Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги V-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/18
Пайдаланууга берилген турак жай имараттарына, жайларга салыктын ставкасын жана салыктар үчүн зоналдык коэффициентти бекитип берүү
жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2021-жылды 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кенештин Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-январындагы, 30-январындагы, 04-февралындагы, 06-февралындагы №5 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1) Үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык-чарбак жер участокторуна салык-1,5;
2) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгынын зоналдык коэффициенти -1,5;
3) Имараттар, курулмалар жана жайларга салык-1,5;
4) Калктуу конуштардын таштандыларын ташуп чыгаруу үчүн жыйындын ставкасы-70 сом;
5) Пайдаланууга берилген турак жай имараттарына жана жайларга салыктын ставкасы -10 сом.
Төрага: | Ж.Аматов |
|
|
|
|