Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-5
Аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлүнүн маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлүнүн маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-б. 1-п. ылайык, Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине сунушталган тизме тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссиясына сунушталган талапкерлердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин Социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чөйрөнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |