Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна) |
Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү НУСКАМА
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускама (мындан ары - Нускама) эгерде буюм далилдери кылмыштын куралы болгон же өзүндө кылмыштын издерин сактап калган же укукка каршы аракеттердин, ошондой эле кылмышты табуу, иштин иш жүзүндөгү жагдайларын белгилөө, күнөөлүүлөрдү аныктоо же болбосо айыпты жокко чыгаруу же жоопкерчиликти жеңилдетүү каражаты катары колдонулушу мүмкүн болгон акчалардын, предметтердин, документтердин жана башка баалуулуктардын объектиси болгон деп болжолдоого негиз болсо, кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн, берүүнүн, ташуунун, жөнөтүүнүн, жок кылуунун, кайра иштетүүнүн, сатуунун бирдиктүү тартибин, ошондой эле тергөөнүн жана соттун чечимдерин аткаруу тартибин белгилейт.
2. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартибин уюштуруу кылмыш иштери өндүрүшүндө болгон укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын тиешелүү жетекчилерине жүктөлөт.
3. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарынын аймактык бөлүмдөрүндө кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алууну, сактоону, өткөрүп берүүнү, берүүнү, ташууну, жөнөтүүнү, жок кылууну, кайра иштетүүнү, сатууну уюштуруу алардын жетекчилерине жүктөлөт.
4. Жооптуу сактоого жайгаштырылганга чейин кылмыш иштери боюнча буюм далилдеринин сакталышы үчүн тиешелүү кылмыш иши өндүрүшүндө болгон тергөөчү жооптуу болуп саналат.
5. Кылмыш ишин тергөөчүлөрдүн тобу териштирген учурда алынган буюм далилдеринин сакталышы үчүн тергөө тобунун жетекчиси жоопкерчилик тартат.
6. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын сактоо камерасына тапшырылган кылмыш иши боюнча буюм далилдеринин сакталышы үчүн укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын жетекчисинин буйругу менен дайындалган кызматкерлер (кызмат адамдары) же укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органынын аймактык бөлүмдөрүнүн тиешелүү жетекчилеринин буйруктары менен дайындалган кызматкерлер (кызмат адамдары) жооптуу болуп саналат.
7. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдери болуп Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 86-беренесинде каралган предметтер, заттар жана объекттер эсептелет.
8. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сактоо камерасы болуп кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сактоо үчүн бөлүнгөн атайын жабдылган жай таанылат.
Буюм далилдерин алардын сакталышын камсыздаган, ошондой эле алардагы буюм далилдерин алуу, алмаштыруу, бузуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу төмөнкү сактоо каражаттарында сактоого жол берилет:
- металл шкафтар - бекем, атайын ылайыкташтырылган металл шкафтар;
- металл же жыгач ящиктер - бекем, атайын ылайыкташтырылган идиштер;
- сейфтер - бекем отко күйбөс, бузулбас металл шкафтар;
- таңгактар - полиэтиленден же кагаздан, же болбосо айнектен жасалган атайын коргоочу нерселер.
2-глава. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин тариздөө жана өткөрүп берүү тартиби
9. Өндүрүшүндө тиешелүү кылмыш иши болгон тергөөчү тарабынан табылган же алынган буюм далилдери каралып, мөөр басылып жана жооптуу сактоого жайгаштырылышы керек.
10. Буюм далилдерин алуу фактысы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде белгиленген процессуалдык аракеттердин протоколунда чагылдырылат.
11. Буюм далилдери менен иштөөдө белгилүү бир көндүмдөрдүн болушун, алардын сапаттык мүнөздөмөлөрүн, жеке белгилерин так белгилөөнү жана наркын аныктоону талап кылган буюм далилдерин алуу үчүн тиешелүү адистер тартылат.
12. Буюм далилдери кароо протоколдорунда толук сыпатталышы, видеого жана (же) сүрөткө тартылышы керек. Буюм далилдери тергөөчүнүн, судьянын токтомуна, соттун аныктамасына ылайык ишке тиркелет жана иште сакталууга тийиш.
13. Жардыруучу түзүлүштөрдү, ок атуучу куралды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, радиоактивдүү материалдарды, баңги каражаттарын, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттарды кызматтык бөлмөлөрдө сактоого тыюу салынат.
14. Алынган жардыруучу түзүлүштөр, ок атуучу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, баңги каражаттары, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттар алынган учурдан тартып изилдөө үчүн тийиштүү эксперттик мекемелерге жиберилүүгө тийиш.
15. Алынган жардыруучу түзүлүштөр, ок атуучу курал, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, баңги каражаттары, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттар боюнча эксперттик изилдөө жүргүзүүдөн жана корутунду алынгандан кийин эки сутканын ичинде зарыл болгон башка тергөө аракеттерин жүргүзүү жана кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу боюнча милдеттерди аткарган адамдын жооптуу сактоосуна тапшыруу зарыл.
16. Процессуалдык аракеттердин протоколунда алынган бардык буюм далилдери, ошондой эле сыпатталуучу мүлк жазылат. Көп сандагы буюм далилдери алынган учурда протоколго тиркелүүчү жана анын ажырагыс бөлүгү болуп саналуучу атайын тизме милдеттүү түрдө түзүлөт, анда ар бир алынган буюм далилдеринин так аталышы, саны, өлчөмү, салмагы, сериясы, номери жана башка айырмалоочу белгилери, алардын табылган убагы жана орду чагылдырылат.
17. Эгерде буюм далилин толугу менен алууга мүмкүн болбосо, тергөөчү иштин жагдайына жараша буюм далилинин ишке тиешеси бар издер (микроиздер) калтырылган бөлүгүн алууга укуктуу. Мында тергөөчү жабырлануучуларга жана башка адамдарга тиешелүү болгон предметтерди бузуп алуудан сактанууга, ал эми бузуп алган учурда жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде жарандарга келтирилген зыяндын ордун толтуруу чараларын көрүүгө милдеттүү.
18. Буюм далилдери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 87-беренесинде аныкталган талаптарга жана шарттарга ылайык сакталат.
19. Ордендер, медалдар жана алардын документтери төмөнкү учурларда алынат:
1) оор же өзгөчө оор кылмыш жасоого шектелген же айыпталган адамга таандык экендиги аныкталганда;
2) таандыгы жана тагынып жүрүү укугу аныкталбаган сыйлыктар жана алардын документтери табылганда;
3) шектүүнү же айыпталуучуну камакка алууда алардын сакталышын камсыздоо мүмкүн болбогондо.
20. Буюм далилдери алынат жана процессуалдык (тергөө, атайын тергөө) аракеттеринин өндүрүшүнө катышкан адамдарга көрсөтүлөт, аларды бузуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана алардагы издердин (микроиздердин) сакталышын камсыздоочу таңгакка салынат, күбөлөндүрүүчү жазуулары бар жана буюм далили алынган адамдын, алгачкы текшерүү органынын кызматкерлеринин, тергөөчүнүн, прокурордун колу коюлган биркалар тагылат, тийиштүү органдын мөөрү басылат.
21. Эгерде санынын көптүгүнө же аба-ырайынын шартына байланыштуу алынган буюм далилдеринин тизмесин түзүүгө мүмкүн болбосо, алар ушул Нускаманын 20-пунктунда аталган адамдардын күбөлөндүрүүчү жазуулары бар жана колдору коюлган биркалар тагылган таңгакка салынат. Мындай учурларда тизме процессуалдык (тергөө же атайын тергөө) аракеттери жүргүзүлгөн жерде кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен түзүлөт.
22. Процессуалдык (тергөө же атайын тергөө) аракеттеринин протоколу жана тизме эки нускада түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарына жооп бериши керек, ага алууну жүргүзгөн адам жана анда катышкан адамдар, анын ичинде буюм далили алынган адам, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлү кол коёт.
23. Протоколдун жана тизменин көчүрмөсү буюм далили алынган адамга, ал жок болгон учурда - анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсүнө же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнө берилет.
24. Алынган буюм далилдери каралып, кароо протоколунда толук сыпатталууга тийиш, анда буюм далилдеринин сандык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү, объектти ал сыяктуулардан бөлүп алууга мүмкүндүк берүүчү жана анын далилдик маанисин шарттаган бардык башка жеке белгилери көрсөтүлөт. Атайын билимди жана көндүмдөрдү талап кылган учурларда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 168-беренесине ылайык адис тартылышы мүмкүн.
25. Каралуучу буюм далилдери алардын жоголуп кетүү, бузулуу жана анын бүтүндүгүн бузбай алуу мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу жана андагы болгон издердин сакталышын камсыз кылуучу таңгакка салынышы керек. Таңгакка мөөр басылып, кароо жүргүзгөн адамдын жана катышкан адамдардын колу менен күбөлөндүрүлөт, бул тууралуу протоколдо тийиштүү белги коюлат.
26. Ар бир мөөр басылган таңгакка милдеттүү түрдө номер коюлат, мында таңгактын сырткы бетине же мөөр басылган таңгактагы этикеткага мөөр басууда жана протоколду тариздөөдө катышкан бардык адамдар жөнүндө кыскача маалымат, кароонун убагы жана орду жөнүндө маалымат жазылат.
27. Буюм далилдерин кароодон кийин тергөөчүнүн токтомуна ылайык буюм далилин ишке тиркөө же соттун өкүмү күчүнө киргенге же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө маселе чечилгенге чейин атайын бөлүнгөн жайга жооптуу сактоого өткөрүп берүү жөнүндө маселе чечилет.
28. Сайлуу ок атуучу куралды колдонуу менен байланышкан кылмыштар жөнүндө бардык иштер боюнча тергөөчүлөр алуудан, кароодон жана тийиштүү изилдөөлөрдү жүргүзүүдөн кийин окторду, гильзаларды, патрондорду жана куралдын издери бар башка ок-дарыларды, ошондой эле курал болгон учурда аны Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын криминалисттик бөлүмүнө жиберүүгө милдеттүү. Ок-гильзатека боюнча сайлуу куралды текшерүү менен бир эле убакта ал ички иштер органынын маалыматтык-издөө эсебинде жоголгон жана табылган куралды ыкчам эсепке алуу боюнча текшерилет.
29. Радио берүү түзүлүштөрүн мыйзамсыз даярдоо жана пайдалануу менен байланышкан кылмыш иштерин териштирүүдө бардык колдонулган аппаратура, деталдар жана комплекттөөчү буюмдар алынат, алардын сакталышын иш боюнча өндүрүштү жүргүзгөн орган камсыздайт.
30. Буюм далилин сактоого жайгаштыруу үчүн негиз болуп тергөөчүнүн буюм далили катары таануу жана аны ишке тиркөө жөнүндө токтому эсептелет.
31. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы ушул Нускаманын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча түзүлөт, ал эми алардын сакталышы үчүн жооптуу адам буюм далилин сактоого берген адамга ушул Нускаманын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча буюм далилин кабыл алуу жөнүндө квитанцияны берет, ал ишке тиркелет.
32. Транспорт каражаттары комиссиялык кароо акты менен биргеликте ушул Нускаманын 3-тиркемесине ылайык форма боюнча сактоого өткөрүлүп берилет.
3-глава. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сактоо
33. Буюм далилдерин сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдары менен аныкталат.
34. Эгерде буюм далилдери жабырлануучуларга, алардын туугандарына, тараптарга же башка адамдарга, ошондой эле уюмдарга Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 87-беренесинде аныкталган тартипте берилбесе, буюм далилдерин сактоодо алардын буюм далилдери катары кылмыш иштери боюнча мааниге ээ болгон белгилерин жана касиеттерин, ошондой эле алардагы издерди сактоону камсыз кылган, буюм далилдеринин өздөрүнүн сакталышына тете болгон чаралар көрүлөт.
35. Кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин сактоо үчүн тийиштүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарында текчелер орнотулган атайын жайлар (сактоо камералары) жабдууланат. Куралдарды жана ок-дарыларды аталган жайда жыгачтан же металлдан жасалган мөөр басылган ящиктерде, ал эми баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду - сейфтерде же болбосо металл шкафтарда (ящиктерде) сактоо зарыл.
36. Эгерде өтө көлөмдүү болгондугуна же башка себептерге байланыштуу буюм далилдерин иште сактоого мүмкүн болбосо, алар фото же видео тартуу каражаттарына тартылып, мөөр басылып жана тийиштүү мамлекеттик органдын ведомстволук актылары менен ушул максаттар үчүн аныкталган жерде сакталууга тийиш. Ишке буюм далилинин үлгүсү жана анын турган жери жөнүндө маалымат, ошондой эле тийиштүү маалымкат тиркелет.
37. Баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор башка буюм далилдеринен өзүнчө, ал эми прекурсорлор - баңги каражаттарынан жана психотроптук заттардан өзүнчө сакталууга тийиш.
38. Куралдар жана ок-дарылар башка буюм далилдеринен өзүнчө сакталууга тийиш.
39. Укук коргоо (ыйгарым укуктуу) мамлекеттик органдардын, ошондой эле алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жайдын периметри боюнча курулуш конструкцияларын бузууну жана ага санкцияланбаган кирүүнү алдын алуу боюнча чараларды көрөт: терезе жана эшик коюлуучу жерлер, люктар, желдетүү каналдары, жылуулук коммуникациялары кирүүчү жерлер, жука тосмо дубалдар жана сырттан кирүү үчүн ыңгайлуу болгон жайдын башка элементтери.
40. Жайлар ушул Нускаманын 4-тиркемесине ылайык жооптуу сактоодо турган кылмыш иштери боюнча буюм далилдери сакталган жерлерге коюлуучу талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
41. Сейфтердин, шкафтардын (ящиктердин) ачкычтарынын биринчи нускасы, ошондой эле мөөр жана пломбир буюм далилдеринин сакталышын камсыздоого жооптуу адамда болот. Ачкычтардын экинчи нускасы тубуска салынып таңгакталат жана буюм далилдеринин сакталышына жооптуу тарабынан пломба басылат жана тийиштүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын нөөмөт бөлүмүндө сакталат.
42. Сактоо камераларынын ачкычтарынын экинчи нускасы пайдаланылгандан кийин таңгакталат жана аларга ушул Нускаманын 84-пунктунда каралган тартипте түзүлүүчү ведомстволук комиссиянын төрагасы тарабынан пломба басылат жана укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын нөөмөт бөлүмүнүн башчысына сактоого тапшырылат.
43. Кылмыш иштери боюнча сактоого өткөрүлүп берилген буюм далилдеринин сакталышына жооптуу катары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам-тергөө курамындагы адамдарды дайындоого тыюу салынат.
44. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдеринин сакталышын камсыздоого жооптуу адам башка кызмат орунга которулган же ал кызматтан бошотулган учурда анын түздөн-түз жетекчиси үч сутканын ичинде ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын атына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жооптуу сактоосунда турган буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү акты боюнча өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч киргизет.
45. Кылмыш иштери боюнча алынган мөөр басылган таңгактар түрүндөгү буюм далилдери кылмыш иши, материалдар өндүрүшүндө же изилдөөсүндө болгон органдын сактоо камераларынын өзүнчө жайына жайгаштырылат, алар төмөнкүдөй сакталат:
- даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин кылмыш иши боюнча чечим кабыл алынганга чейин;
- токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин кылмыш иши токтотулганга чейин;
- соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин;
- эксперт корутунду чыгарганга чейин.
Эгерде бул сотко чейинки өндүрүшкө жана соттук териштирүүгө зыян келтирбестен мүмкүн болсо, буюм далилдери ээлерине кайтарылып берилет же болбосо ушул Нускамада көрсөтүлгөн тартипте сатылууга же жок кылынууга жатат.
46. Сактоо жайларына кылмыш иштери боюнча буюм далилдеринин сакталышына жооптуу адамдын катышуусунда гана кирүүгө болот. Анын катышуусун камсыздоо мүмкүн болбогон учурда буюм далилдерин сактоого берүү жана кабыл алуу алардын сакталышын камсыз кылган органдын жетекчиси тарабынан ыйгарым укуктарын аныктоо менен үч адамдан кем эмес санда түзүлгөн комиссия тарабынан жүзөгө ашырылат. Мындай учурларда акт үч нускада түзүлөт, анда эмнеге байланыштуу жана кандай объекттер жайдан (сактоочу жайдан) алынгандыгы же ага коюлгандыгы чагылдырылат. Актынын биринчи нускасы буюм далилдерин каттоо китебине тиешелүү маалыматтарды киргизүү үчүн буюм далилдерин сактоого жооптуу адамга, экинчиси - канцелярияга берилет, үчүнчүсү - ишке тиркелет.
47. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө алынган жардыруучу түзүлүштөр, ок атуучу куралдар, курал-жарактар, ок-дарылар, жарылуучу заттар, радиоактивдүү материалдар, таасири күчтүү уулуу заттар соттук экспертиза өндүрүшүнө чейин белгиленген тартипте өзүнчө жайларда сакталат.
48. Буюм далилдери катары таанылган автомашиналар, мотоциклдер жана башка транспорт каражаттары (анын ичинде сууда сүзүүчү жана учуучу аппараттар), ошондой эле камакка алынган транспорт каражаттары тергөөчүнүн токтому боюнча (эгерде аларды сактоого ээсине, анын туугандарына же башка адамдарга, ошондой эле башка уюмдарга берүүгө мүмкүн болбосо) адистештирилген токтотуучу жайларда сакталат, алардын жетекчилери бул тууралуу ишке тиркелүүчү тил кат жазып берет, анда кабыл алынган транспорт каражатынын сакталышына жооп берген жооптуу адам көрсөтүлөт.
49. Транспорт каражатын алууда, ошондой эле аны сактоого өткөрүп берүүдө адистин, анын ээсинин, ал жок болгон учурда - анын өкүлүнүн же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнүн катышуусунда аталган транспорт каражатынын техникалык абалына акт түзүлөт.
50. Айыпталуучулардын паспорттору, өздүк күбөлүктөрү, аскердик билеттери (туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү, жашы жете электердин күбөлүктөрү) кылмыш ишине тиркелет жана ишке көктөлгөн, өзүнчө номерленген баракка тиркелген, өзүнчө мөөр басылган пакетте сакталат.
51. Кызматтык күбөлүк алынган учурда документ анын ээсинин камакка алынгандыгы тууралуу кабарлама менен биргеликте аны берген органга жиберилет.
52. Башка жеке документтер, эгерде алар иш үчүн мааниге ээ эмес болсо, айыпталуучуга же анын макулдугу менен жакын туугандарына кайтарылып берилет.
53. Кылмыш иштери боюнча жарандардан алынган, соттун өкүмүнүн негизинде конфискацияланууга тийиш болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасындагы акчалай суммалар, сактык жана чектик китепчелер, чектер, сактоо күбөлүктөрү, акча-буюм лотерея билеттери, чет элдик валюта жана башка баалуу кагаздар, баалуу металлдар жана таштар, берметтер, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары, колго жасалган зер буюмдар, баалуу металлдардан жасалган тыйындар, аларды мыйзамдуу ээсине кайтаруу, эгерде бул далилдөө үчүн зыян келтирбестен мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, үч күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган мөөнөткө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын финансылык бөлүмүнө сактоого өткөрүлүп берилет.
54. Буюм далилдери катары ишке тиркелген документтер, каттар жана башка жазуулар кагаздын таза барактарынын ортосуна салынган конверттерде сакталууга тийиш. Аларга кандайдыр бир белгилерди коюуга, жазууларды калтырууга жана аларды бүктөөгө тыюу салынат. Конверттерге мөөр басылып, ишке тиркелет жана анын өзүнчө барагы менен номерленет. Ишке тиркелген каттардын жана документтердин саны көп болгон учурда алар ишке тиркелүүчү өзүнчө пакетке салынат. Конвертте ага салынган документтердин тизмеги менен жазуу болууга тийиш.
55. Кылмыш ишинин материалдарына мамлекеттик архивдерден жана алардын ведомстволук уюмдарынан алынган документтердин түп нускаларын тиркөөгө тыюу салынат. Изилдөө (экспертиза) аяктагандан кийин алар таандыгы боюнча кайтарылууга тийиш. Кылмыш ишинин материалдарына ошол мамлекеттик орган күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.
56. Жашыруун мүнөздөгү маалыматтарды камтыган, бирок буюм далилдери болуп эсептелбестен алынган документтер, чиймелер, фото сүрөттөр жашыруундук режимин сактоо менен таандыгы боюнча уюмдардагы жана мекемелердеги жашыруун документтерди тескеген бөлүмдөргө жиберилет.
57. Буюм далилдерин нымдуу абалда сактоого тапшырууга тыюу салынат, бул алардын бузулушуна жана андан ары изилдөө жана далил катарында пайдалануу мүмкүндүгүн жокко чыгарууга алып келиши мүмкүн.
58. Зарыл болгон учурда алынган объекттерди, алардын андан ары сакталышын камсыз кылуучу абалга келтирүү боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
59. Биологиялык, анын ичинде тез бузулуучу микроскоптук же химиялык изилденүүгө тийиш болгон объекттер герметикалык жабылган идиштерде таңгакталууга тийиш. Мындай объекттерди (анын ичинде өлүктүн мүчөлөрүн андан ары изилдөөнү талап кылган) соттук-эксперттик мекемелердин кызматкерлери таңгактайт.
60. Атайын шарттарда сактоону талап кылган биологиялык объекттерди эксперттик изилдөө аяктаганда, анын жетекчилиги менен жазуу жүзүндө макулдашуу боюнча соттук-медициналык мекемеде ушул Нускаманын 45-пунктуна ылайык сактоо мөөнөттөрүн аныктоо менен сакталат.
61. Буюм далилдери катары алынган үйдөгү мал кылмыш иши боюнча чечим чыкканга чейин ээлерине (жабырлануучуларга) же уюмдарга, алар жок болгон учурда - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлдөрүнө тийиштүү акт түзүү менен кайтарылып берилет.
62. Айыптоо актына тиркелген маалымкатта иш боюнча алынган буюмдардын, документтердин же башка мүлктүн сактоого берилгендигин ырастаган документтер көктөлгөн иштин тийиштүү барагына шилтеме жасоо менен алардын сакталган жери көрсөтүлөт.
63. Камакка алынган мүлк тергөөчү тарабынан кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык иштин конкреттүү жагдайларына жана кызыкчылыктарына жараша жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле зыян келтирилген уюмга же мүлктүн ээсине, же болбосо анын тууганына өткөрүлүп берилет, аларга кабыл алынган мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик түшүндүрүлөт да, ал тууралуу анын колу коюлат.
64. Искусство чыгармалары жана антиквариат сактоого кабыл алууга мүмкүн болбогон учурда музейге сактоого өткөрүлүп берилет.
65. Бети ачылбаган кылмыштар жөнүндө өндүрүшү убактылуу токтотулган иштер боюнча буюм далилдери сакталышын жана андан ары пайдалануу мүмкүндүгүн камсыздаган таңгакталган жана мөөр басылган түрдө каралып жаткан иштер боюнча буюм далилдеринен өзүнчө, аларды тергөө жери боюнча сакталат.
66. Өндүрүшү убактылуу токтотулган бети ачылбаган кылмыштар боюнча иштердин ар бир таңгагы иштин номерин, анын фабуласын, Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган датасын, ошондой эле таңгакта турган объекттин аталышын көрсөткөн жазууларды камтууга тийиш.
67. Өндүрүшү убактылуу токтотулган кылмыштын бети ачылбаган иштер боюнча буюм далилдерин сактоо шарттары ушул Нускамада аныкталган объекттердин категорияларына карата тандалат.
4-глава. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, берүү, ташуу жана жөнөтүү
68. Кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин эсепке алуу үчүн ар бир укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органында ушул Нускаманын 5-тиркемесине ылайык форма боюнча журнал ачылат. Буюм далилдери болуп эсептелбеген баалуу буюмдар, ошондой эле накталай акчалар ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык форма боюнча журналда эсепке алынат. Аталган журналдар буюм далилдерин жана башка алынган мүлктү, баалуу буюмдарды эсепке алууга жана сактоого жооптуу адамда болот. Эсепке алуу так отчеттуулук документтерин жүргүзүү эрежелери боюнча жүзөгө ашырылат.
69. Журналдын ар бир барагына номер коюлуп, көктөлүп, сактоону камсыздоочу органдын жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлөт жана мөөр басылып, иш кагаздарын жүргүзүү чөйрөсүндөгү маселелерди тескеген бөлүмдө катталат.
70. Сактоого жооптуу адам гана документтердин негизинде эсепке алуу журналын толтура алат, анда алуу факты, сактоого келип түшкөн датасы жөнүндө маалыматтар, алардын аталышы, саны, кылмыш ишинин номери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 86 жана 538-беренелеринде каралган максаттарда буюм далилдерин берүү жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.
71. Эсепке алуу журналына каттоо хронологиялык тартипте жүргүзүлөт, анда келип түшкөн дата, токтом чыгарган тергөөчүнүн аты-жөнү, буюм далилдеринин аталышы, пакеттердин саны, граммдагы (литрдеги) өлчөмү, кылмыш ишинин номери, айыпталуучунун аты-жөнү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин беренелери көрсөтүлөт. Кабыл алынган буюм далилдерине каттоодогу катар номери берилет.
72. Эсепке алуу китебине тиешелүү жазууларды киргизүү жолу менен буюм далилдерин эсепке алууга кошумча милдеттүү тартипте электрондук түрдө фототаблица тиркөө менен эсепке алуу жүргүзүлөт.
73. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдери тергөө органынын жазуу жүзүндөгү талабы, соттун өкүмү (алуу ж.б.) же токтому (аныктамасы) боюнча буюм далилдерин сактаган адам тарабынан берилет, ал тууралуу каттоо журналына тиешелүү белги коюлат.
74. Буюм далилдерин сактоого жооптуу соттун жазуу жүзүндөгү талабы боюнча буюм далилдерин соттун кароосуна көрсөтөт.
75. Кылмыш иштери боюнча алынган жардыруучу түзүлүштөрдү, ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды, радиоактивдүү материалдарды, баңги каражаттарды, психотроптук, таасири күчтүү жана уулуу заттарды, буюмдарды жана объекттерди ташуу жана жөнөтүү ушул буюмдарды сактоого алган укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын адамдарынын коопсуздугун камсыздоо максатында куралдуу күзөттүн коштоосу менен жүзөгө ашырылат.
Бул пункттагы жогоруда аталгандардан тышкары буюм далилдерин коштоо жана ташуу куралдуу күзөтсүз жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Буюм далилдерин сактоого жана жөнөтүүгө сарпталган сумма укук коргоо (ыйгарым укуктуу мамлекеттик) органдарына каралган каражаттардын же болбосо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 139-беренесинин талаптарына ылайык кылмыш сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын каражаттарынын эсебинен кайтарылып берилет.
76. Куралдуу күзөт буюм далилдерин сактоого жооптууну аларды сактоого берүүчү жерге чейин коштойт.
77. Эсепке алуу журналы белгиленген тартипте дайыма сакталат.
78. Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуунун, сактоонун, өткөрүп берүүнүн, берүүнүн, ташуунун, жөнөтүүнүн, жок кылуунун, кайра иштетүүнүн, сатуунун абалына ведомстволук контролду тиешелүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органдарынын бардык бөлүмдөрүндө түзүлүүчү ведомстволор аралык комиссия ишке ашырат. Аталган комиссия кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына жана ушул Нускамага ылайык кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу боюнча иштерди жүргүзөт.
79. Комиссия квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин кылмыш иштери боюнча буюм далилдеринин абалын жана сактоонун шартын, аларды кабыл алуу, эсепке алуу, берүү жана өткөрүп берүү боюнча иш кагаздарды уюштурууну текшерет. Текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө эки нускада акт түзүлөт, ага комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коюшат, анын биринчи нускасы тиешелүү укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын катчылыгына, экинчи нускасы буюм далилдерин сактоого жооптууга берилет.
80. Текшерүүнүн жүрүшүндө мөөр басылып таңгакталган буюм далилдерин ачууга тыюу салынат.
5-глава. Кылмыш иштери боюнча жооптуу сактоодо турган буюм далилдерин жок кылуу жана кайра иштетүү тартиби
81. Кылмыш иштери боюнча жооптуу сактоодо турган буюм далилдерин жок кылуу же кайра иштетүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү же болбосо токтому (аныктамасы);
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун же тергөөчүнүн токтому;
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдери өтө көлөмдүү болгон себебинен аларды сактоого мүмкүн болбогондуктан же сактоого мүмкүн болбогон башка себептерден улам аларды жок кылууга же сатууга өткөрүп берүү боюнча ээсинин макулдугу же соттун (судьянын) чечими.
82. Жооптуу сактоодо турган буюм далилдери квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин, соттун өкүмү же башка соттук чечимдер, тергөөчүнүн же прокурордун токтому мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин жок кылынат.
83. Ок атуучу куралдар, ок-дарылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген тартипте жок кылынат.
84. Кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин жок кылуу же кайра иштетүү ведомстволор аралык комиссия тарабынан ишке ашырылат.
Жооптуу сактоодо турган буюм далилдерин жок кылууда же кайра иштетүүдө мындай комиссиялардын курамына төмөнкү өкүлдөр кирет:
- саламаттык сактоо органдарынын;
- экологиялык же техникалык коопсуздук органдарынын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын;
- сот органдарынын;
- ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буюм далилдерин сактоого жооптуу адамы.
85. Буюм далилдерин сактоого жооптуу адам жок кылуу же кайра иштетүү боюнча комиссиянын кароосуна документтерди даярдайт.
86. Калктуу пункттардын аймагында иштеп жаткан от казандар, жылуулук электр борборлору, ошондой эле металлды ысык иштетүү цехтери ж.б. бар ишканалар (мекемелер, уюмдар) болгондо ошол уюмдун жетекчилери жана айлана чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен жазуу жүзүндө макулдашып, буюм далилдерин жок кылуунун же кайра иштетүүнүн кыйла оптималдуу жана экологиялык коопсуз ыкмаларын иштеп чыгуу жана пайдалануу үчүн буюм далилдери жумушчу температурасы Цельсий шкаласы боюнча 500 (беш жүз) градустан кем эмес мештери бар цехтерде жок кылынышы мүмкүн.
87. Таасири күчтүү жана уулуу заттар айлана чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен жазуу жүзүндөгү макулдашуу боюнча таасири күчтүү жана уулуу заттарды зыянсыздандыруу жана жок кылуу боюнча адистештирилген уюмдарга (мекемелерге) андан ары жок кылуу үчүн өткөрүлүп берилүүгө тийиш.
88. Буюм далилдерин жок кылуунун же кайра иштетүүнүн алдында комиссиянын мүчөлөрү жок кылынуучу буюм далилдеринин иш жүзүндөгү маалыматын эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен кылдат салыштырып текшеришет. Алардын көз көрүнөө шайкеш келбестигинде комиссия жок кылуу же кайра иштетүү жөнүндө маселени кароону токтотууга жана кызматтык териштирүү (текшерүү) дайындоого укуктуу.
89. Жок кылынуучу же кайра иштетилүүчү буюм далилдеринин иш жүзүндөгү жана эсепке алуу маалыматтарындагы айырмачылык фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) ыйгарым укуктуу органдын жетекчиси уюштурат.
90. Буюм далилдерин жок кылуу, кайра иштетүү же сатуу фактыларын комиссиянын мүчөлөрү ушул Нускаманын 7 жана 8-тиркемелерине ылайык форма боюнча актыда күбөлөндүрөт, акт төрт нускада түзүлөт:
- биринчи нуска кылмыш ишине тиркелет;
- экинчи нуска буюм далилдерин берген органдын катчылыгындагы (жалпы бөлүмүндөгү) ишке тиркелет;
- үчүнчү нуска кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин сактоого жооптууга берилет;
- төртүнчү нуска буюм далилдерин жок кылуу боюнча ишке контроль жүргүзүүчү профилдик органга жиберилет.
6-глава. Жооптуу сактоодо турган, кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сатуу тартиби
91. Жооптуу сактоодо турган, кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сатуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп эсептелет:
- мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү же болбосо токтому (аныктамасы);
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш ишин токтотуу жөнүндө соттун же тергөөчүнүн токтому;
- даттануу мөөнөтү бүткөндөн кийин кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдери өтө көлөмдүү болгон себебинен аларды сактоого мүмкүн болбогондуктан же сактоого мүмкүн болбогон башка себептерден улам аларды сатууга өткөрүп берүү үчүн ээсинин макулдугу же соттун (судьянын) чечими (токтому).
92. Тез бузулууга дуушар болгон, сактоонун атайын шарттарын талап кылган буюм далилдери, эгерде ээсине кайтарып берүү мүмкүн болбосо, алып коюудан, кароодон, изилдөөдөн жана алардын сапатын товарлардын сапаты боюнча мамлекеттик инспекция органдары (же санитардык көзөмөлдөө органдары) тарабынан текшерүүдөн кийин соттун токтому боюнча, алынган суммаларды өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же ишти токтотуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын депозиттик эсебине которуу менен сатылат же болбосо утилдештирүүгө же жок кылынууга тийиш.
93. Сактоо үчүн олуттуу материалдык чыгымдарды же сактоонун атайын шарттарын камсыз кылуу боюнча алардын наркына өлчөмдөш чыгымдарды талап кылган буюм далилдери, эгерде ээсине кайтарып берүү мүмкүн болбосо же болбосо алардын ээси же жоопкерчиликке тартыла турган адам аныкталбаган учурда соттун токтому боюнча белгиленген тартипте алынган суммаларды өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же ишти токтотуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын депозиттик эсебине которуу менен сатылат.
94. Алынган жана буюм далилдери катары таанылган айыл чарба жаныбарлары жабыр тарткан адамдарга (мүлктүн ээсине) берилет, алар жок болгон учурда соттун токтому боюнча алынган суммаларды өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же ишти токтотуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын депозиттик эсебине которуу менен сатылат же болбосо утилдештирүүгө же жок кылынууга тийиш.
95. Алынган спирт ичимдиктерине талаптагыдай кароо, зарыл болгон экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин, эгерде алар колдонууга жарактуу болсо, соттун токтому боюнча алынган суммаларды өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же ишти токтотуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын депозиттик эсебине которуу менен сатылат, ал эми үлгүлөр (сынамдар) буюм далилдери катары кылмыш ишине тиркелет.
96. Алынган мунай жана мунай продукттарына талаптагыдай кароо, зарыл болгон экспертизалар жүргүзүлгөндөн кийин соттун токтому боюнча алынган суммаларды өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин же ишти токтотуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин сотко чейинки өндүрүштү жүргүзгөн органдын депозиттик эсебине которуу менен сатылат, ал эми үлгүлөр (сынамдар) буюм далилдери катары кылмыш ишине тиркелет.
97. Мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынган тамеки буюмдары, тамеки продукциялары, чийки зат, никотин камтыган продукциялар, никотиндик чийки зат, жарым фабрикаттар, тамеки буюмдарын, тамеки продукциясын, чийки затты, никотин камтыган продукцияны жана никотиндик чийки затты өндүрүү үчүн колдонулуучу өндүрүштүк, транспорттук, керектөө таңгактары, этикеткалар, ошондой эле түрлөрүнүн тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тамеки буюмдарын, тамеки продукциясын, чийки затты, никотин камтыган продукцияны жана (же) никотиндик чийки затты өндүрүү үчүн негизги технологиялык жабдуулар сүрөткө же видео же кинопленкага тартылат, мүмкүн болушунча мөөр басылат жана зарыл болгон изилдөөлөр жүргүзүлгөн мезгилге тергөөчүнүн чечими боюнча сактоого берилет, зарыл болгон изилдөөлөр жүргүзүлгөндөн кийин соттун токтому боюнча сатылат же болбосо утилдештирүү же жок кылуу үчүн өткөрүп берилет, бул жөнүндө кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарына ылайык протокол жана комиссиянын тиешелүү актысы түзүлөт. Кылмыш ишинин материалдарына мындай буюм далилинин жайгашкан жери жөнүндө документ жана салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон буюм далилинин үлгүсү тиркелет.
98. Кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууда жана (же) өткөрүүдө пайдаланылган алынган оюн жабдуулары соттун токтому боюнча сатылат же болбосо утилдештирүү же жок кылуу үчүн өткөрүп берилет, бул жөнүндө кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын талаптарына ылайык протокол жана комиссиянын тиешелүү актысы түзүлөт. Кылмыш ишинин материалдарына буюм далилдеринин фото жана кино тартуу, видео жазуу материалдары тиркелет, ошондой эле салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон буюм далилинин үлгүсү тиркелиши мүмкүн.
Эгерде 93, 95-96-пункттарда көрсөтүлгөн буюм далилдери эксперттин (адистин) корутундусу боюнча пайдаланууга же сатууга жараксыз болсо, ушул Нускаманын 84-90-пункттарына ылайык түздөн-түз жок кылынат.
99. Буюм далилдери иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин менчик ээсинин макулдугу менен же соттун чечими боюнча, эгерде бул далилдөөнүн толуктугуна жана иш боюнча мыйзамдуу жана негизделген чечимди кабыл алууга тоскоолдук кылбаса, анын ичинде иш боюнча өндүрүштү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган же кабыл алына турган учурда да, төмөндөгү шарттарды сактоо менен сатууга жол берилет:
- ушул буюм далили менен байланышкан зарыл болгон тергөө жана башка процессуалдык аракеттерди жүргүзгөндөн кийин;
- зарыл болгон учурда салыштырып изилдөө үчүн жетиштүү болгон буюм далилинин үлгүсү (сынамы) тандап алынат;
- буюм далилдери милдеттүү түрдө фотосүрөткө же видеого тартылышы керек.
Эгерде менчик ээси мүлктү сатууга, ошондой эле аны кайра иштетүүгө же жок кылууга макулдук бербесе же менчик ээси жана жоопкерчиликке тартылууга тийиш болгон адам аныкталбаса же кармалбаса, тергөөчү прокурордун макулдугу менен сотко чейинки өндүрүштүн орду боюнча тергөө судьясына Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына ылайык тиешелүү өтүнүчтү берет.
100. Ушул Нускаманын 78 жана 84-пункттарына ылайык түзүлгөн ведомстволор аралык комиссия кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин сатууну уюштурат.
101. Сатуу жөнүндө материалды (сатуу актысын) ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна кылмыш иши өндүрүшүндө турган адам даярдайт.
102. Соттун чечими менен буюм далилдерин сатуунун алдында комиссиянын мүчөлөрү сатылуучу буюм далилдеринин иш жүзүндөгү маалыматын эсепке алуу документтериндеги маалыматтар менен кылдат салыштырып текшеришет. Алардын көз көрүнөө шайкеш келбестигинде комиссия сатуу жөнүндө маселени кароону токтотууга укуктуу, ал тууралуу акт түзүлөт.
103. Жок кылынуучу буюм далилдери жөнүндө иш жүзүндөгү жана эсепке алуу маалыматтарындагы айырмачылык фактылары боюнча кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) укук коргоо (ыйгарым укуктуу) органынын жетекчиси уюштурат.
104. Буюм далилдерин сатуу фактыларын комиссиянын мүчөлөрү ушул Нускаманын 8-тиркемесине ылайык форма боюнча ушул эле Нускаманын 90-пунктуна ылайык төрт нускада түзүлүүчү актыда күбөлөндүрөт.
105. Буюм далилдерин сатуудан же кайра иштетүүдөн түшкөн тиешелүү мамлекеттик органдардын депозиттик эсептериндеги бардык акча каражаттары, ошондой эле убактылуу жооптуу сактоого же кармоого берилген башка мүлк соттун өкүмү же чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин же болбосо ишти токтотуу жөнүндө токтомго же аныктамага даттануу мөөнөтү аяктагандан кийин мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине айландырылат. Мамлекеттин менчигине айландырылган акчаларды, баалуулуктарды жана башка мүлктү андан ары эсепке алуунун, баалоонун жана пайдалануунун, анын ичинде аларды кайтарып берүүнүн тартиби, шарттары жана сатылган же кайра иштетилген буюм далилдеринин ордун толтуруу формалары Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобого ылайык ишке ашырылат.
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 1-тиркеме |
Форма
Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү АКТЫСЫ
___________________________________ |
| 20___-жылдын "__" _________________ |
(калктуу конуштун аталышы) |
|
|
Биз, төмөндө кол койгондор, _______________________________________________________
_______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________,
(актыны түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
актыда саналган буюм далилдери жооптуу сактоого өткөрүп берилүүгө тийиш экендиги
тууралуу ушул актыны түздүк:
№ | Кылмыш ишинин № | Айыпталуучунун, шектүүнүн аты-жөнү | Аталышы (буюм, үлгүсү, тест, таңгак, кесилген жери ж.б.) | Пакеттердин саны | Саны (грамм, литр, даана) | Эскертүү |
|
|
|
|
|
|
|
Буюмдардын колдо болгон документтерге шайкештиги - түрү, алардын саны, салмагы ж.б.,
өткөрүп берүүнүн алдында салыштырып текшерилди жана актыга жазылды.
Өткөрүп берди: _________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү, датасы)
Кабыл алды: ___________________________________________________________________
(кызмат орду, колу, аты-жөнү, датасы)
Кабыл алуу-өткөрүп берүүгө катышкандардын колу:
1. _____________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
2. _____________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 2-тиркеме |
Форма
Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин жооптуу сактоого кабыл алуу жөнүндө КВИТАНЦИЯ
___________________________________ |
| 20___-жылдын "__" _________________ |
(калктуу конуштун аталышы) |
|
|
Кабыл алынды:
_______________________________________________________________________________,
(буюмду сактоого берген адамдын аты-жөнү, кызмат орду)
_______________________________________________________________________________,
(буюм далилдеринин аталышы)
_______________________________________________________________________________,
(пакеттердин саны, салмагы грамм менен, өлчөмү литр менен, даанасы)
_______________________________________________________________________________,
(кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын № )
_______________________________________________________________________________,
(кылмыш ишинин №, датасы)
_______________________________________________________________________________,
(айыпталуучунун аты-жөнү)
Тапшырды: ___________________________________________________ __________________
(датасы, кызмат орду, аты-жөнү) (колу)
Кабыл алды: ___________________________________________________ __________________
(датасы, кызмат орду, аты-жөнү) (колу)
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 3-тиркеме |
Форма
Кылмыш иштери боюнча буюм далили катары алынган, жооптуу сактоого өткөрүлүп бериле турган транспорт каражатын комиссиялык кароо АКТЫ
___________________________________ |
| 20___-жылдын "__" _________________ |
(калктуу конуштун аталышы) |
|
|
Тергөөчү: ______________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
автотранспорт боюнча өкүл (адис):
_______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
буюм далилдерин сактоого жооптуу:
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
транспорт каражатынын техникалык абалы кароодон өткөрүлдү:
маркасы, модели жана түсү: _______________________________________________________
мамлекеттик номери: _____________________________________________________________
чыгарылган жылы: _______________________________________________________________
жалпы жүргөн чакырымы: _________________________________________________________
кыймылдаткычы: ________________________________________________________________
шассиси: ______________________________________________________________________
кузову: ________________________________________________________________________
техникалык паспорту: ____________________________________________________________
(номери, ким тарабынан берилген)
Транспорт каражатынын сырткы абалы: ____________________________________________
______________________________________________________________________________
(комплект, комплект эмес, дат басуунун жана бузулуунун болушу)
Транспорт каражатында төмөнкү тетиктер, түйүндөр, агрегаттар жок: _____________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Негизги түйүндөрдүн, агрегаттардын техникалык абалынын мүнөздөмөсү: _________________
_______________________________________________________________________________
шассиси: _______________________________________________________________________
кузову: _________________________________________________________________________
кыймылдаткычы: _________________________________________________________________
өткөрүү кутучасы: ________________________________________________________________
алдыңкы мосту: __________________________________________________________________
арткы мосту: ____________________________________________________________________
башка түйүндөр жана агрегаттар: ___________________________________________________
Транспорт каражатынын техникалык абалы жөнүндө корутунду:
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
(пайдаланууга жарактуу же жарактуу эмес)
Ээсинин дареги: _________________________________________________________________
Тергөөчү: _______________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Автотранспорт боюнча өкүл (адис): __________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Буюм далилдеринин сакталышын камсыздоого жооптуу:
_______________________________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 4-тиркеме |
Жооптуу сактоодо турган кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин сактоо жерлерине коюлуучу ТАЛАПТАР
Ишенимдүү сакталышын камсыз кылуу үчүн баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор ушул максаттар үчүн атайын бөлүнгөн жайларда орнотулган сейфтерде, металл шкафтарда (ящиктерде) сакталууга тийиш, ал жай төмөнкүдөй талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1. Капиталдык сырткы дубалы, бекем шып каптамы жана полу болушу керек.
2. Бекем жана ишенимдүү жабылган эки эшиги: эки тарабы тең цинктелген темир менен капталган, калыңдыгы 40 мм кем эмес сырткы тактай эшиги жана диаметри 15 мм кем эмес болот зымдан даярдалган торлуу ички эшиги болушу керек.
3. Жайдын ички тарабынан терезелерде же рамалардын ортосунда темир торлор болушу керек. Терезе коюлуучу жерлерде тордун зымдарынын учтары дубалга 80 мм кем эмес тереңдикте киргизилип, бетон куюлат.
4. Сейфтер, металл шкафтар (ящиктер) жабык абалда болууга тийиш. Жумуш күнү аяктагандан кийин аларга мөөр коюлат же пломба басылат. Сейфтердин, шкафтардын (ящиктердин) ачкычтары, мөөр жана пломбир буюм далилдеринин сакталышына жооптуу адамдарда сакталууга тийиш.
5. Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду сактоо үчүн жайлар милдеттүү түрдө оперативдүү нөөмөттүк ички иштер органынын же күзөт кызматынын бөлүмүнүн пультуна кошуу аркылуу күзөт-өрт сигнализация каражаттары менен жабдылат.
6. Жайдын периметри боюнча курулуш конструкциялары - терезелер жана эшиктер, люктар, желдетүү каналдары, жылуулук коммуникациялары кирүүчү жерлер, жука дубалдуу тосмолор жана сырткы тараптан кирүү үчүн мүмкүн болгон жайдын башка элементтери милдеттүү түрдө корголууга тийиш.
7. Баңгизаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор башка буюм далилдеринен өзүнчө, ал эми прекурсорлор баңгизаттардан жана психотроптук заттардан өзүнчө сакталууга тийиш.
8. Өрт сигнализация системасы 02.04.09-84 "Имараттардын жана курулмалардын өрт автоматикасы" курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына шайкеш келүүгө жана күнү-түнү иштөөнү камсыз кылууга тийиш.
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 5-тиркеме |
Форма
Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
20__-ж. "__" ________________________________ башталган
20__-ж. "__" ________________________________ аяктаган
№ | Келип түшкөн дата | Актынын № | Токтомду чыгарган тергөөчүнүн аты-жөнү | Буюм далилинин аталышы | Пакеттердин, идиштердин саны | Пакеттердин саны (грамм, литр менен) | Кылмыш ишинин № | Айыпталуучунун аты-жөнү | Берененин № | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 6-тиркеме |
Форма
Буюм далилдери болуп саналбаган баалуулуктарды, ошондой эле накталай акчаларды эсепке алуу ЖУРНАЛЫ
20__-ж. "__" ________________________________ башталган
20__-ж. "__" ________________________________ аяктаган
№ | Келип түшкөн дата | Актынын № | Токтомду чыгарган тергөөчүнүн аты-жөнү | Буюм далилинин аталышы | Пакеттердин, идиштердин саны | Пакеттердин саны (грамм, литр менен) | Кылмыш ишинин № | Айыпталуучунун аты-жөнү | Берененин № | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 7-тиркеме |
Форма
Кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин жок кылуу же кайра иштетүү жөнүндө АКТ
___________________________________ |
| 20___-жылдын "__" _________________ |
(калктуу конуштун аталышы) |
|
|
Биз, төмөндө кол койгондор:
комиссиянын төрагасы: ___________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
комиссия мүчөлөрү: ______________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________,
(актты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү: __________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________,
(акты түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
актыда саналган буюм далилдери соттун өкүмүнүн, тергөөчүнүн, соттун токтомунун негизинде
жок кылынууга же кайра иштетилүүгө тийиш деп ушул актыны түздүк.
Катар № | Кылмыш ишинин № | Жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган документтин аталышы (соттун аталышы) | Документтин номери жана датасы | Айыпталуучунун аты-жөнү | Аталышы | Саны (грамм, литр, даана) | Пакеттердин саны | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жок кылынууга же сатылууга тийиш болгон бардык буюмдар:
1. ___________________________________________________________________________,
(буюм далилинин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ________________________________________________________.
(грамм, литр, жазуу менен)
2. ___________________________________________________________________________,
(буюм далилинин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) ________________________________________________________.
(грамм, литр жазуу менен)
Жогоруда саналган буюм далилдери жок кылуунун алдында соттун өкүмү, соттун,
тергөөчүнүн токтому менен салыштырып текшерилди жана ______ барактагы актыда
саналып көрсөтүлдү.
Буюм далилдери 20______________-ж. "____" ____________
_______________________________________________________________________________
________________________________________________________________ дареги боюнча
___________________________________________________________ от казанда өрттөө жолу
менен жок кылынды (кайра иштетилди).
Комиссиянын мүчөлөрүнүн колу:
1. ______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
2. ______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
3. ______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, датасы)
|
| Кылмыш иштери боюнча буюм далилдерин эсепке алуу, сактоо, өткөрүп берүү, берүү, ташуу, жөнөтүү, жок кылуу, кайра иштетүү, сатуу тартиби жөнүндө типтүү нускамага 8-тиркеме |
Форма
Кылмыш иштери боюнча алынган буюм далилдерин сатуу жөнүндө АКТ
___________________________________ |
| 20___-жылдын "__" _________________ |
(калктуу конуштун аталышы) |
|
|
Биз, төмөндө кол койгондор:
комиссиянын төрагасы: ___________________________________________________________,
______________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү)
комиссия мүчөлөрү: ______________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________,
(актыны түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү)
министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү: __________________________________
______________________________________________________________________________
______________________________________________________________________________
(актыны түзгөн адамдардын кызмат орду, аты-жөнү) актыда саналган буюм далилдери
соттун өкүмүнүн, тергөөчүнүн, соттун токтомунун негизинде сатылууга тийиш деп
ушул актыны түздүк:
Катар № | Кылмыш ишинин № | Жок кылуу жөнүндө чечим кабыл алынган документтин аталышы (соттун аталышы) | Документтин номери жана датасы | Айыпталуучунун аты-жөнү | Аталышы | Өлчөмү (грамм, литр, даана) | Пакеттердин саны | Эскертүү |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Жок кылынууга же сатылууга тийиш болгон бардыгы: __________________________________
______________________________________________________________________________
(буюм далилинин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) __________________________________________________________,
(грамм, литр жазуу менен)
______________________________________________________________________________
(буюм далилинин аталышы)
жалпы салмагы (көлөмү) __________________________________________________________.
(грамм, литр жазуу менен)
Жогоруда саналган буюм далилдери сатуунун алдында соттун өкүмү, соттун, тергөөчүнүн
токтому (аныктамасы) менен салыштырып текшерилди жана ________ барактагы
актыда көрсөтүлдү.
Буюм далилдери 20_______-ж. "___" _______________________________________________
дареги боюнча _________________________________________________________________
аркылуу сатылды.
Комиссиянын мүчөлөрүнүн колу:
1. _________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, дата)
2. _________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, дата)
3. _________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, дата)
4. _________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, дата)
5. _________________________________________________________________________
(кызмат орду, аты-жөнү, дата)e