Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 25-декабры № 792
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин ишкердик иш чөйрөсүндөгү айрым
чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119, 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомунун редакциясына ылайык)
Жөнгө салуучу таасирин талдоону даярдоо жол-жобосун жөнөкөйлөтүү, ишкердик иш чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 10-августундагы № 444 "Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) төмөнкүдөй мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21. Жөнгө салуучу таасирин талдоо жүргүзүүнүн маалыматтарынын аныктыгы үчүн жеке жоопкерчилик иштеп чыгуучу органдын жетекчилерине жүктөлөт деп белгиленсин.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасында:
- төмөнкүдөй мазмундагы 121-пункт менен толукталсын:
"121. Жумушчу топтун мүчөлөрү ЖТТны жүргүзүүдө негиздүүлүк, объективдүүлүк, ачыктык, ырааттуулук, өз ара байланыш жана айкындык принциптерин жетекчиликке алат.";
- 15-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
"151. Ачык консультациялар жыйналыштарга, кеңешмелерге, жумушчу жолугушууларга, семинарларга, тренингдерге жана башкаларга бөлүнөт.";
- 33-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5-глава күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган Методиканын 3-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган Методиканын 4-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 259 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 94 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын бизнести өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планында:
- 1.1.1, 1.1.7, 1.1.15, 1.1.18, 1.1.23, 1.1.28, 1.1.30, 1.2.2, 1.2.4, 2.8, 2.10, 2.15, 6.1.3, 6.2.1, 6.2.3-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.6, 4.5, 4.6, 5.4, 5.5, 5.6, 5.9, 6.3.1, 6.3.4, 6.4.2-пункттарда "2023-жылдын 30-декабры" деген сөздөр "2025-жылдын 30-декабры" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6.3.1 -пунктта "ФМ, ТКМ" деген сөздөр "ЭКМ, ФМ, ТКМ" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 31-декабрындагы № 101 (3656) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| 1-тиркеме |
| “Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына |
Форма Аналитикалык кат ______________________________________________________ (иштеп чыккан органдын аталышы) | |
|
БЕКИТЕМ __________________________________ (кызмат орду) __________________________________ (колу) 20___-жылдын "___" _____________
|
Жөнгө салуучу таасирин талдоо (ЖТТ) ______________________________________________________ (ЧУА долбоорунун аталышы)
Иштеп чыгуу үчүн негиздер: ____________________________________________________________________________ (документтин аталышы 20___-жылдын "___" _____________ № __________________________________________
ЖТТ жүргүзүү мөөнөттөрү: _____________________________________________________ (башталышы) (аякташы) Жумушчу топтун жетекчиси: _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жумушчу топтун мүчөлөрү: _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, иштеген жери, кызмат орду, колу)
Жооптуу адамдын байланыш маалыматтары: _______________________________________________________________________________ (аты-жөнү, тел., e-mail, кызмат орду, колу)
1-глава. Көйгөйлөр жана жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер
1. Көйгөйдүн сыпаттамасы
Тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү колдонуу менен чечүүнү талап кылган ар бир көйгөйдүн так жана негиздүү сыпаттамасын иштеп чыгуу жана берүү. Мамилелердин ушул чөйрөсүндөгү колдонуудагы жөнгө салуу жана алар үчүн көйгөйлөрдүн мааниси боюнча кызыкдар болгон жактардын пикирлерин кыскача талдоонун натыйжаларын көрсөтүү.
2. Көйгөйдүн масштабы
Көйгөйлөрдүн масштабы жөнүндө, зарыл болсо, ар кандай өлчөмдөрдө (экономикалык, социалдык, аймактык жана башка) маалымат берүү.
3. Жөнгө салууну өзгөртүү үчүн негиздер, көйгөйдү чечүүнүн актуалдуулугу
Колдонуудагы жөнгө салууну сактап калууда болжолдонгон кесепеттерди баяндоо. Азыркы учурда көйгөйлөрдү чечүүнүн зарылдыгын негиздеген негизги аргументтерди келтирүү, анын ичинде экономикалык жана укуктук негиздерди, ошондой эле аларды чечүүнүн актуалдуулугу. Мамлекеттик орган/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен көйгөйлөрдү чечүү үчүн экономикалык жана укуктук негиздерди келтирүү.
4. Эл аралык тажрыйба
Ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүнүн эл аралык тажрыйбасын сыпаттоо.
2-глава. Сунушталган жөнгө салуунун сыпаттамасы
5. Мамлекеттик жөнгө салуунун максаты
Мамлекеттик жөнгө салуунун максатынын конкреттүү туюндурмасын берүү. Максатка жетүү прогрессин баалоо үчүн колдонула турган максаттуу мааниси бар сандык жана сапаттык индикаторлорду көрсөтүү.
6. Сунушталган жөнгө салуу
Көйгөйдү чечүүнүн жана максатка жетүүнүн каралган чараларынын (механизминин) маңызын сыпаттоо жана жөнгө салуунун негизги ченемдери.
7. Жөнгө салуунун мүмкүн болгон социалдык жана экономикалык кесепеттерин баалоо
1. Датага карата күтүлгөн натыйжалуулук (жөнгө салуу максатына жетүү деңгээли). 2. Экономикага, социалдык секторго жана экологияга карата күтүлгөн таасир: 1) экономикага тийгизген таасири: оң жана терс; 2) социалдык чөйрөгө тийгизген таасири: оң жана терс; 3) экологияга тийгизген таасири: оң жана терс. Сунуш кылынган жөнгө салуу колдонулган учурда күтүлүүчү оң жана терс кесепеттерге баа берүүнү баяндоо жана негиздөө. 3. Жөнгө салуу адресаттарынын-кызыкдар тараптардын негизги топторуна күтүлгөн таасир: 1) мамлекеттик органдарга (мамлекеттик органдар боюнча бөлүү менен): оң жана терс; 2) ишкерлерге (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс; 3) калкка (тандалган критерий боюнча бөлүү менен): оң жана терс. Сунушталган жөнгө салуунун таасирине туш болгон кызыкдар тараптарды тизмелеңиз. Кызыкдар болгон тараптардын ишкердик субъекттердин жана бизнес-ассоциациялардын, мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын жана алардын бирикмелеринин сунушталган жөнгө салууга карата оң жана терс мамилесин (пикирин) чагылдырган маалыматты ар бир конкреттүү учур үчүн зарыл болгон деталдаштыруу менен берүү.
8. Чыгымдарды жана пайданы баалоо
1. Ишкердик субъекттеринин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар _______________________________________________________ (сом); пайда __________________________________________________________ (сом). 2. Мамлекеттик бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын баалоо: чыгымдар _______________________________________________________ (сом); пайда __________________________________________________________ (сом). Күтүлгөн экономикалык кесепеттердин негизги тыянагын баяндоо.
9. Ишке ашыруу тобокелдиктерин баалоо
Жөнгө салууну ишке ашыруу учурунда келип чыгышы мүмкүн болгон жөнгө салуу максатына жетүү үчүн негизги тобокелдиктерди сыпаттоо: 1-тобокелдиктин аталышы: - тобокелдикти баалоо; - сунушталган жеңилдетүү чаралары; 2-тобокелдиктин аталышы: - тобокелдикти баалоо; - сунушталган жеңилдетүү чаралары.
10. Атаандаштыкка таасирди баалоо
Сунушталган жөнгө салуунун бул вариант үчүн атаандаштыкка тийгизген таасирин баалоонун негизги тыянактарын баяндоо.
11. Сунушталган жөнгө салууну тандоо негиздемеси
Сунушталган жөнгө салууну колдоого негизги аргументтерди келтирүү.
12. Тиркеме
Аналитикалык катка төмөнкүлөр тиркелет: - сунушталган жөнгө салуу үчүн күтүлгөн экономикалык кесепеттерди толук баалоо (зарыл болгон учурда); - жүргүзүлгөн жөнгө салуучу таасирди талдоонун тыянактарын жана сунуштамаларын иллюстрациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтык-маалымдама материалдар, башка маалымат (жумушчу топтун ыктыяры боюнча); - жумушчу топтун айрым мүчөлөрүнүн өзгөчө пикирлери (болсо); - ЖТТ методикасынын 1-тиркемесине ылайык форма боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу жөнүндө кабарлама; - ЖТТ методикасынын 2-тиркемесине ылайык форма боюнча сунуштардын жана жооптордун (болсо) реестри; - ЖТТ методикасынын 4-тиркемесине ылайык форма боюнча ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө отчет; - ЖТТ боюнча жумушчу топ жөнүндө буйрук; - бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнөн ЖТТны жүргүзүүгө катышуу үчүн алардын жиберилгендигин ырастаган кат. Бардык аналитикалык каттын сунушталган көлөмү тиркемелерди эске албаганда негизги тексттин 15 барагынан ашпайт.”.
| |
| 2-тиркеме |
| “Ишкердик субъекттеринин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоо методикасына |
Форма ЖТТ жүргүзүүдө ачык консультацияларды өткөрүү жөнүндө отчет _______________________________________________ (иштеп чыгуучу органдын аталышы)
Ченемдик укуктук актынын долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирин талдоону жүргүзүүдө ачык консультациялар өткөрүлдү _______________________________________________________________ (ченемдик укуктук актынын долбоорунун аталышы)
1. Кабарлоо боюнча консультациялар 1.1. Ачык консультацияларды өткөрүүнүн мөөнөтү: - консультациялар башталган дата (кабарлоону расмий сайтка жайгаштыруу датасы) 20___-жылдын "___" _____________; - консультациялар аяктаган дата 20___-жылдын "___" _____________;
1.2. Өткөрүлгөн ачык консультациялар:
(*) тегерек стол, конференция, жумушчу жолугушуу ж.б. 1.3. Ачык консультациялардын катышуучуларынын тизмеси: ________________________________________________________ (катышуучулар)
2. Ченемдик укуктук актынын долбоору жана аналитикалык кат боюнча консультациялар
Ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоону жүргүзүү мөөнөтү: - коомдук талкуу башталган дата (ченемдик укуктук актыны расмий сайтка жайгаштыруу датасы) 20___-жылдын "___" _____________; - аяктаган дата 20___-жылдын "___" _____________; - сайтка Сын-пикирлердин жана жооптордун реестрин жайгаштыруу датасы 20___-жылдын "___" _____________.
3. Ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоодо ачык консультациялардагы сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө маалыматтар:
Жумушчу топтун жетекчисинин колу: ________________________ ”.
|