Кыргыз Республикасынын Президентинин
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 10-марты ПЖ № 83
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын
натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу
боюнча кошумча чаралар жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Коомдун кызыкчылыктарына кызмат кылууга багытталган мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын калыптандыруу, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы Nº 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы Nº 146 "Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын юстиция министри Баетов Аяз Батыркулович айкалыштырып иштөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директоруна Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө менен 2025-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын статусу берилсин.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигине жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |