Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 26
Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Суу-Башы айыл аймагынын элдерине жеке менчик турак жай куруу үчүн берилүүчү жер өлчөмүн бекитүү” жөнүндөгү 2025-жылдын 14-январындагы №15 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 30-январындагы №54 сандуу катынын негизинде, Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагынын элдердин мыйзамсыз турак жайларын мыйзамдаштырууда жана жеке менчик турак жай куруу үчүн ар бир атуулга 0,12га өлчөмүндө бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер,айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Шакиров |