Сравнение редакций…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Суу-Башы айылдык Кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 34
Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси 2018-жылдын 10-августундагы №90 Мыйзамынын 24-главасынын 73-74-75-беренесин жана Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 7-февралындагы №024/25/03-6/91 сандуу чыгыш катынын негизинде талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
-юридикалык тараптар үчүн-100 сом
-ар бир кожолукка - 10 сом
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | К. Шакиров |
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Суу-Башы айылдык кенештин VIII чакырылышынын V сессиясы
2025-жылдын 24-февралы № 34
Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымынын мөөнөтүн жана ченемин бекитүү жөнүндө
(Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодекси 2018-жылдын 10-августундагы №90 Мыйзамынын 24-главасынын 73-74-75-беренесин жана Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2025-жылдын 7-февралындагы №024/25/03-6/91 сандуу чыгыш катынын негизинде талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн 2025-жылга жыйымдарынын ченеми төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- мекеме ишканалар үчүн ар бир кызматкерлерге 100сом болуп бекитилсин.
- калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды эсептөө, тапшыруу мөөнөтү 2025-жылдын 1-майына чейин деп белгиленсин.
-калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу боюнча жыйымдарды төлөө мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябрына чейин деп белгиленсин.
(Суу-Башы айылдык кенешинин 2025-жылдын 26-мартындагы №50 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Суу-Башы айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдарын бюджетке чегерүүнү,жыйноо жана төлөөгө көзөмөл жүргүзүү жагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Макановго милдентендирилсин.
3. Токтом каттодон өткөрүлүп, suu-bashy.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономикалык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакиров |