Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 28-февралы ПЖ № 72
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын
токтотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:
1. Жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарынын беш жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Акыев Каныбек Арзыбековичтин Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктары 2025-жылдын 6-февралынан тартып токтотулду деп эсептелсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |