Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-7
Майлуу-Суу шаар аймагында 2025-2027 жылдар ичинде турак жай имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн салык наркын (ставкасын) бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 5-б. 5-п. ылайык, Мамлекеттик Салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин маалыматын угуп, талкуулап чыгып, бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин маалыматы, депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379-беренесинин 3-п. 3-б. ылайык, Майлуу-Суу шаар аймагында 2025-2027 жылдар ичинде турак жай имараттар, курулмалар жана орун жайлар үчүн базалык наркы (ставкасы) 15 (он беш) сомго бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматынын Майлуу-Суу шаары боюнча башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Майлуу-Суу шаардык башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана шаардык мэрияга тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |