Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 27
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусунун жана Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын тургуну С.Абдилатовдун 2025-жылдын 30-январындагы жазган катынын негизинде, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү ишканаларын куруу максатында Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан №1007-контурундагы 0,50га, №997-контурундагы 0,50га жалпы 1,0га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын ичиндеги “Жайыт” түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Шакиров |