү адистери тарабынан өз убагында жана сапаттуу аткарылат).
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр мамлекеттик тилдеги текстке дал келбейт
42. Дайыма бөтөн адамдын кароосун талап кылган адамдар өзүн өзү тейлөөгө жөндөмдүү ДМЧдан жана улгайган адамдардан бөлөк жашашы керек;
43. ССМде жашаган кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу кайтыш болгон учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы № 727 токтому менен бекитилген Расымдык (сөөк коюу боюнча) жөлөкпулду дайындоо, төлөө тартиби жана өлчөмү жөнүндө жобого ылайык расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөнөт.
44. Социалдык-медициналык кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин "Социалдык тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызматтар" I бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык берилет.
45. Көрсөтүлүүчү социалдык-медициналык кызматтар төмөнкүдөй минималдуу ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) медициналык-социалдык текшерүүнү уюштуруу жана өткөрүү (зарыл болгон учурда саламаттык сактоо уюмдарынын адистерин тартуу менен);
2) протездик-ортопедиялык буюмдарга, майыптык кресло-коляскаларга, чыгырык ж.б. менен муктаж болгон кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды техникалык көмөкчү жана милдеттүү гигиеналык каражаттар менен өз алдынча колдонуунун практикалык көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында аларды колдонууга үйрөтүү;
4) дарылаган дарыгердин дайындоосуна ылайык медициналык процедураларды (теринин астына жана булчуңга ийне саюу, компресстерди коюу, байлоо, узакка жаткандыктан көгөрүп бара жаткан, жара болгон жерлерди тазалоо, жоон ичегиге суу киргизип тазалоону аткаруу, лабораториялык изилдөөлөрдү өткөрүү үчүн материалдарды алуу, катетерлерди жана башка медициналык буюмдарды колдонууда жардам көрсөтүү), ошондой эле ден соолугу менен байланыштуу башка процедураларды (дарыларды ичүү, тамчыларды тамчылатуу жана башка процедураларды) жүргүзүү (кызмат алуучуларга кандайдыр бир зыян келтирбестен, болушунча тыкандык жана этияттык менен жүргүзүлөт);
5) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ден соолугунун абалына (дененин температурасын, артериалдык кан басымын өлчөө жана башка процедуралар) күн сайын байкоо жүргүзүү, дарылаган дарыгердин дайындоосуна ылайык дарыларды берүү, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ары-бери басуусуна (зарыл болгон учурда) жана башка кыймыл-аракеттеринде жардам көрсөтүү;
6) дарыгерге чейинки жардамды өз убагында көрсөтүү жана алдын-ала диагнозду аныктоону, туура коюуну жана дары-дармектерди алууну, чакырылган дарыгердин келишине чейин аларды ичүү тартибин камсыз кылуу;
7) ден соолугун чыңдоо үчүн системалуу аткаруу максатында кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеткиликтүү жана ден соолук үчүн коопсуз дене боюнун көнүгүүлөрүнүн комплексин өздөштүрүүнү камсыз кылуусу үчүн дарылоо-дене боюнун көнүгүүлөрүн аткарууда жардам көрсөтүү;
8) дарылоо-ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштурууну кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын соматикалык абалын, алардын жекече керектөөлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен жүргүзүү;
9) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды саламаттык сактоо уюмдарында, дарылоо-алдын алуу мекемелеринде жаткыруу же жаткырууга көмөктөшүүнү ыкчам жана өз убагында, медициналык көрсөткүчтөр боюнча жүргүзүү;
10) ден соолугунун абалын терең жана ар тараптуу изилдөө үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга бардык көрсөтүлгөн дарыгер адистерден диспансеризациялоону өтүүнү уюштуруу;
11) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды саламаттык сактоо уюмдарына жаткырууда социалдык иш боюнча адис жана (же) тейлеген дарыгер (зарыл болгон учурда) тарабынан коштоп жүрүү;
12) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар менен зыяндуу адаттарды алдын-алуу жана алардан арылуу боюнча зыяндуу адаттардын өлүмгө, терс натыйжаларга алып келе тургандыгын түшүндүрүүгө багытталган жеке ишти өткөрүү жана конкреттүү жагдайлардан алганда бул адаттарды алдын-алуу жана алардан арылуу боюнча зарыл сунуштамаларды берүү;
13) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар тарабынан алардын алдында турган социалдык-медициналык көйгөйлөрдү (тамак-аш жана турак-жайдын гигиенасы, ашыкча салмактан, зыяндуу адаттардан арылуу, ар кандай ооруларды алдын-алуу, психосексуалдык жактан консультация берүү, жаш курактык адаптациялоо, жаш курактык өзгөрүүлөр жана башка көйгөйлөрдү) туура түшүнүүдө жана чечүүдө квалификациялуу жардам көрсөтүү боюнча социалдык-медициналык маселелер боюнча консультация берүү;
14) зарыл болгон учурдан тартып өмүрүнүн акырына чейин паллиативдик жардам көрсөтүү кызматтарын жана медициналык айымдын кароосун берүү;
15) паллиативдик жардам көрсөтүүчү палаталарда (бөлүмдөрдө) күнү-түнү байкоо жүргүзүү дарыгердин дайындоосу боюнча медициналык персонал (медициналык айым) жүргүзөт;
16) катуу ооруган кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуу, дары-дармек препараттарын, реабилитациялоо каражаттарын берүү боюнча социалдык кызматкерлерди дайындоо;
17) саламаттык сактоо уюмдары менен паллиативдик жардам көрсөтүү жана медициналык айымдын кароо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү тейлеген дарыгер жүргүзөт;
18) медициналык-социалдык экспертизаны өткөрүүдө көмөк көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы № 68 "Кыргыз Республикасында медициналык-социалдык экспертиза жөнүндө" токтому менен бекитилген Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлөт;
19) медициналык-социалдык текшерүүнү уюштуруу, квалификациялуу консультацияны берүү, алгачкы медициналык кароону жана дарыгерге чейинки баштапкы жардамды, баштапкы медициналык-санитардык жардамды көрсөтүү максатында баштапкы санитардык тазалоо өткөрүү;
20) реабилитациялык иш-чараларды өткөрүү кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ден соолугунун абалын эске алуу менен жүргүзүлөт, алар үчүн социалдык-чөйрөлүк багытка жана социалдык-тиричилик адаптациялоого багытталган оптималдуу медициналык иш-чаралардын комплексин аткарууну камсыз кылат;
21) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке керектөөлөрүнөн жана алардын ден соолугунун абалына жараша медициналык көрсөткүчтөрү жана курактык өзгөчөлүктөрү боюнча "ден соолук топторун" түзүү жана ишин уюштуруу;
22) психотерапевттик жардамды көрсөтүү кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын турмуштук кыйынчылыктарынын жана жеке чыр-чатактуу көйгөйлөрдүн негизинде жаткан курч психотравмалык жана стресстик кырдаал, жашоо-турмуштун жана тиричиликтин өзгөрүлүп жаткан шарттарына социалдык көнүктүрүү сыяктуу көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүнү шарттайт;
46. Социалдык-психологиялык кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин "Социалдык тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызматтар" I бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык берилет.
47. Көрсөтүлүүчү социалдык-психологиялык кызматтар төмөнкү минималдуу ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга чыр-чатактарды алдын-алуу жана болтурбоо үчүн адамдар менен мамилелерди жөндөө боюнча квалификациялык жардамды көрсөтүү үчүн психологиялык консультация берүү;
2) психологиялык жардам көрсөтүү жана инсандык, социалдык статусту калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды өткөрүү боюнча психодиагностика жана инсанды текшерүү жүргүзүү;
3) өткөрүлгөн психодиагностиканын жана инсанды текшерүүнүн негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга коррекциялык иш-чараларды өткөрүү боюнча божомолдорду түзүү жана сунуштамаларды иштеп чыгуу;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жүрүш-турушундагы четтөөлөрдөн арылууга же басаңдатууга, эмоциялык абалына активдүү психологиялык таасир көрсөтүү катары психологиялык коррекцияны камсыз кылуу (айрым адамдардын эмоциялык жооп кайтаруусу жагымсыз түрлөрү жана стереотиптери, чыр-чатактык мамилелер жана жүрүш-турушундагы башка четтөөлөр) (бул көрсөткүчтөрдү курактык ченемдер жана социалдык чөйрөнүн талаптарына ылайык келтирүүгө мүмкүндүк берет);
5) психикотравмалык кырдаалды, нервдик-психикалык чыңалууну ылдыйлатууда активдүү психикалык таасир көрсөтүү катары психологиялык тренингдерди өткөрүү (жашоо-турмуштун ассоциалдык түрүнөн арылуу, өзгөрүп жаткан шарттарга көнүктүрүү үчүн инсандык өбөлгө түзүү үчүн);
6) социалдык-психологиялык патронажды психикалык дискомфорт, жеке (өзүнчө) же адамдар аралык чыр-чатактын жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын кыйын турмуштук кырдаалын тереңдетүүнү шарттаган башка кырдаалдарды өз убагында аныктоо катары кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды системалык байкоо жүргүзүүнүн негизинде камсыз кылуу жана ошол учурда зарыл болгон социалдык-психологиялык жардамды көрсөтүү;
7) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды өз ара колдоо топторунда, баарлашуу клубдарында кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды дискомфорт абалынан чыгаруу, психикалык ден соолугун колдоо жана бекемдөө, стресске туруктуулугун, психикалык маданиятынын деңгээлин, биринчи кезекте адамдар аралык мамилелерде жана баарлашууда жогорулатуу үчүн сабактарды өтүүгө тартуу;
8) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга кечиктирилгис психологиялык консультацияны камсыз кылуу, аларды кризистик абалдан чыгаруу үчүн дене боюнун, руханий, жеке, интеллекттик ресурстарын мобилизациялоодо, аларда келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө жана кыйынчылыктардан арылууда, өзүндө ишенимди бекемдөөдө өзүнө ылайыктуу каражаттардын диапазонун кеңейтүүдө тез арада психологиялык жардамды көрсөтүү;
9) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жашоого кызыгуусун, психикалык ден соолугун чыңдоодо, алардын стресске туруктуулугун жана психикалык корголушун бекемдөө үчүн баарлашууну, аңгемелешүүнү, угууну, кубаттоону, активдүүлүккө мотивациялоону жүргүзүү.
48. Социалдык-педагогикалык кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин "Социалдык тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызматтар" I бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык берилет.
49. Көрсөтүлүүчү социалдык-педагогикалык кызматтар төмөнкү минималдык ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) социалдык-педагогикалык консультация кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга алардын астында турган социалдык-педагогикалык көйгөйлөрдү туура түшүнүүдө жана чечүүдө квалификациялык жардамды көрсөтүүнү камсыз кылат;
2) социалдык көндүмдөрдү калыптандыруу жана коррекциялык-өнүктүрүүчү окутууну өткөрүү үчүн ДМЧ, ДМЧА балдарды алардын курактык өзгөчөлүктөрүн жана социалдык көндүмдөрүн эске алуу менен (төрттөн жети жашка чейин, сегизден он бир жашка чейин, он экиден он сегиз жашка чейин, он сегизден жыыйырма үч жашка чейин жана зарыл болсо андан улуу курактагыларды) төмөнкүдөй толуктоо менен топторго бөлүштүрүү:
- алты адамдан ашык эмес - өзүн-өзү тейлөөнүн жана жеке гигиенанын демейки көндүмдөрү жок (өз алдынча кыймылдабайт, тамактана албайт) шартта дайыма башканын кароосуна муктаж;
- сегиз адамдан ашык эмес - өзүн-өзү тейлөөнүн жана жеке гигиенанын демейки көндүмдөрү калыптанган (жарым-жартылай калыптанган) шартта дайыма башканын байкоосуна муктаж;
- он адамдан ашык эмес - турмуш-тиричиликтик көндүмдөр калыптанган (жарым-жартылай калыптанган) шартта;
- он эки адамдан ашык эмес - колу эмгегинин көндүмдөрү калыптанган шартта (эмгектик багыттоо программаларын ишке ашыруу үчүн топ алты адамдан турган топчолорго бөлүнөт);
3) педагогикалык диагностикалоо жана инсанды текшерүү заманбап приборлорду, аппаратураны, тесттерди колдонуу менен өткөрүлөт жана кризистик же чыр-чатактык кырдаалга туш болгон кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуга белгиленген диагнозго ылайык натыйжалуу педагогикалык жардам көрсөтүү ДМЧАнын, ДМЧ балдардын интеллекттик өнүгүүсүн аныктоо, алардын шыктарын изилдөө үчүн ДМЧАнын, ДМЧ балдарды ар тараптан изилдөөнүн негизинде берет;
4) ДМЧА жана ДМЧ балдарды окутууну уюштуруу билим берүү жагында ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген атайын окуу программалары боюнча жүргүзүлөт;
5) атайын окуу программалары боюнча билимди алуу ДМЧ, ДМЧА бар балдарда анын формаларын аныктоону жана окутууну уюштурууда аларга практикалык жардам көрсөтүүнү камтыйт, мында алардын социалдык-педагогикалык көнө билүүсүнүн деңгээли, билимдеринин деңгээли, дене боюнун жана психикасынын абалы эске алынат;
6) жеткиликтүү кесипкөй көндүмдөрдү окутуу, инсандык жана социалдык статусун калыбына келтирүү боюнча иш-чаралар атайын жабдылган кабинеттерде жүргүзүлөт;
7) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларда бар болгон эмгектик көндүмдөрүн текшерип-изилдөө боюнча иш-чаралар алардын жекече өзгөчөлүктөрүн, мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелүү деңгээлин, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын дене боюнун жана психикасынын абалын эске алуу менен жүргүзүлөт;
8) ДМЧАда алардын колунан келген эмгектик көндүмдөрдү калыптандыруу, ошондой эле улгайган адамдарда жоголгон тиричиликтик көндүмдөрдү калыбына келтирүү боюнча жеке сабактар уюштурулат;
9) тиричиликтик багыттоонун негиздерине окутуу көрсөтмөлүү жана натыйжалуу болуп саналат, алардын жыйынтыктары боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар тамак даярдоо, кийимди оңдоо, турак жайды тазалыкта кармоо жана аймакты көрктөндүрүү сыяктуу тиричиликтик процедураларын толук көлөмдө өздөштүрүшөт;
10) жаңсоо тилин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү жана кызмат көрсөтүүлөрдү жаңсоо тилине которуу ССМ адистери менен кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын өз ара байланышын түзүүгө өбөлгө болот.
50. Социалдык-укуктук кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин "Социалдык тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызматтар" I бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык берилет.
51. Көрсөтүлүүчү социалдык-укуктук кызматтар төмөнкү минималдуу ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) социалдык жактан коргоо (социалдык кызматтар, социалдык камсыз кылуу) укугу менен байланышкан маселелер боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга консультация берүү;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга акчалай компенсацияларды, пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөөлөрдү алууда аларга көмөк көрсөтүү;
3) социалдык-укуктук маселелер (жарандык, тиричиликтик, үй-бүлөлүк, эмгекттик, пенсиялык, кылмыш-жаза мыйзамдык жана башка тармактар) боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга консультация берүү; аларды кызыктырган ченемдик укуктук актылар жана тийиштүү маселелер боюнча укуктар жөнүндө толук түшүнүк берет, бул маселелерди иш жүзүндө чечүү үчүн зарыл болгон документтерди (арыз, доо, маалымкат жана башка документтерди) даярдоодо жана тийиштүү даректегилерге жөнөтүүдө зарыл жардамды көрсөтөт;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын мыйзамдык укуктарын бузган же кемсинткен мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызмат адамдарынын аракеттерине же аракетсиздигине даттанууну даярдоодо жардам көрсөтүү (аларга даттанууда даттанылуучу аракеттин маңызын, жол берилген бузууну четтетүү талабын юридикалык жактан сабаттуу баяндоо жана даттанууну дареги боюнча жөнөтүүгө жардам көрсөтүү);
5) жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөмдөрдү алуу үчүн, бала багып алуу жана ДМЧ балдарды үй-бүлөдө тарбиялоонун башка формалары үчүн, ДМЧАны жана улгайгандарды ишке орноштуруу үчүн документтерди тариздөөдө юридикалык жардам көрсөтүү менен балдардын ким экендигин тастыктоочу, мыйзам боюнча алына (кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга зарыл болгон документтердин маанисин алардын арналышына жараша түшүндүрүп берүүнү камсыз кылат), документтердин текстин жазуу, же формалык бланктарды толтуруу, коштоочу каттарды жазуу;
6) камкордук кылуу жана көзөмөлчүлүк органдарына ДМЧ балдарды жайгаштырууга, багууга, патронатка, камкордукка алууга көмөк көрсөтүү, ар бир жашы жете электи андан ары жайгаштыруу үчүн зарыл болгон ар бир жашы жете электин өздүк көктөмөсүн даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылуу;
7) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын ким экендигин ырастаган документтерди (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, пенсиялык ырастама ж.б.) алууда жана/же кайра калыбына келтирүүдө көмөк көрсөтүү;
52. Социалдык-маданий кызматтар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-майындагы № 255 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкына көрсөтүлүүчү кепилдик кылынган "Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесинин социалдык тейлөөнүн стационардык уюмдарында берилүүчү кызматтар" I бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык берилет.
53. Көрсөтүлүүчү социалдык-маданий кызматтар төмөнкү минималдуу ченемдерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн майрамдарды, мааракелерди, туулган күндөрдү, экскурсияларды өткөрүү, театрларга, кинотеатрларга, көргөзмөлөргө, концерттерге жана башка маданий жана эс алуу иш-чараларга баруу ССМдин жетекчиси тарабынан бекитилген кварталдык план боюнча жүргүзүлөт;
2) көркөм кол өнөрүнүн ийримдерин, кызыкчылыктары боюнча клубдарды уюштуруу (кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын социалдык-маданий жана руханий керектөөлөрүн канааттандырууга, баарлашуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталат);
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды газеталар, журналдар, китептер ж.б. менен камсыз кылуу боюнча иш-чараларды өткөрүү жолу менен маалыматтык-агартуучулук иштерди уюштуруу;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды концерттердин жана сценарийлердин программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга тартуу (кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жалпы жана маданий кругозорун кеңейтүүгө, чыгармачылык активдүүлүгүн жогорулатууга түрткү берет);
5) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды эс алуу иш-чараларына тартуу (ССМдин жамаатынын коомдук турмушуна катышуу аркасында социалдык жана коммуникативдик байланыштарды жөнгө салууга түрткү берет).
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМден чыгаруу,
убактылуу чыгаруу, которуу жана кетирүү
шарттары
54. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМден чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүздөр үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы боюнча;
2) кезектеги кайра күбөлөндүрүүдө адамдын майыптуулугу белгиленбесе;
3) үчүнчү топтогу майыптуулук белгилеген учурда (ДМЧА) (кары-картаңдардан тышкары);
4) ДМЧ балдар жашы жеткендиги боюнча;
5) ССМде убактылуу туруу жөнүндө келишимди бузууда же мөөнөтү бүткөн учурда.
55. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке себептери боюнча убактылуу кетирүүгө (үч айга чейинки мөөнөткө) ДМЧА жана улгайган адамдар (жакын тууганы) ССМдин администрациясына жазган жазуу жүзүндөгү билдирмесинин негизинде ССМдин дарыгеринин корутундусун эске алуу менен, ал эми ДМЧ балдар жана ДМЧА үчүн мыйзамдуу өкүлдүн (ата-энесинин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазган жүзүндөгү арызы боюнча жол берилет.
56. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучу жок болгон мезгилде аны ССМдеги тамак-аш менен күтүүдөн алып салуу жөнүндө ССМдин жетекчисинин буйругу чыгарылат.
57. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды башка уюмга андан ары реабилитациялоо үчүн бир жылга чейинки мөөнөткө жиберүү тууралуу чечимди ССМдин тартип аралык комиссиясынын корутундусун эске алуу менен жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды багуу жана аларга зарыл кароону камсыз кылуу жөнүндө кабыл алуучу тараптын жазуу жүзүндөгү милдеттенмеси бар болгондо, ССМдин администрациясы тарабынан кабыл алынат.
58. Он сегиз жашка чыккан ДМЧ балдар медициналык уюмдардын жана медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусуна ылайык жалпы типтеги ДМЧА жана улгайгандар үчүн ССМге, психоневрологиялык ССМге которулат же үйүнө жиберилет.
59. ССМде жашаганга каршы медициналык көрсөтмөлөрү бар болсо, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар атайын медициналык уюмга стационардык дарылоого которулат.
60. Бир региондо жайгашкан ССМде бюджеттик каражаттардын эсебинен күтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды башка региондо жайгашкан ССМге которуу ыйгарым укуктуу органдын жолдомосу боюнча (өздүк жана медициналык көктөмөлөрүн өткөрүп берүү менен мекеменин өтүнүчү жана жооптуу адамдын коштоосунда гана) жүзөгө ашырылат.
61. Бала он алты жашка чыкканда ССМдин администрациясы өздүк ырастамасын (паспортту) тариздөөнү камсыз кылат.
62. ДМЧА жана улгайгандар төмөнкү учурларда ССМден кетирилет:
1) Ички тартиптин эрежелерин системалык түрдө (үч жолдон ашык) бузганда, анын ичинде баңги заттарды, спирт ичимдиктерин алып киргендиги жана колдонгондугу, товардык-материалдык баалуулуктарды жана башка мүлктү бузгандыгы, укукка каршы аракеттерди жасагандыгы үчүн;
2) ССМде өз алдынча эки суткадан ашык жок болгон учурда.
63. ССМден ушул стандарттардын 62-пунктту менен каралган негиздер боюнча кетирилген ДМЧА жана улгайган адамдар ССМге ушул стандарттын 3-главасында каралган тартипте, бирок алар кетирилгенден кийин үч айдан эрте эмес кабыл алынат.
64. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды чыгаруу, убактылуу чыгаруу, кетирүү же башка ССМге которуу ССМдин жетекчисинин буйругунун негизинде жүргүзүлөт. Мында чыгаруу же которуу документтери, ССМдин адистеринин сунуштары таризделет, алар ДМЧА жана улгайган адамдардын колуна же кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды кабыл алуучу тарапка берилет.
65. Чыгарууда, убактылуу чыгарууда же башка ССМге которууда кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга (зарыл болгон учурда коштоп жүргөн адамга же администрациянын кызматкерине) сезон боюнча өздүк жана бекитилип берилген кийим-кече жана бут кийим, ССМде сакталган алардын баалуулуктары (документтери), ошондой эле ССМге келүү убактысы жана чыгаруу себептери көрсөтүлгөн маалымкат берилет.
66. Чыгарылган кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын документтеринин көчүрмөлөрү бар өздүк көктөмөлөр ССМдин архивине өткөрүп берилет.
8. Корутунду жоболор
67. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн өз убагында жана сапаттуу берилишин контролдоо ССМдин жетекчиси, ССМдин ишин контролдоону ыйгарым укуктуу, контролдоочу жана укук коргоо органдары жүзөгө ашырат.
| Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдуу социалдык стандарттарга 1-тиркеме |
Ким экендигин ырастаган документ № __ ______________ жылы берилген Катталган жери ___________________________________________________ Жашаган жери _____________________________________________________ Туулган жери _____________________________________________________ Туулган күнү ____ жыл "__" _______________________________________ Пенсиянын (жөлөкпулдун) түрү жана өлчөмү _________________________ Майыптуулуктун категориясы жана тобу _____________________________ Туугандары (мыйзамдуу өкүлдөрү) __________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ ___________________________________________________________________ (Аты-жөнү, туугандык катнашы, курагы, социалдык статусу, жашаган дареги, байланыш телефону)
АРЫЗ
__________________________________________________________________ (Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун аты-жөнү) стационардын шартында социалдык кызматтарды алууга муктаж болгондуктан (муктаж) ____________________________________ социалдык стационардык мекемесине күнү-түнү туруктуу/убактылуу (керектүүсүнүн асты чийилет) жашоого кабыл алууну өтүнөм.
Төмөнкү документтерди тиркейм:
1) ____________________________ 11) ___________________________ 2) ____________________________ 12) ___________________________ 3) ____________________________ 13) ___________________________ 4) ____________________________ 14) ___________________________ 5) ____________________________ 15) ___________________________ 6) ____________________________ 16) ___________________________ 7) ____________________________ 17) ___________________________ 8) ____________________________ 18) ___________________________ 9) ____________________________ 19) ___________________________ 10) ___________________________ 20) ___________________________
Социалдык стационардык мекемеге кабыл алуу, жашоо, которуу, чыгаруу шарттары жана ички күн тартибинин эрежелери менен тааныштым.
20___-жылдын "____" ___________________ __________________________________________________________________ (аты-жөнү жана арыз берүүчүнүн койгон колу)
_________________________________________ документтерди кабыл алды (аты-жөнү, кызмат орду, койгон колу)
20___-жылдын "____" ___________________ |
| Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдуу социалдык стандарттарга 2-тиркеме |
Бекитемин: _______________________________________________ (ССМдин жетекчисинин аты-жөнү жана койгон колу) ____-жылдын "___" ______________________
__________________________________________________________________ (Социалдык стационардык мекеменин аталышы)
Жеке иш планы
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун аты-жөнү _______________________________________________________________________ Туулган күнү жана жылы ___________________________________________
Диагнозу _________________________________________________________
ССМге келген күнү ________________________________________________
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга байкоо ____________ тартып ____ чейин жүргүзүлгөн Жеке иш планы _____ тартып ________чейинки мезгилге иштелип чыккан Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке керектөөлөрүнө ылайык белгиленген иш-чаралар (көрсөтүлүүчү кызматтардын түрлөрү жана көлөмдөрү көрсөтүлөт):
Жеке иш планын кайра карап чыккан күнү 20__-жылдын "___" _________ Социалдык иш боюнча адис _______________ ________________________ (койгон колу) (аты-жөнү, күнү)
|
| Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдуу социалдык стандарттарга 3-тиркеме |
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке иш планын аткаруу (мониторинг) боюнча журналдын формасы
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын аты-жөнү _____________________________________________________________ ______
Туулган күнү жана жылы ___-жылдын "___" _________________________ Диагнозу _________________________________________________________ "___" ________ тартып "__" _______ чейинки мезгилге иштелип чыккан жеке иш планынын мониторинги.
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга байкоо мезгили: "__" ___________ тартып "___" _________ чейин.
Эскертүү: * Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларда позитивдүү өзгөрүүлөр байкалат: - соматикалык, психикалык, эмоционалдык абалдарында; - кыймыл-аракет, сенсордук, окуп-билүү, сүйлөө, коммуникативдик чөйрөлөрүндө; - өзүн өзү тейлөө көндүмдөрүн калыптандырууда, социалдык-тиричилик жана эмгектик адаптациялоодо жана социализациялоодо.
| |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 273 токтому менен бекитилген |
Социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын
социалдык стационардык мекемелеринде турган адамдарга
көрсөтүлүүчү социалдык кызматтарга минималдык социалдык
стандарттар
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30, 2015-жылдын 5-июнундагы № 347, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 94 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Социалдык стационардык мекеменин милдеттери жана функциялары
3. ССМге кабыл алуу шарттары
4. ССМде жашоо шарттары
5. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүн аныктоо жана жекече иш планын иштеп чыгуу
6. Социалдык кызматтарды көрсөтүү шарттары
7. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМден чыгаруу, убактылуу чыгаруу, которуу жана кетирүү шарттары
8. Корутунду жоболор
1-тиркеме. Арыз
2-тиркеме. Жеке иш планы
3-тиркеме. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке иш планын аткаруу (мониторинг) боюнча журналдын формасы
1. Жалпы жоболор
1. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдык социалдык стандарттары (мындан ары - минималдуу стандарттар) социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) социалдык стационардык мекемелерине колдонулат.
2. Бул минималдуу стандарттар стационардын шартында күнү-түнү туруктуу же убактылуу жашоо үчүн арналган ыйгарым укуктуу органдын социалдык стационардык мекемелеринде социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, шартын жана тартибин белгилейт:
1) психоневрологиялык патологиялары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга (мындан ары - ДМЧ балдар);
2) психоневрологиялык оорулары бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - психоневрологиялык оорулары бар ДМЧА);
3) биринчи жана экинчи топтогу майыптуулугу бар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга (мындан ары - ДМЧА);
4) улгайган курагына байланыштуу өзүн өзү тейлөөгө жөндөмсүз адамдарга, анын ичинде жубайларга (мындан ары - кары-картаңдар).
Жогоруда көрсөтүлгөн категориялар биригип кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар деп аталат.
3. Социалдык стационардык мекемелерде кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн тамак-аш азыктарына чыгымдардын ченеми жана дары-дармектер менен камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-декабрындагы № 640 "Социалдык стационардык мекемелерде жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо борборунда тейленүүчүлөрдү багуунун мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык белгиленет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-январындагы № 30 токтомунун редакциясына ылайык)
31. Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, купуя маалыматты, жеке жашоо тууралуу маалыматты чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга, социалдык стационардык мекемелердин кызмат көрсөтүүлөрүн алуучулардын фотосун жана видеого тартууларын алардын же камкорчусунун макулдугусуз социалдык тармактарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жайгаштырууга жол берилбейт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Социалдык стационардык мекеменин милдеттери
жана функциялары
4. Социалдык стационардык мекемелер (мындан ары - ССМ) ыйгарым укуктуу органдын түзүмдүк бөлүмү болуп эсептелет.
5. ССМдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар үчүн алардын курагына, ден соолугунун абалына адекваттуу үй шартына жакындаштырылган социалдык кызматтарды көрсөтүү;
2) ушул стандарттар менен белгиленген көлөмдөргө ылайык, стационардык шартында социалдык кызматтарды көрсөтүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке муктаждыктарын эске алуу менен алардын жеке өнүгүүсүн, социализациялоо жана интеграциялоо деңгээлин жогорулатууга багытталган социалдык кызматтарды көрсөтүү;
4) берилүүчү социалдык кызматтардын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
5) кодулоонун, басмырлоонун жана психикалык зомбулуктун, кемсинтүүнүн, орой мамиленин бардык түрлөрүнөн коргоо.
6. ССМдин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды алардын оорусун, абалынын оордугун, курагын эске алуу менен кабыл алуу жана жайгаштыруу;
2) аларды жаңы жагдайга көнүктүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү жана түрлөрү ССМдин ички тартибинин эрежеси жөнүндө маалымдоо;
4) инсандын кол тийбестигин жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу;
5) ССМде жагымдуу моралдык-психикалык климатты түзүү;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга ушул стандарттарга ылайык, ден соолугун чыңдоочу жана социалдык-реабилитациялык иш-чараларды өткөрүүгө багытталган зарыл социалдык кызматтардын комплексин көрсөтүү;
7) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын маданий-тиричилик жашоо шарттарын жакшыртуу;
8) келүүчүлөрдү (туугандарын, ата-энелерин ж.б.) кабыл алуу үчүн шарттарды камсыз кылуу;
9) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын жеке буюмдарынын жана баалуулуктарынын сакталышын камсыз кылуу;
10) эмгекти уюштурууну өркүндөтүү жана ССМдин персоналынын квалификациясын жогорулатуу;
11) Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 69-беренесинде белгиленген тартипте ССМдин администрациясына жүктөлгөн көзөмөлгө жана камкордукка муктаж болгон, кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга карата камкорчулардын жана көзөмөлчүлөрдүн функциясын аткаруу;
12) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык, ССМдин финансылык-чарбалык ишин жүргүзүү;
13) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын таламдарын соттук жана башка инстанцияларда жана уюмдарда билдирүү жана коргоо;
14) жакын туугандары жок болсо же сөөктү коюудан баш тарткан учурларда каза тапкан кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын сөөгүн коюунун расымдык кызматын көрсөтүүнү уюштуруу;
15) социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларга алардын диний ырым-жырымдарды аткарышы үчүн шарттарды түзүү;
16) ССМдин бардык адистери тарабынан кызматтык милдеттерин сапаттуу жана өз убагында аткаруу.
3. ССМге кабыл алуу шарттары
7. Бюджеттик каражаттардын эсебинен аларга социалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн ССМде кызмат алуучуларды жөнөтүүнү Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу Социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечиминин негизинде кызмат алуучулардын жашаган орду боюнча райондук, шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктары (мындан ары - РСӨБ/ШСӨБ) балдары жана жакын туугандары карабай кеткен улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды социалдык стационардык мекемеге жиберүү зарылдыгына жараша жүргүзөт.
РСӨБ/ШСӨБсында кабыл алынган иштер ушул Жобонун 10-пунктунун 1-15-пунктчаларында көрсөтүлгөн коштоочу документтер жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына караштуу социалдык маселелер боюнча комиссиянын чечими менен бирге СЖКМТга (электрондук дело) ыйгарым укуктуу орган аныктаган тартипте киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
8. РСӨБ/ШСӨБ квартал сайын муктаж болгон жарандарды ССМге жөнөтүү тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу органга СЖКМТ аркылуу берүүгө милдеттүү.
СЖКМТ техникалык себептер менен иштебей калгандыктан электрондук документтерди жүргүзүү мүмкүн болбогон учурда белгиленген формаларга ылайык кагаз жүзүндө документтер даярдалып, кийин алар СЖКМТга киргизилет.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды жайгаштыруу боюнча процессти координациялоону ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.
10. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМге кабыл алуу, ССМге РСӨБ/ШСӨБ тарабынан берилүүчү төмөнкү документтердин негизинде жүргүзүлөт:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун жазуу жүзүндөгү арызы, ал эми жашы жете электер жана аракетке жөндөмсүз адамдар үчүн - мыйзамдуу өкүлүнүн (ата-энелердин бири, камкорчу, көзөмөлчү) жазуу жүзүндөгү арызы (ушул стандарттын 1-тиркемеси);
2) турмуш-тиричилик шартын текшерүү актысы (ыйгарым укуктуу органдын социалдык кызматкери тарабынан таризделет);
3) ДМЧА, анын ичинде ДМЧ балдар үчүн, майыптуулугу тууралуу МСЭКтин маалымкатынын көчүрмөсү менен, ССМдин тибин аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) чечими;
4) туугандарынын камкорчулуктан жана көзөмөлчүлүктөн баш тартуусу. Туугандары, камкорчулары жана көзөмөлчүлөрү жок болгон учурда баш тартуу жөнүндө арыз талап кылынбайт;
5) өзүн ырастаган документ (паспорттун көчүрмөсү же туулгандыгы тууралуу ырастама);
6) медициналык карточкадан көчүрмө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 365 "Үйүнө барып социалдык жактан тейлөө жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген формасы боюнча);
7) үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалымкат;
8) кандын жалпы клиникалык анализдери, Вассерман реакциясына, АИВ/ИЖКСге, ичеги-карын ооруларынын козгогучтарына, баңги затка жана алкоголго көз карандылыгынын анализдери (ичеги-карын ооруларынын козгогучтарынын тобуна бактериялогиялык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар, эгерде аны берген күндөн тартып эки айдан ашык өтпөсө, анык болуп саналат);
9) көкүрөк клеткасынын органдарынын флюорографиясы;
10) алуучу пенсиясынын (жөлөкпулдун) өлчөмү жөнүндө маалымкат;
11) кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан кыймылсыз мүлкү бар экендиги тууралуу маалымкат;
12) 6x4 см өлчөмүндөгү эки сүрөт (психоневрологиялык ССМ үчүн 4 сүрөт);
13) ДМЧА реабилитациялоонун жекече программасынан көчүрмөсү;
14) пенсиялык курактагы адамдар үчүн - пенсиялык ырастаманын көчүрмөсү;
15) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары жана аларга теңештирилген адамдар үчүн - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынын, катышуучуларынын жана аларга теңештирилген адамдардын статусун ырастаган ырастаманын көчүрмөсү;
16) РСӨБ/ШСӨБ жолдомосу.
11. Документтердин көчүрмөлөрү РСӨБ/ШСӨБкө анык нускасы менен чогуу берилет, алар салыштырылып текшерилгенден жана СЖКМТга киргизилгенден кийин арыз берүүчүгө кайра кайтарылат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары, катышуучулары, ошондой эле аларга теңештирилген адамдар ССМге биринчи кезектеги тартипте Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексине ылайык аларды күтүүгө, камкордук көрүүгө милдеттүү, эмгекке жарамдуу жашы жеткен жакын туугандарынын болгондугуна карабастан, кабыл алынат.
13. Белгилүү жашаган жери жок жарандын инсандыгын күбөлөндүрүүчү документи жок болгон учурда, ал жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын юридикалык дареги боюнча катталат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы белгилүү жашаган жери жок жаранды социалдык стационардык мекемеге аныктоо үчүн жазуу түрүндө кайрылат, Кыргыз Республикасынын белгилүү жашаган жери жок жаранынын Кыргыз Республикасынын паспортун алуусуна байланышкан чыгымдарын тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 94 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Социалдык тейлөөгө муктаж кызмат көрсөтүүлөрдү алуучуларды ССМге кабыл алуу ушул Жобонун 10-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде жана жашаган жери боюнча РСӨБ/ШСӨБтүн жолдомосунун негизинде ССМдин жетекчисинин буйругу менен жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-июнундагы № 347 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Психоневрологиялык ССМге төмөнкү психоневрологиялык оорулары менен ДМЧА, ДМЧ балдар кабыл алынат:
1) бардык деңгээлдеги акыл эсинин кемтиги барлар, анын ичинде акыл эсинин жеңил түрүндөгү кемтиги, мында кыймыл-аракети жана башка бузуулар менен айкалышы атайын мектептерде окутуу процессин кыйындатат;
2) айына 3-5 жолудан ашык эпилепсия пристубу менен акыл эсинин кемтиги;
3) баш мээсинин кандай түрдө болбосун органикалык оорунун кесепетинен акыл эсинин кемтиги;
4) курчубай турган түрүнөн тышкары деффектиси абдан билинген шизофрения;
5) курч психотикалык симптоматикасы жок акыл эсинин кемтиги же психикалык деффектисинин одоно көрүнүшү менен мүнөздөлгөн психикалык оорулардын узакка созулган формалары;
6) баш мээсинин жугуштуу оорулардан кийинки же башка органикалык оорулардан кийинки кесепеттери (энцефалиттер, кургак учук менингиттери, менингоэнцефалиттер, мээнин котон жарасы жана башка жугуштуу жана органикалык оорулар) акыл эсинин кемтигинин көрүнүштөрү менен;
7) өнөкөт алкоголизмдин кесепеттеринен улам акыл эсинин кемтигинин абдан билинген көрүнүшү;
8) деменция көрүнүштөрү менен баш сөөк-мээ жаракаттарынын кесепеттери;
9) деменция көрүнүштөрү менен баш мээсинин жугуштуу жана башка органикалык оорулардын кесепеттери;
10) психомотордук тынчсыздануу жана аң-сезиминин абалы узакка созулган же курчуу көрүнүшү жок деменция көрүнүштөрү менен кан тамыр жана синилдик оорулар.
16. Психоневрологиялык ССМге кабыл алуудан баш тартууга медициналык каршы көрсөткүчтөр болуп төмөнкү оорулардын болушу саналат:
1) кайра-кайра кайталануу, эпистатусу, аң-сезиминин эңги-деңги абалы, тез-тез болуучу дисфорриялары бар тез-тез калтырак приступтары менен (айына 5 жолудан ашык) эпилепсия;
2) деффектиси анча билинбеген жана тез-тез курчуу абалындагы шизофрения;
3) ар кандай психикалык оорулар, мында баланын жалпы билим берүүчү жана атайын мектептерде окуусу мүмкүн;
4) активдүү стадия процессиндеги кургак учук, карантиндик жугуштуу оорулар, чачтын жана теринен жугуштуу оорулары, венерикалык оорулар;
5) курчуу алдындагы жана курчуу стадиясындагы психикалык оорулар;
6) өнөкөт психикалык оорулардын курчуу абалы;
7) атайын медициналык уюмдарда стационардык дарылоону талап кылган башка оорулар.
17. ДМЧА жана улгайган жарандар үчүн ССМге төмөнкүлөр кабыл алынат:
1) Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинин 92-беренеси боюнча өз ата-энелерин (жубайын) күтүүгө, аларга камкордук көрүүгө милдеттүү эмгекке жарамдуу жашы жеткен балдары, жубайы жок же (улгайган курагынын, биринчи, экинчи топтогу майыптуулугунун, онкологиялык, психикалык оорусунун, эркиндигинен ажыратуу жерлеринде болушунун айынан же өлкөнүн чектеринен сырткары туруктуу жашоого чыгып кеткендигинин себебинен) объективдүү себептер боюнча аларга туруктуу жардамды жана кароону аларга камсыз кыла албаган, өзүн тейлөөгө жөндөмсүз жана ден соолугунун абалы боюнча стационардын шартында атайын социалдык кызматтарды алууга муктаж "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 1-пунктунда белгиленген пенсиялык куракка жеткен ДМЧА жана улгайгандар.
18. ССМде ДМЧА жана улгайган жарандардын жашоосу үчүн медициналык карама-каршы көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) активдүү стадия процессиндеги кургак учук;
2) психикалык оорулар (невроздор, соматикалык ооруда неврозго окшогон абалдардагы акыл-эсинин жеңил даражадагы кемтиги, ар кандай этиологиядагы сейрек калтырама синдрому (2-3 айда бир жолудан ашык эмес) кошпогондо, эс учун жоготуу менен акыл эсинин кемтиги жок жана анча өзгөрүүлөрү жок);
3) карантиндик жугуштуу оорулар, теринин жана чачтын жугуштуу оорулары, венерикалык оорулар, ошондой эле атайын медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулар;
4) өтө тез өнүккөн өнөкөт шишик оорулары;
5) өнөкөт алкоголизм, баңгилик;
6) денесинин температурасы жогорулоо менен коштолгон бардык абалдар жана денесинин кызарышы, врачтын корутундусуна чейин;
7) атайын медициналык мекемелерде стационардык дарылоону талап кылган башка оорулар.
19. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 94 токтомуна ылайык күчүн жоготту)