Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-февралы № 92
2024-жылдын 13-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорго киргизилген автомобиль жолдору боюнча жүрүүдө транспорт каражаттарынын жол берилген массалары, октук жүктөмдөрү жана габариттери жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу
Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2024-жылдын 13-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин евразиялык транспорттук коридорлорго киргизилген автомобиль жолдору боюнча жүрүүдө транспорт каражаттарынын жол берилген массалары, октук жүктөмдөрү жана габариттери жөнүндө расмий тилде тиркелген макулдашуу бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык комиссиясына аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 4-мартындагы № 16 (3672) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |