Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 25
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин (мурдагы Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Кара-Булак айылдык кеңешинин) Бужум айылынын жаштарына турак жай куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндөгү 2024-жылдын 13-сентябрындагы №84 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 31-январындагы №58 сандуу катынын жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Баткен филиалынын аныктамасынын, Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Бужум айылынын элдерине жеке менчик турак жай куруу үчүн жер аянтын берүү максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан №324-контурундагы 21,7га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,20га жер аянты суу астындагы жерлер (кургак сай),0,10га жер аянты жол, мал жолдору, №906-контурундагы 37,35га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,05га жер аянты жол, мал жолдору 0,10га жер аянтты суу астындагы жерлер (кургак сай), №903-контурундагы 0,50га жер аянты таштуу жайыт жер, №902-контурундагы 12,9га жер аянты таштуу жайыт жер 0,30га жер аянты жол, мал жолдору, №896-контурундагы 40,5га жер аянты таштуу жайыт жер, 0,30га жер аянты жол, мал жолдору, №897-контурундагы 6,0га жер аянты таштуу жайыт жер жалпы 120га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Шакиров |