Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-6
Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынуучу 2 бирдик атайын техника сатып алууда, тиешелүү иш-кагаздарды жана талаптарды аткаруу үчүн, каржылоого суралган суммадан 20 % 2 310 000 (эки миллион үч жүз он миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 28.01.2025-жылындагы № 01-14-35 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча тутуктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 2 бирдик атайын техника сатып алынууда тиешелүү иш-кагаздарды жана талаптарды аткаруу үчүн каржылоого суралган суммадан жергиликтүү бюджеттен 20% болгондуктан, “Майлуу-Суу-Тазалык” муниципалдык мекемесинин коммерциялык сунуштарынын негизинде Автовышка техниканын баасынан (4 850 000 сом) анын 20% 970 000 (тогуз жүз жетимиш миң) сом, таштанды ташуучу (Хово -16 куб.м (контейнери) менен (6 700 000 сом) анын 20% 1 340 000 ( бир миллино үч жүз кырк миң) сом, жалпы жергиликтүү бюджеттен төлөнүүчү сумма 2 310 000 (эки миллион үч жүз он миң) сом акча каражатты түзүп, жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |