Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-мартындагы № 102 токтомуна) |
Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жана пайдалануу тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктөрдү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин мамлекеттин менчигине өткөрүп берүүнүн жана пайдалануунун тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) кылмыш иштеринин жана укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында соттун чечими боюнча конфискацияланган мүлктү мамлекеттин кирешесине айландыруунун тартибин, ошондой эле конфискацияланган, ээси жок, кароосуз калган мүлктү жана кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча мамлекеттин менчигине айландырылган буюм далилдерин эсепке алуу, баалоо, сатуу жана пайдалануунун тартибин аныктайт.
2. Конфискацияланган, ээси жок же кароосуз калган мүлк, ошондой эле соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү же чечими, болбосо айыпталуучунун каза болгондугуна же анын акыл-эси соо эмес деп табылганына байланыштуу ишти кыскартуу жөнүндө тергөөчүнүн же соттун токтому күчүнө киргендигине байланыштуу мамлекеттик менчикке айландырылган буюм далил тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган же ыйгарым укуктуу органдар), мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган) ушул Жобого ылайык өткөрүлүп берилет.
3. Акча каражаттарын жана баалуу кагаздарды мамлекеттин кирешесине айландыруу сот аткаруучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
Акча каражаттарын конфискациялоодо сот аткаруучу конфискациялоо жөнүндө токтомду банкка, финансы-кредиттик уюмга жөнөтөт. Токтомдо акча каражаттары которулууга тийиш болгон республикалык бюджеттин эсебинин реквизиттери көрсөтүлөт.
Документсиз баалуу кагаздарды конфискациялоодо сот аткаруучу конфискацияланган баалуу кагаздарды карызкордун эсебинен чыгаруу жана аларды компетенциясына ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын эсебине чегерүү жөнүндө тапшырма берүү менен конфискациялоо жөнүндө токтомду ушул баалуу кагаздарга болгон укукту эсепке алууну жүзөгө ашыруучу адамга жөнөтөт.
Жарандык жүгүртүүдөн алынган жана жарандык жүгүртүүдө чектелген мүлк сот аткаруучулар тарабынан тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берилүүгө тийиш.
Ушул Жободо белгиленген мүлктү эсепке алуу, баалоо жана сатуу тартиби ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында эсепке алуунун, баалоонун жана сатуунун атайын тартиби белгиленген, мамлекеттин менчигине келип түшкөн башка мүлккө жайылтылбайт.
4. Ушул Жободогу аныктамалар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде жана "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мааниде колдонулат.
2-глава. Конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү, ошондой эле кылмыш иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча буюм далилдерин кабыл алуу-өткөрүп берүү, эсепке алуу, баалоо жана сатуу
5. Сот аткаруучу мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документин алган күндөн тартып соттун өкүмүндө же башка чечиминде көрсөтүлгөн мүлктүн бар экендигин текшерет.
Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлгөндөн чаралардан кийин сот аткаруучу мүлктү мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө кабарлама-катты мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберет. Көрсөтүлгөн кабарлама-катка белгиленген тартипте соттун өкүмүнүн же соттун чечиминин (токтому же аныктамасы), конфискациялоо жөнүндө аткаруу документинин, соттук актынын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берген документтер тиркелет.
6. Ыйгарым укуктуу органдарга жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүлгөн мүлккө сот аткаруучу тарабынан салынган камактан чыгарылгандан кийин жана башка органдар тарабынан салынган камак алынбастан сот аткаруучулар тарабынан төмөнкү мүлк өткөрүлүп берилет:
1) кылмыш иштеринин алкагында конфискацияланган;
2) укук бузуулар жөнүндө иштердин алкагында конфискацияланган;
3) кылмыш иши же укук бузуулар жөнүндө иш боюнча буюм далили деп таанылган, соттун өкүмүнүн же чечиминин мыйзамдуу күчүнө киришине байланыштуу же болбосо ишти кыскартуу жөнүндө соттун чечимине (токтомуна, аныктамасына) даттануу мөөнөтү өткөндөн кийин мамлекеттин менчигине айландырылган буюм далили (мындан ары - буюм далили же буюм далилдери).
7. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга төмөнкү буюм далилдери жана конфискацияланган мүлк кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен өткөрүп берилет:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк (жер участоктору, турак жайлар, алардын бөлүктөрү, алардын чарбалык курулуштары, дачалар, гараждар, батирлер, имараттар жана курулмалар ж.б.);
2) автотранспорт каражаттары, түрүнө карабастан айыл чарба техникасы, суу, аба транспорту жана өзү жүрүүчү техниканын башка түрлөрү;
3) күйүүчү-майлоочу материалдар (бензин, дизель майы, суюлтулган мунай газы, кысылган жаратылыш газы), майлоочу материалдар (мотордук, трансмиссиялык жана атайын майлар, пластикалык майлагычтар), атайын суюктуктар (тормоздук жана муздатуучу);
4) акциялар, чарбалык коомдордун жана шериктиктердин уставдык капиталындагы үлүштөр, баалуу кагаздар;
5) телевизорлор, мобилдик түзүлүштөр жана аларга комплекттөөчүлөр, тиричилик техникасы, кубаттоочу түзүлүштөр, жеке гигиена каражаттары, автомобилдин курамдык бөлүктөрү, кийим-кечелер, ошондой эле ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн мүлктөн тышкары башка мүлк.
Ушул пункттун 1, 2, 3, 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн мүлктү сатуу үчүн менчиктештирүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулат.
8. Ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөндөн тышкары буюм далилдерин жана конфискацияланган мүлктү өткөрүп берүү ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык сот аткаруучусу тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча ыйгарым укуктуу органдарга алардын компетенциясына ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актысын түзүү менен жүзөгө ашырылат.
9. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана ыйгарым укуктуу органдар ушул Жобонун 7 жана 16-пункттарына ылайык алардын компетенциясы боюнча буюм далилдерин жана конфискацияланган мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү актысынын негизинде оперативдүү башкарууга же чарбалык жүргүзүүгө токтоосуз кабыл алууга милдеттүү.
10. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамынын конфискацияланган жана мамлекеттин менчигине айландырылган мүлктү алуудан баш тартуусу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
11. Мүлктү кабыл алуу-өткөрүп берүү акты мүлк жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
1) түрү (кыймылдуу, кыймылсыз);
2) аталышы;
3) саны (көлөмү, аянты, даана ж.б.);
4) кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жери;
5) идентификациялык реквизиттер (идентификациялык код, марка, модель, мүлктү идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү башка маалыматтар);
6) мүлктүн документтери жөнүндө маалыматтар (бар болсо);
7) мүлктү өткөрүп берүү үчүн негиз болуп саналган соттун же ыйгарым укуктуу органдардын актысы;
8) белгиленген тартипте аныкталган мүлктүн наркы;
9) болгон башка маалыматтар.
12. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине айландырылган буюм далилдерин, конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү баалоо үчүн көз карандысыз баалоочуларды тартууга укуктуу.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган биринчи жолу мамлекеттин менчигине өткөн буюм далилдерин, конфискацияланган, ээси жок жана кароосуз калган мүлктү категориялар боюнча эсепке алууну мындай мүлктүн маалыматтарын Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрине киргизүү жолу менен жүзөгө ашырат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган ушул Жобонун 7-пунктунун 5-пунктчасында көрсөтүлгөн буюм далилдерин жана конфискацияланган мүлктү сатуу боюнча чечим кабыл алат.
3-глава. Мүлктү ыйгарым укуктуу органдарга жана уюмдарга компетенциясына ылайык өткөрүп берүү тартиби
13. Ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык компетенциясы боюнча мүлк өткөрүп берилген ыйгарым укуктуу органга ага өткөрүп берилген мүлктү ташуу жана сактоо боюнча чараларды көрүү, ошондой эле белгиленген тартипте мурда камакка коюлган мүлктү бошотуу боюнча чараларды көрүү жүктөлөт.
14. Ыйгарым укуктуу орган зарыл болгон учурда буюм далилдин, конфискацияланган же мамлекеттин кирешесине айландырылган башка мүлктүн белгиленген талаптарга ылайык келишин ырастоо максатында санитардык-гигиеналык, экологиялык, товар жүргүзүү жана башка экспертизаларды жүргүзүүнү уюштурат.
15. Ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жыл сайын кийинки жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө өткөрүп берилген мүлктү пайдалануу жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү.
Бул максаттар үчүн мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган Мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестринде мамлекеттин кирешесине мүлктү кабыл алуу жана кабыл алынган мүлктү андан ары пайдалануу боюнча эсепке алууну жүргүзөт.
16. Сот аткаруучу ушул Жобонун 8-пунктуна ылайык мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын чечими боюнча жана/же тиешелүү тартипте таризделген ишеним кат болгондо мүлк жайгашкан жерде ыйгарым укуктуу органдарга алардын компетенциясына ылайык акысыз негизде төмөнкү мүлктү өткөрүп берет:
1) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга -дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды, медициналык жабдууну;
2) Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна - Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун номенклатурасына ылайык материалдык баалуулуктарды;
3) мамлекеттик музейлерге, архивдерге жана илимий мекемелерге - түрүнө карабастан (кыймылдуу же кыймылсыз), тарыхый, илимий, көркөм баалуулукка ээ болгон мүлктү;
4) мамлекеттик китепканаларга - тарыхый, илимий, көркөм, маданий жана башка баалуулуктары бар китептерди;
5) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментине - минералдык жер семирткичтерди жана пестициддерди;
6) жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органга -химиялык заттарды, сымапты, уулуу жана радиоактивдүү заттарды;
7) архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбаны жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга - курулуш материалдарды;
8) агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу органга андан ары ведомстволук уюмдарга өткөрүү үчүн - асыл тукум, продукттуу жана жумушчу бодо малдарды, аарылардын үй-бүлөлөрүн, канаттууларды, коёндорду, жүндү, данды, өсүмдүк булаларын;
9) коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - ок атуучу сайлуу куралды (аңчылыктан тышкары) жана жардыргыч заттарды;
10) калктын социалдык аялуу катмары жашаган балдар үйлөрүнө, карылар үйлөрүнө жана башка мекемелерге - ушул пункттун башка пунктчаларында көрсөтүлгөндөрдү кошпогондо, күнүмдүк тиричиликте колдонууга жарактуу товарларды жана буюмдарды;
11) улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - ушул пункттун 1-пунктчасында көрсөтүлгөндү кошпогондо, жогорку технологиялык уникалдуу жабдууларды. Мындай жабдууну андан ары пайдалануу, сатуу же жок кылуу мүмкүндүгү жөнүндө чечим бул орган тарабынан кабыл алынууга тийиш;
12) этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органга - этил спиртин, курамында спирт камтылган, алкоголдук продукцияны, тамеки буюмдарын. Көрсөтүлгөн продукцияны сатуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт;
13) экинчи жолку чийки заттарды чогултуу, кайра иштетүү жана сатуу менен алектенген тиешелүү мамлекеттик уюмдарга - пайдаланууга же сатууга мүмкүн болбогон предметтерди, анын ичинде макулатураны жана экинчи жолку чийки заттын башка түрлөрүн, сим-карталардын калдыктарын, уюлдук телефондорду ж.б., кара жана түстүү металлдардан жасалган предметтерди, ошондой эле бул металлдардын сыныктарын. Көрсөтүлгөн чийки затты сатуу мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Ушул пункттун 2, 11, 12, 13-пунктчаларында көрсөтүлгөн органдарды кошпогондо, мүлк ыйгарым укуктуу органдарга сатуу укугусуз берилет.
17. Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу органдын чечими менен тигил же бул мүлк башка мамлекеттик органдарга, ишканаларга жана мекемелерге өткөрүп берилиши мүмкүн.
4-глава. Мүлктү жок кылуу жана эсептен чыгаруу
18. Эгерде мүлктү конфискациялоо же мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү жөнүндө соттун өкүмүндө же чечиминде көрсөтүлгөн конфискацияланган мүлк кабыл алуу-өткөрүп берүү учуруна карата иш жүзүндөгү маалыматтарга шайкеш келбесе, сот аткаруучу түшүндүрүү үчүн актыны кабыл алган сотко, башка органга же кызмат адамына кайрылууга укуктуу.
19. Сот актысына ылайык жок кылынууга тийиш болгон мүлк ушул Жобонун 16-пунктуна ылайык анын компетенциясына ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан жок кылынат.
Мүлктү жок кылуу ыкмалары мүлктүн түрүнө жана категорияларына жараша ыйгарым укуктуу органдын чечими менен Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Ок атуучу куралды, ок-дарыларды жок кылуу (утилдештирүү) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 19-августундагы № 591 "Мамлекеттик аскерлештирилген уюмдардын, укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтардын ыкчам башкаруусунда турган ок атуучу куралдардын жана кадимки ок-дарылардын запастарын башкаруу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомунда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Тамак-аш продукцияларын жана тамак-аш чийки заттарын кошпогондо, продукция жана товарлар колдонууга жана сатууга жараксыз деп таанылган учурда, аларды жок кылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 9-июлундагы № 407 "Сатууга жараксыз деп таанылган продукцияларды (товарларды) жок кылуу (кайра иштетүү) тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
20. Эгерде мүлктү жок кылуу үчүн аныкталган чөйрөдөгү атайын билимдер зарыл болгон учурда ыйгарым укуктуу орган мүлктү жок кылуунун зыяндуу кесепеттерин болтурбоо үчүн жок кылууга бул багытта адистешкен башка мамлекеттик органдарды же юридикалык жактарды тартууга укуктуу.
21. Мүлктү андан ары эсептен чыгаруу белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
5-глава. Мүлктү кайтаруу жана анын наркын төлөө
22. Конфискациялоо, ээси жок же кароосуз калган деп таануу жөнүндө, анын ичинде жаңы же кайрадан ачылган жагдайлар боюнча соттун чечими жокко чыгарылган учурда мүлк же анын наркы кайтарылууга тийиш.
Аларга карата соттун күчүнө кирген өкүмү же чечими (токтом же аныктама) же болбосо тергөөчүнүн же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишти токтотуу жөнүндө токтому болгон адамдардан алынган буюм далилдерин кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, буюм далили тиешелүү түрдө кабарланган күндөн тартып үч жылдын ичинде ушул Жобонун 23-пунктунда каралган тартипте жана мөөнөттө ээлерине же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө натуралай түрдө кайтарылууга тийиш.
Мүлктү, предметтерди жана баалуулуктарды натуралай кайтарып берүү мүмкүн болбогон учурларда, анын ичинде мүлк сатылганда же кайра иштетүүгө берилгенде, алардын наркы ушул Жобонун 24-пунктунда каралган тартипте жана мөөнөттө акчалай эквивалентте төлөнөт.
23. Мүлктү кайтаруу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдын жана мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын катышуусунда мүлк кайтарылат. Арызга тиешелүү сот же мамлекеттик орган тарабынан бул мүлк мамлекеттин менчигине келип түшкөн чечимдин жокко чыгарылгандыгын ырастаган документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (же бул документтен белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмө) тиркелет.
24. Эгерде арыз берилген учурга карата мүлк сатылып кеткен учурда ушул Жобонун 16-пунктунун 2, 11, 12, 13-пунктчаларында көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар, мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган беш күндүк мөөнөттө мүлктүн наркын кайтарууга корутундуну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү аймактык башкармалыгына жиберет (бул жөнүндө арыз ээсине маалымдалат), ал корутундуну алган күндөн тартып он күндүк мөөнөттө мүлктү сатуу же кайра иштетүү боюнча чыгымдарды чыгаруу менен, сатуудан жана кайра иштетүүдөн алынган суммада мүлктүн наркын төлөөгө милдеттүү.