Загрузка документа…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Cамаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 19-февралы № 40
Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарынын калкын сугат суу менен камсыздоо максатында тик кудуктарды казууга макулдук берүү жөнундө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 2-Главасынын 27-беренесинин 1-пунктунун 1-пунктчасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Полотовдун билдирүүсүн угуп, талкуулап чыгып Самаркандек айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн айылдарынын калкын сугат суу менен камсыздоо максатында :
- Самаркандек айылынын Чек участкасында калктуу пункттар жайгашкан жерден №382 контурдан 0,05 га жер тилкесине;
- Самаркандек айылынын Орто-Сай участкасында калктуу пункттар жайгашкан жерден №156 контурдан 0,05 га жер тилкесине тик кудук казууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлгө алуу жагы Самаркандек айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.
Тѳрага: | Ш.Б.Гапаров |