Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 28
Суу-Башы айыл аймагынан жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-июлундагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)жөнүндөгү” №145-Мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-январындагы №34 сандуу катынын жана Суу-Башы айылдык кеңешинин жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 6-февралындагы отурумунун корутундусунун негизинде,Тамдык-Кишемиш авто жолун куруу максатында, Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер ресурстары жана муниципалдык менчик боюнча адисин угуп, талкуулап Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан №6-контурундагы 0,91га жер аянты жол, №13-контурундагы 0,40га жер аянты токой астындагы жер, №20-контрундагы 0,83га жер аянты токой астындагы жер, №21 контурундагы 0,37га жер аянты токой астындагы жер, №22 контурундагы 0,63га жер аянты таштуу жайыт жер, №23-контурундагы 2,01га жер аянты токой астындагы жер, №52-контурундагы 0,40га жер аянты токой астындагы жер, №53-контурундагы 2,0га жер аянты токой астындагы жер, №55-контурундагы 0,40га жер аянты таштуу жайыт жер, №59-контурундагы 0,10га жер аянты таштуу жайыт жер, №60-контурундагы 1,0га жер аянты токой астындагы жер, №62-контурундагы 0,05га жер аянты таштуу жайыт жер, №63-контурундагы 0,05га жер аянты токой астындагы жер, №65-контурундагы 0,40га жер аянты таштуу жайыт жер, №67-контурундагы 0,39га жер аянты токойлуу жайыт жер, №68-контурундагы 0,20га жер аянты токой астындагы жер, №74-контурундагы 1,41га жер аянты токой астындагы жер,жалпы 11,55га жер аянттарын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (транформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде керектүү болгон иш кагаздарын даярдап берүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы жер, айыл чарба жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | К. Шакиров |