Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 355 токтому менен бекитилди) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана
мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо
регламенти
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792, 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары - Комиссия) иш тартибин аныктайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссия улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Регламентте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
улуттук инвестициялык долбоорлор - бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор, алар төмөнкү багыттарды камтыйт: экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
долбоор - бул заманбап технологияларды колдонуу жана жергиликтүү эмгек ресурстарын тартуу менен өндүрүштү жана инфраструктураны түзүү, кеңейтүү жана/же модернизациялоо боюнча иш-чаралардын (аракеттердин) жыйындысы.
мамлекеттик маанидеги долбоорлор - бул мамлекеттик жана/же муниципалдык башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга, саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфраструктура чөйрөсүн өнүктүрүүгө же чыңдоого багытталган, мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу долбоорлор;
өтүнмө ээлери - долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кредиттик жана финансылык ресурстарды жана мамлекеттик колдоону алууга кызыкдар ишкердик субъекттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
инвестор - тике инвестициялар түрүндө жеке, зайымдык же тартылып келген каражаттарды салууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъекти;
ата мекендик инвестор - Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жана мамлекеттик органдар;
чет өлкөлүк инвестор - ата мекендик инвестор болуп саналбаган жана инвестициялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды салууну жүзөгө ашыруучу ар кандай жеке жана юридикалык жактар;
долбоорду коштоо - долбоорду ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
II. Комиссиянын иш тартиби
4. Комиссия өз ишин ушул Регламентке ылайык жүргүзөт.
5. Комиссиянын негизги максаты - тиешелүү тизмекке киргизүү үчүн келечектүү улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо.
Комиссиянын милдети болуп мамлекеттик преференцияларды, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди берүүнү кошуп алганда, мамлекеттик колдоо көрсөтүү, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду натыйжалуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн мамлекеттик органдардын иш-аракеттерин координациялоо, өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү максатында өтүнмө ээлеринин мамлекеттик өнүктүрүү фонддорунан жана финансы-кредиттик уюмдардан кредиттик жана башка финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу саналат.";
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Комиссия мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн чечими менен тиешелүү багыттар боюнча Комиссияга караштуу эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, инвестициялык жана финансылык институттардан өз ишин уюштуруу үчүн ишке зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана эксперттик материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
- сунушталган долбоорлор боюнча эксперттик баа берүү үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
- өтүнмө ээлерине мамлекеттик өнүктүрүү фонддору жана финансы-кредиттик уюмдар аркылуу кредиттик жана финансылык ресурстарды бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштамаларды киргизүүгө.
8. Комиссиянын ишинин уюштуруучулук формасы болуп жыйналыштар эсептелет, алар кварталына бир жолу зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда Комиссиянын жыйналышын Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрө алат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
81. Зарыл болгон учурда Комиссия төрагасынын тапшырмасына ылайык Комиссиянын чечимдери сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
Сурамжылоо жолу бетме-бет талкууну талап кылбаган маселелер боюнча чечимдерди оперативдүү кабыл алуу максатында колдонулат.
Сурамжылоо жолу менен чечим кабыл алуу жол-жобосу зарыл материалдары менен чечимдин долбоорун Комиссиянын мүчөлөрүнө жөнөтүүнү камтыйт.
Сурамжылоо жолу менен кабыл алынган чечим протокол менен таризделет.
Пикир келишпестиктер келип чыккан же чечимди кабыл алуу үчүн добуштардын саны жетишсиз болгон учурда маселе Комиссиянын бетме-бет жыйналышына чыгарылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага добуш укугуна ээ болгон анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет.
10. Комиссиянын чечимдери жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын мүчөсү жүйөлүү себептер боюнча жок учурда, анын жыйналышка катышып жаткан ишенимдүү адамы ишеним кат боюнча анын атынан жыйналыштын протоколуна кол коюуга укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Тандалган долбоорлор боюнча Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышынын протоколу менен таризделет, анда мамлекеттик преференциялардын түрлөрү, анын ичинде салыктык көрсөтүлөт.
Мамлекеттик преференцияларды алган уюмдардын жана ишкердик субъекттердин тизмеги тандалып алынган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жооптуу мамлекеттик органдарды бекитип, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын ичинен кураторлорду көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Комиссия жактырган долбоорлордун тизмеги ага кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтына жарыяланат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыздоону Комиссиянын катчылыгы жүзөгө ашырат.
14. Катчылык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- керектүү документтердин тизмеси менен өтүнмөлөрдү кабыл алууну, аларды мөөнөтүндө каттоону;
- (абзац КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- өтүнмөлөрдү каттоону жана сактоону, маалымат банкын түзүүнү;
- берилген документтердин толуктугун ушул Регламентке ылайык кароо жана аларды Комиссиянын кароосуна киргизүү.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Материалдар (долбоорлор), жыйналыштын күн тартиби, жыйналышты өткөрүү датасы жана башка маалымат Катчылык тарабынан жыйналыш башталганга чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет.
16. Эгерде тандоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Комиссияга жалган маалыматтарды берүүнүн документ түрүндө тастыкталган фактылар белгилүү болсо, Комиссия долбоорго карата тандоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
17. Тандоодон өткөн долбоорлорду тизмеден чыгарып салуу жөнүндө чечимди кабыл алуу тууралуу Катчылык өтүнмө ээсине жазуу жүзүндө билдирет.
III. Документтерди тапшыруунун тартиби
18. Тандоого катышууга өтүнмө ыйгарым укуктуу тармактык органга кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу тармактык мамлекеттик органдардын сайттарында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине электрондук түрдө жиберилет.
Тармактык мамлекеттик орган өтүнмөнү алган датадан тартып 20 жумуш күндүн ичинде аны тиркелген документтер менен бирге андан ары Комиссияда кароо үчүн тандоо критерийлерине ылайыктуулугун изилдейт.
Тармактык мамлекеттик орган тарабынан документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча ушул Регламенттин критерийлерине ылайык келген өтүнмөлөр бардык материалдарды тиркөө менен катчылыкка кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу, ошондой эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сайтында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине электрондук түрдө жиберилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Улуттук инвестициялык долбоордун жана мамлекеттик маанидеги долбоордун статусун алууга тандоого катышуу үчүн өтүнмө ээси төмөнкү документтерди тиркөө менен өтүнмө бериши керек (документтер боолонуп, өтүнмө ээсинин ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек):
1) уюштуруу документтеринин жана юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
2) юридикалык жактын ээлери (бенефициарларды ачыкка чыгаруу менен) жөнүндө маалыматтар;
3) юридикалык жактын саясий мааниге ээ жактар менен аффилирленгендиги/аффилирленген эместиги жөнүндө маалымат;
4) өтүнмө ээсинин банкрот болуу фактыларын кошуп алганда, кандайдыр бир соттук териштирүүлөрдүн жоктугу жөнүндө маалымат;
5) юридикалык жактын салык органынын алдында, ошондой эле финансы-кредиттик мекемелердин алдында карызынын жана пенсиялык чегерүүлөр боюнча милдеттенмелеринин жоктугу жөнүндө маалымат;
6) өтүнмө ээсинин ушуга окшош долбоорлорду же башка ири ийгиликтүү долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасы жана ушул долбоорлордун учурдагы абалы жөнүндө маалымат;
7) долбоорду ишке ашыруу убагында киргизиле турган же колдонула турган юридикалык жактын технологиялары (анын ичинде инновациялык) жөнүндө маалымат;
8) долбоордун мүмкүнчүлүктөрүн баалоого мүмкүндүк берүүчү долбоордун башкы мүнөздөмөлөрүн камтыган долбоордун бизнес-планы (5 жылдан кем эмес мөөнөткө). Бизнес-план кеминде инвестор, долбоордун максаты жана долбоорду ишке ашыруу ордун көрсөтүү менен анын кыскача мүнөздөмөсүн, долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүн, долбоорду ишке ашырууда колдонулган технологиялардын сыпаттамасын, продукцияны (кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүү жана сатуу пландары жана рыноктору, эмгек ресурстарына болгон муктаждык, долбоорду ишке ашыруу наркы жана каржылоо булактары, операциялык план, өзүн актоо мөөнөтү, долбоордун рентабелдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү ж.б. жөнүндө кыскача маалыматты камтууга тийиш;
9) долбоор менен болжолдонгон жаңы жумуш орундарынын саны, ошондой эле жергиликтүү кадрларды даярдоо/кайра даярдоо программаларынын бар экендиги жөнүндө маалымат;
10) долбоорго ылайык кызматкерлерди социалдык колдоо программалары жөнүндө маалымат;
11) өтүнмө ээсинин менчигинде же ижарасында жер участокторунун бар экендиги жөнүндө маалымат;
12) өтүнмө ээсинин долбоорду ишке ашырууга чейин айлана-чөйрөгө таасир этүүгө баалоо жүргүзүү жана экологиялык зыянды болтурбоо боюнча чараларды көрүү жөнүндө милдеттенмеси, ошондой эле күтүлбөгөн жагдайлар болгон учурда экологиялык зыянды компенсациялоо жөнүндө милдеттенмеси өтүнмөнүн ажырагыс бөлүгү болууга тийиш;
13) тандоого катышууга өтүнмө салык жеңилдиктерин алууга өтүнмөнү камтышы мүмкүн;
14) Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринен банк эсебинде долбоордун наркынан 10%дан кем эмес көлөмдө финансылык каражаттардын бар экендиги жөнүндө ырастоочу документ. Бул каражаттар кийин долбоорду ишке ашырууга салым түрүндө пайдаланылууга тийиш;
15) акыркы үч жыл үчүн финансылык отчеттуулук.
Өтүнмө ээлери өтүнмөдө жана тиркелген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгына кепилдик беришет, берилүүчү маалыматтарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Ушул пункттун 1-5, 8, 9, 11, 14-пунтчаларынын талаптары министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан өтүнмө берилгенде колдонулбайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187, 2024-жылдын 25-декабрындагы № 792 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
20. Комиссиянын катчылыгы өтүнмө документтеринин келип түшүүсүнө жараша өтүнмөлөрдү каттоо журналына катар номерин ыйгаруу менен аларды кабыл алат жана каттайт.
21. Келип түшкөн документтер алар катталган күндөн тартып жыйырма жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Өтүнмө документтери катталган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде документтер берилбеген же толук берилбеген учурда, документтер өтүнмө ээсине кайтарып берилет жана өтүнмөдө көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине маалымат жиберилет.
23. Өтүнмө документтерин кайтарып берүү өтүнмө ээсинин тандоого өтүнмө документтерин кайрадан тапшыруусуна тоскоолдук болбойт.
24. Катчылыкка берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн тармактык мамлекеттик орган жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
IV. Долбоорлорду тандоо эрежелери жана критерийлери
25. Тандоого катышууга Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу долбоорлорго уруксат берилет.
251. Тандоого катышууга өтүнмө берген инвесторлор Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде банктык эсеп ачууга (ээ болууга) жана банктык эсепке долбоордун наркынан өздүк каражаттардын 10%ынан кем эмес жайгаштырууга тийиш. Тандоого өтүнмө боюнча чечим кабыл алынганга чейин бул каражаттар өтүнмөнү карап чыгууну камсыздоо катары башка максаттарга пайдаланылбоого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Улуттук инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өлкөнү өнүктүрүү стратегиялык максаттарына жана артыкчылыктарына шайкештиги, б.а. долбоорлор ушул Регламенттин 3-пунктунда көрсөтүлгөн экономиканын жана мамлекеттик башкаруунун өзөктүү тармактарын өнүктүрүүгө багытталууга тийиш. Ошол эле учурда төмөнкүдөй багыттар боюнча өтүнмөлөр каралууга тийиш эмес жана улуттук инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилүүгө тийиш эмес:
- оюн-зоок иши;
- жер казынасын пайдалануу;
- санариптик майнинг;
- чийки заттарды жана жарым фабрикаттарды жеткирүү;
- тамеки жана алкоголь иши;
- Кыргыз Республикасынын экологиялык бүтүндүгүн жана биотүрдүүлүгүн бузган иштин башка түрлөрү;
2) долбоорлор экологиялуулуктун жана энергия натыйжалуулуктун талаптарына жооп берген, жогорку өндүрүмдүүлүктөгү ресурс үнөмдөөчү (энергия үнөмдөөчү) технологияларды киргизүүнү (пайдаланууну) камтууга тийиш;
3) региондук багыттуулук, долбоордун наркы төмөнкүлөрдү түзүүгө тийиш:
- Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарында - 10 млн. доллардан кем эмес;
- Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарында - 5 млн. доллардан кем эмес;
- Баткен облусунда - 2 млн. доллардан кем эмес.
Ошол эле учурда өтүнмө ээсинин долбоорго жеке салымы долбоордун жалпы наркынын 35%ынан кем эмести түзүүгө тийиш;
4) милдеттенмелердин аткаруунун ыкмалары (күрөөнүн болушу);
5) долбоорду ишке ашыруунун узак мөөнөттүүлүгү жана жетишилген натыйжанын узактыгы;
6) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу, долбоордун кирешелүүлүгүн камсыз кылуу;
7) экономикага таасир этүүнүн системалуулугу, ал атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууда, экономикалык өсүшкө дем берүүдө, тармактар аралык олуттуу мультипликатордун болушунда, макроэкономикалык туруктуулукту жана мамлекеттик башкаруунун туруктуулугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүдө, ошондой эле ишке ашырылып жаткан долбоордун региондун экономикалык өнүгүүсүнө эмгек ресурстарын тартуу, долбоорду ишке ашыруу процессине тартылуучу жергиликтүү ишкерлер менен пландалган контракттар, экспорттук потенциалды өстүрүү жагынан таасир этүүдө көрүнөт;
8) сунушталган долбоордун инновациялуулугу, долбоорду ишке ашырууда новатордук технологияларды пайдалануу;
9) долбоордун өндүрүшүнүн сапат системасынын эл аралык стандарттарына шайкештиги;
10) долбоордун региондун инфраструктуралык өнүгүүсүнө оң таасири (коммуналдык, инженердик тармактарды, автожолдорду ж.б. өнүктүрүү);
11) социалдык жоопкерчилик - өтүнмө ээсинин жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө катышуусу;
12) коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүү, өтүнмө ээсинин ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
13) долбоор ал жайгашкан аймактагы инфраструктураны жакшыртууну, анын ичинде, бирок чектелбестен, коммуналдык, инженердик тармактарды, автожолдорду жана башка зарыл объекттерди өнүктүрүүнү кароого тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Экологиялык коопсуздук маселелерине тиешелүү жана коомдук турмушта социалдык ролго ээ улуттук инвестициялык долбоорлор 26-пункттун 1-7-пунктчаларын кошпогондо, кошумча төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
- экологиялык туруктуулук - долбоор экологиялык жактан туруктуу, коопсуз жана туруктуу өнүгүү принциптерине шайкеш келүүгө тийиш;
- социалдык маанилүүлүк - долбоор социалдык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
28. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 187 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
29. Мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо критерийлери:
1) төмөнкүлөргө багытталууга тийиш болгон долбоорлордун артыкчылыктуулугу:
- мамлекеттик жана/же муниципалдык башкаруу чөйрөсү үчүн инфраструктуралык объекттерди куруу;
- экономиканы өнүктүрүү;
- саламаттык сактоо, билим берүү, маданият, спорт жана социалдык инфраструктура чөйрөсүн өнүктүрүү же чындоо;
2) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу;
3) долбоорго мамлекеттик салым төмөнкү жолдор аркылуу берилиши мүмкүн:
- мамлекеттик бюджеттен каражаттарды толук же жарым-жартылай бөлүү;
- мамлекет тарабынан инвесторго активдерди салым катары берүү (жер жана өнөр жай объекттери);
4) долбоор экономикалык потенциалды же мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн чыңдоого багытталууга жана мамлекеттик же экономикалык муктаждыкка ээ болууга тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-февралындагы № 98 токтомунун редакциясына ылайык)