Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-8
Майлуу-Суу шаарынын тургуну Д.Шамбетовага муниципалдык батир бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 19.12.2024-жылдын Чыг. № 01-05/894 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин X чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин у.м.а. К.Бабековтун маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынан тургуну 2-топтогу майыптыгы бар Д.Шамбетовага Майлуу-Суу шаарынан муниципалдык батир бөлүнүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |