Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 7-марты № 51
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-берененин 1-бөлүгүндө:
а) экинчи абзац "эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон" деген сөздөрдөн кийин ", түздөн-түз колдонулуучу" деген сөздөр менен толукталсын;
б) жетинчи абзац "Конституцияда" деген сөздөн кийин мыйзамдарда" деген сөз менен толукталсын;
в) сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому - кыйла жогорку юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан кабыл алынуучу, ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген ченемдик укуктук акт;";
г) он биринчи абзацта "жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болуучу" деген сөздөр ", тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон жана ушул Мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 5-беренеде:
а) төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинети;";
б) расмий тилдеги алтынчы абзацта "избирательная" деген сөз алып салынсын;
3) 6-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- сегизинчи абзацта "Өкмөттүн" деген сөз "Министрлер Кабинетинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- онунчу абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Министрлер Кабинетинин ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын берүү актыларына ылайык, ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга (чыгарууга) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актылары;";
б) 3-бөлүктө ", ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо" деген сөздөр алып салынсын;
в) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 10-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 18-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-берене. Мыйзам чыгаруу иш-аракетин пландаштыруунун өзгөчөлүктөрү
1. Министрлер Кабинети жыл сайын мыйзам долбоорлоо иштеринин планын иштеп чыгат жана бекитет.
2. Мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууда Президент жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жалпы мамлекеттик жана улуттук программалар, стратегиялар, концепциялар, Президенттин кайрылуулары жана билдирүүлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, мамлекеттик органдардын, Элдик Курултайдын, илимий мекемелердин, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн сунуштары, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарга жүргүзүлгөн мониторингдин жана баа берүүнүн натыйжалары эске алынат.
3. Ченемдик укуктук актылар мыйзам долбоорлоо иштеринин планынан тышкары даярдалышы мүмкүн.";
6) 19-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул бөлүктүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ишкердик иш-аракетти жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш.
Жөнгө салуучу таасирди талдоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлбөйт:
ал жеткис жагдайлардын шарттарында ишкердик иш-аракетти жөнгө салууда;
колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган убактылуу ченемдик укуктук актыларды даярдоодо.";
7) 20-берененин 5-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
8) 21-беренеде "Өкмөткө" деген сөз "Министрлер Кабинетине" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 22 жана 23-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"22-берене. Коомдук талкуулоону уюштуруу
1. Жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарына, эркиндиктерине, милдеттерине түздөн-түз тиешеси бар, коомдук мамилелерди жаңыдан жөнгө салууну киргизген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик иш-аракетти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоодон өтүүгө тийиш.
Коомдук талкуулоо Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына (мындан ары - Бирдиктүү портал) долбоорду, ага карата маалымкат-негиздемени жана салыштырма таблицаны (ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөр же жаңы редакция киргизилген учурда) жайгаштыруу аркылуу жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого коюлат. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген ченемдик укуктук актылардын долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн Бирдиктүү порталга кошумча жайгаштырылышы мүмкүн.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечими боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлору коомдук талкуулоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан аныкталган көрүнүктүү болгон атайын жерлерде жана булактарда жайгаштырылышы мүмкүн.
Келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар ченемдик укуктук актынын долбоорун коомдук талкуулоо үчүн жайгаштырган субъект тарабынан милдеттүү түрдө каралууга тийиш. Ченемдик укуктук актынын долбооруна аларды киргизүүнүн же киргизбөөнүн себептерин негиздөө менен келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар жөнүндө жыйынтыктоочу маалымат ченемдик укуктук актынын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде чагылдырылат.
Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Бирдиктүү порталга жайгаштыруу жана коомдук талкуулоо жол-жобосунан өткөрүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн талаптары төмөнкүдөй ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна жайылтылбайт:
Конституциялык соттун чечиминен келип чыгуучу;
редакциялык-техникалык мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган;
коргонууну жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик сырларды сактоо, аскердик-техникалык кызматташтык жаатындагы коомдук мамилелерди жөнгө салуучу;
убактылуу мүнөзгө ээ, колдонуу мөөнөтү бир жылдан аз болгон, баалардын туруктуулугуна жетишүүгө жана аны колдоого, акча-кредит саясатын ишке ашырууга, банк жана төлөм системаларынын натыйжалуулугун, коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылууга багытталган;
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган, аларды кезексиз тартипте кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын демилгеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилүүчү;
ал жеткис жагдайлардын шарттарында жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын жөнгө салууга багытталган.
3. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдарды каржылоо ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдоону жүзөгө ашырган субъекттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
23-берене. Коомдук талкуулоонун мөөнөтү
1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо мөөнөтү он беш календардык күндөн кем эмес убакытты түзөт.
2. Коомдук талкуулоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча иш-чаралар уюштурулган учурда, коомдук талкуулоонун мөөнөтү он календардык күнгө чейин кыскартылышы мүмкүн.
3. Коомдук талкуулоонун мөөнөтүн эсептөө ченемдик укуктук актынын долбоору жарыяланган күндөн кийинки күндөн тартып башталат.";
10) 25-берене төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"жөнгө салуучу таасирди талдоо жүргүзүлүүгө тийиш болгон учурда, анын натыйжалары жөнүндө маалымат.";
11) 27-берененин 2-бөлүгүндө:
а) экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"конституциялык мыйзамдарды, кодекстерди, мыйзамдарды, Президенттин жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин токтомдорун - Президенттин Администрациясы;";
б) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"берилген ченем жаратуучу ыйгарым укуктардын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды - ченем жаратуучу ыйгарым укуктар берилген мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары.";
12) 28-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
13) 29-берененин 2-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
14) 30-берененин 3-бөлүгүнүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
15) төмөнкүдөй мазмундагы 311-берене менен толукталсын:
"311-берене. Жаңы коомдук мамилелерди убактылуу укуктук жөнгө салуу
1. Жаңы коомдук мамилелердин иштешин апробациялоо максатында Президент бир жылга чейинки мөөнөткө коомдук мамилелерди убактылуу жөнгө салууну киргизүүгө укуктуу.
2. Убактылуу укуктук жөнгө салуу оң жагынан ишке ашырылганда ченем жаратуучу субъекттер тарабынан тиешелүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынышы мүмкүн. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоонун жана аларды жылдыруунун тартиби ушул Мыйзамга ылайык жүзөгө ашырылат.";
16) 331-берененин 4-бөлүгүндө "Өкмөт" деген сөз "ченемдик укуктук актыны кабыл алган (чыгарган) ченем жаратуучу орган (кызмат адамы)" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 11-мартындагы № 18 (3674) жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына үч айлык мөөнөттөн кечиктирбестен өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрүү сунушталсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 6-февралында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |