|
| 2-тиркеме |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо регламенти
I. Жалпы жобо
1. Регламент Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) иш тартибин аныктайт.
2. Комиссия улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо боюнча консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
3. Ушул Регламентте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
улуттук инвестициялык долбоорлор – бул өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ инвестициялык долбоорлор, алар экспортко багытталган, импортту алмаштыруучу, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
мамлекеттик инвестициялардын долбоорлору – бул Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык макулдашуулардын жана башка макулдашуулардын негизинде тышкы карыз алууларды жана гранттарды эске алуу менен республикалык бюджеттин каражаттарынан каржылануучу долбоорлор;
мамлекеттик маанидеги долбоорлор – мамлекеттик башкаруу чөйрөсү же экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган, мамлекеттик бюджеттен толук же жарым-жартылай каржылануучу, ошондой эле мамлекеттик активдерди салым катары берүү жолу менен каржылануучу долбоорлор;
өтүнмө ээлери – долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн кредиттик жана финансылык ресурстарды алууга кызыкдар ишкердик субъекттери, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
инвестор – тике инвестициялар түрүндө жеке, зайымдык же тартылып келген каражаттарды салууну жүзөгө ашыруучу инвестициялык иштин субъекти;
ата мекендик инвестор – Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын резиденти статусуна ээ болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык иш жүргүзгөн чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар жана мамлекеттик органдар;
чет өлкөлүк инвестор – ата мекендик инвестор болуп саналбаган жана инвестициялар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды салууну жүзөгө ашыруучу ар кандай жеке жана юридикалык жактар;
долбоорду коштоо – долбоорду ишке ашырууга багытталган иш-чаралардын комплекси.
II. Комиссиянын иш тартиби
4. Комиссия өз ишин ушул Регламентке ылайык жүргүзөт.
5. Комиссиянын негизги максаттары болуп өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетүү максатында өтүнмө ээлеринин мамлекеттик өнүктүрүү фонддорунан жана финансы-кредиттик уюмдардан кредиттик жана башка финансылык ресурстарга жетүүсүн камсыз кылуу, координациялоо жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү саналат.
6. Комиссия мүчөлөрү өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
7. Комиссия ага жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
– Комиссиянын алдына коюлган милдеттерди аткаруу үчүн өзүнүн чечими менен тиешелүү багыттар боюнча Комиссияга караштуу эксперттик (жумушчу) топторду түзүүгө;
– аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынан, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, инвестициялык жана финансылык институттардан өз ишин уюштуруу үчүн ишке зарыл болгон документтерди, маалыматтык жана эксперттик материалдарды белгиленген тартипте сурап алууга;
– сунушталган долбоорлор боюнча эксперттик баа берүү үчүн аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, башка уюмдардын адистерин жана эксперттерди белгиленген тартипте тартууга;
– өтүнмө ээлерине мамлекеттик өнүктүрүү фонддору жана финансы-кредиттик уюмдар аркылуу кредиттик жана финансылык ресурстарды бөлүүнүн максатка ылайыктуулугу жөнүндө сунуштамаларды киргизүүгө.
8. Комиссиянын төрагасынын чечими боюнча зарылдыгына жараша кварталына бир жолу өткөрүлүүчү жыйналыштар Комиссиянын ишинин уюштуруу формасы болуп саналат. Комиссиянын төрагасынын көрсөтмөсү боюнча, ошондой эле ал жок учурда Комиссиянын жыйналышын Комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрө алат.
9. Комиссиянын жыйналышы, эгерде ага добуш укугуна ээ болгон анын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелет.
10. Комиссиянын чечимдери жалпы добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча жыйналышка катышкан Комиссиянын мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштары тең болуп калган учурда Комиссиянын жыйналышына төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
11. Тандалган долбоорлор боюнча Комиссиянын чечимдери Комиссиянын жыйналышынын протоколу менен таризделет, анда мамлекеттик преференциялардын түрлөрү, анын ичинде салыктык көрсөтүлөт.
12. Комиссиянын жыйналышынын протоколу ага кол коюлган күндөн тартып беш жумуш күндөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында жарыяланат.
13. Комиссиянын ишин уюштуруу-методикалык, маалыматтык жана техникалык жактан камсыздоону Комиссиянын катчылыгы жүзөгө ашырат.
14. Катчылык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
– керектүү документтердин тизмеси менен өтүнмөлөрдү кабыл алууну, аларды мөөнөтүндө каттоону;
– тандоонун катышуучуларынын квалификациялык жана финансылык жөндөмдүүлүгүнүн талаптарына өтүнмөлөрдүн шайкештигин текшерүүнү, документтерди системалаштырууну жана алдын ала талдоону, жыйналыштардын протоколдорун (Комиссиянын төрагасы жана жооптуу катчысы кол коюучу) жүргүзүүнү;
– өтүнмөлөрдү каттоону жана сактоону, маалымат банкын түзүүнү;
– берилген бардык долбоорлордун ушул Регламентте каралган шарттарга жана талаптарга шайкештигин кароону.
15. Материалдар (долбоорлор), жыйналыштын күн тартиби, жыйналышты өткөрүү датасы жана башка маалымат Катчылык тарабынан жыйналыш башталганга чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен Комиссиянын мүчөлөрүнө жиберилет.
16. Эгерде тандоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин Комиссияга жалган маалыматтарды берүүнүн документ түрүндө тастыкталган фактылар белгилүү болсо, Комиссия долбоорго карата тандоонун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат.
17. Тандоодон өткөн долбоорлорду тизмеден чыгарып салуу жөнүндө чечимди кабыл алуу тууралуу Катчылык өтүнмө ээсине жазуу жүзүндө билдирет.
III. Документтерди тапшыруунун тартиби
18. Өтүнмө Катчылыкка кагаз жүзүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине электрондук түрдө берилет.
19. Тандоого катышуу үчүн өтүнмөдө тиешелүү документтер менен ырасталган төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) байланыш маалыматтары;
2) долбоордун аталышы;
3) долбоордун кыскача сыпаттамасы (маңызы);
4) райондун аталышы (долбоор ишке ашырылууга пландалган аймак);
5) өздүк жана тартылган каражаттардын көлөмү;
6) долбоорду ишке ашыруунун мөөнөттөрү;
7) иштин чөйрөсү (багыты) жөнүндө маалымат;
8) жаңы жумуш орундарынын болжолдуу саны;
9) менчиктеги же узак мөөнөттүү ижарадагы жер участокторунун болушу.
Тандоого катышуу өтүнмөсүндө салык жеңилдиктерин алууга карата өтүнмө камтылышы мүмкүн.
Ушул пункттун 5, 7, 8, 9-пунктчаларынын талаптары министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан өтүнмөлөр берилген учурда колдонулбайт.
20. Комиссиянын катчылыгы өтүнмө документтеринин келип түшүүсүнө жараша өтүнмөлөрдү каттоо журналына катар номерин ыйгаруу менен аларды кабыл алат жана каттайт.
21. Келип түшкөн документтер алар катталган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде каралууга тийиш.
22. Өтүнмө документтери катталган учурдан тартып он жумуш күндүн ичинде документтер берилбеген же толук берилбеген учурда, документтер өтүнмө ээсине кайтарып берилет жана өтүнмөдө көрсөтүлгөн электрондук почтанын дарегине маалымат жиберилет.
23. Өтүнмө документтерин кайтарып берүү өтүнмө ээсинин тандоого өтүнмө документтерин кайрадан тапшыруусуна тоскоолдук болбойт.
24. Катчылыкка берилүүчү маалыматтардын аныктыгы үчүн өтүнмө ээси жоопкерчилик тартат.
IV. Долбоорлорду тандоо эрежелери жана критерийлери
25. Тандоого катышууга Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу долбоорлорго уруксат берилет.
26. Улуттук инвестициялык долбоорлорду тандоо критерийлери:
стратегиялык максаттарга шайкештиги – стратегиялык артыкчылыктарга жана өлкөнү өнүктүрүү максаттарына шайкештиги, долбоорлор экономиканын негизги тармактарын жана мамлекеттик башкарууну өнүктүрүүгө багытталууга тийиш;
региондук багыттуулугу;
3) милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо ыкмалары (артыкчылыктуу – күрөөнүн болушу);
4) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу;
5) ишке ашыруунун узак мөөнөттүүлүгү жана жетишилген натыйжанын узактыгы;
6) улуттук долбоорго инвестордун жеке салымы долбоордун жалпы наркынын 10 %ынан кем болбоого тийиш;
7) экономикага таасир этүүнүн системалуулугу, ал атаандаштыкка жөндөмдүүлүктүн деңгээлин жогорулатууну, экономикалык өсүшкө дем берүүнү, олуттуу тармактар аралык мультипликатордун болушун, макроэкономикалык туруктуулукту жана мамлекеттик башкаруунун туруктуулугун бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү билдирет.
27. Экологиялык коопсуздук маселелерине тиешелүү жана коомдук турмушта социалдык ролго ээ улуттук инвестициялык долбоорлор 26-пункттун 1–7-пунктчаларын кошпогондо, кошумча төмөнкү критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
– экологиялык туруктуулук – долбоор экологиялык жактан туруктуу, коопсуз жана туруктуу өнүгүү принциптерине шайкеш келүүгө тийиш;
– социалдык маанилүүлүк – долбоор социалдык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
28. Мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун тандоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 28-майындагы № 232 “Мамлекеттик инвестицияларды башкаруу боюнча жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык жүзөгө ашырылат.
29. Мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо критерийлери:
1) долбоордун артыкчылыгы – долбоорлор мамлекеттик башкаруу чөйрөсү же экономиканы өнүктүрүү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталууга тийиш;
2) долбоордун финансылык-экономикалык натыйжалуулугу жана туруктуулугу;
3) долбоорго мамлекеттик салым төмөнкү жолдор аркылуу берилиши мүмкүн:
– мамлекеттик бюджеттен каражаттарды толук же жарым-жартылай бөлүү;
– мамлекет тарабынан инвесторго активдерди салым катары берүү (жер жана өнөр жай объекттери);
4) долбоор экономикалык потенциалды же мамлекеттик башкаруу чөйрөсүн чыңдоого багытталууга жана мамлекеттик же экономикалык муктаждыкка ээ болууга тийиш.