Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №16
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы жерлердин бир түрүнөн башка категорияга которуу жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясына сунушталган, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлу №145 Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө мыйзамына негиз, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылындагы “Баяман баатыр” базарынын түшүк тарабынан 2,35 га жер аянтын “жайыт” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка жерлери” категориясына трансформациялоо (которуу) үчүн макулдук берилсин.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Г.Матажиев |