Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-Суу шаардык Кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясынын
2025-жылдын 17-февралы №2-10-14
Майлуу-Суу шаар аймагында жайгашкан Мамлекеттик мүлк автобекетин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 405 токтомуна ылайык, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 30-декабрындагы чыг. № 01-14-692 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып шаардык кеңештин Х чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаар аймагында жайгашкан Мамлекеттик мүлк автобекетин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңешинин төрагасы: | Д.Атамырзаев |