Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-13
Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Майлуу-Суу аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 25.12.2024-ж. чыг.№ 01-14-675 сандуу кайрылуусундагы “Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Майлуу-Суу аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптардын жалпы жоболору менен таанышып чыгып, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Х чакырылышынын кезектеги ІІ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо, Майлуу-Суу аймагындагы имараттардын, курулмалардын фасадынын тышкы көрүнүшү боюнча талаптары тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Шаар куруу жана архитектура департаментинин Майлуу-Суу шаарынын шаар куруу жана архитектура башкармалыгынына тапшрылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: |
Д.Атамырзаев |