Загрузка документа…
ИСХАК-ПОЛОТХАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-февралы №17
Исхак-Полотхан айыл аймагындагы “Кыргыз почтасынын” имаратын курууга 0,05 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө.
Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин сегизинчи чакырылыш кезектеги төртүнчү сессиясына сунушталган, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңешинин айыл чарба, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап чыгып, Исхак-Полотхан айыл аймагынын айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Исхак-Полотхан айыл аймагындагы почтанын имаратын курууга, Исхак-Полотхан айыл аймагындагы Жеңиш айылындагы айыл өкмөттүн муниципалдык менчигиндеги жер аянтынан 0,05 га жер аянты ажыратып берилсин.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарууга алуу жагы, Исхак-Полотхан айыл өкмөтүнүн башчысы А. Мамасалиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Г.Матажиев |